Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Кел-Сууга кирүү эрежелери катаалдады


Көл-Сууга кирип барган автоунаа. Сүрөт соцтармактан алынды.
Көл-Сууга кирип барган автоунаа. Сүрөт соцтармактан алынды.

Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Кел-Суунун экологиясын сактоо максатында көлдүн аймагына кирүү эрежелери катаалдады. Мындай чара соцтармактарда аталган көлгө айрым адамдар жолтандабастар менен кирип барышканы, айрымдары унаасын муз тоңгон көлдүн ортосуна чейин айдап барып, аны жарыялап, мактанып жатышканына нааразылык жарыялангандан кийин көрүлүүдө.

16-январда Нарындын Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы атайын түзгөн комиссия Кел-Суу көлүнүн абалын текшерди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдап, комиссия өрөөндүн Көк-Кыя тилкесинде иштеп жаткан "Медер Ютком" мейманкана ээси менен сүйлөшкөнүн кабарлады. Ишкерге өрт коопсуздугу, экологиялык техникалык эрежелер, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, көлдү таза кармоо зарылдыгын түшүндүрүшкөн.

Комиссия мүчөлөрү Кел-Суу көлүнө унаанын кирүүсүнө жана муз бетинде унаа айдоого тыюу салууну, аны толук көзөмөлгө алууну чечишти.

ӨКМ, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жергиликтүү бийлик менен чогуу Кел-Суунун айланасын, экологиясын коргоого такай көзөмөл кылат. Ага ылайык, көлгө уруксат документтери жана атайын туроператорлордун коштоосу жок өз алдынча барууга жол берилбейт. Эреже бузгандар, автоунаа менен көлдүн аймагына кирүүгө аракет кылгандар жазага тартылат.

Текшерүү учурунда көлдөгү муздун үстүнө күйүүчү май тамбаганы, резина калдыктары калбаганы, экология жана айлана-чөйрө жабыркабаганы аныкталган.

Кел-Суу көлүнө келген туристтер жолтандабастарын муз тоңгон көлдүн ортосуна чейин айдап барышканын соцтармактарга жарыялашкан. Бул жергиликтүү элдин, жаратылыш коргоочулардын сынына кабылган.

Экологдор бул жосунсуз жорук көлдүн жаратылышына терс таасирин тийгизерин белгилешкен.

Кел-Суу көлү деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Көл 1980-жылы жүргөн жер көчкүдөн кийин пайда болуп, эриген мөңгүлөрдүн суусуна толгон. Көлдүн узундугу 9 чакырым, туурасы 500 метрден 2000 метрге чейин жетет. Тереңдиги 5-10 метрди түзөт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG