Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Санкциялар Кыргызстандын мунай рыногуна кандай таасир этет?


“Газпром нефть Азия” ишканасынын кеңсеси.
“Газпром нефть Азия” ишканасынын кеңсеси.

АКШ Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай-Мырза” компанияларына санкция салды. Алар Орусиянын “Газпром” компаниясынын Кыргызстандагы туунду ишканалары. Мунай рыногу жалгыз Орусияга байланган Кыргызстандын экономикасына таасир кандай болот?

АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялары “Газпромнефть” жана “Сургутнефтегаз” компанияларына, 180ден ашуун мунай ташыган кемеге жана ондогон мунай ишканасына, камсыздоо компанияларына жана энергетика жаатындагы орус аткаминерлерине багытталган. Расмий жарыяланган маалыматта бул чаралар орус мунайын сатуунун тобокелдигин бир кыйла күчөтөрү жазылган. Вашингтондун санкциялык чечимине Улуу Британия да кошулган.

“Кошмо Штаттар Орусиянын Украинага каршы катаал жана мыйзамсыз согушун каржылаганы үчүн анын маанилүү киреше булактарына каршы чечкиндүү аракеттерди көрүп жатат. Бул аракеттер согуш башталгандан берки Кремлдин энергетикалык кирешелерин талкалоого алган багытыбызды өнүктүрөт жана күчөтөт. Бүгүнкү иштерибиз менен биз орус мунайын сатууга, анын ичинен деңиздеги ташууларга жана орус мунайынын экспортун каржылык колдоого байланыштуу санкциялык тобокелдиктерди күчөтөбүз”, - деп билдирди АКШнын каржы министри Жанет Йеллен.

АКШ бийлиги Орусияга киреше алып келип жаткан үчүнчү өлкөлөрдөгү мунай компанияларын да бөгөттөөгө киришкенин билдирген. Санкциянын талаптарына ылайык, “кара тизмеге” кирген компаниялардын чет элдик банктардагы корреспонденттик эсептерине, эл аралык рыноктогу соода алакасына жана дагы көптөгөн иш-аракеттерине бөгөт коюлат.

Санкцияга илинген үчүнчү өлкөлөрдөгү мунай ишканаларынын ичинде Кыргызстандагы “Газпромнефть Азия” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Мунай-Мырза” жабык акционердик коому да бар. Эки компания тең Орусиядагы “Газпром” ачык акционердик коомуна таандык, Бишкекте бир даректе жайгашкан.

“Мунай-Мырза” компаниясынын директору Айнура Абдукаримова аларга киргизилген санкциялык чараларга байланыштуу расмий комментарийди маалымат кызматы гана бере аларын, бирок ал да Орусиядагы башкы кеңсе менен макулдашкандан кийин берилерин билдирди. Учурда жаралган маселени кыргыз бийлиги менен талкуулап жатышканын кошумчалады:

“Комментарий беребиз, бирок маалымат кызматы расмий берет го. Мен мындай бере албайм. Бизде андай маалыматты пресс-кызмат гана бере алат. Азыр пресс-кызмат пресс-релиз даярдап жатат, ошону берет. Бизде дагы “энелик” компания бар да. Питердик кеңсе жумушка эми гана чыгып жатат. Алар менен консультация кылып, көргөзүп, макулдашуу менен болот. Азыр мен кеңседе эмесмин. Бүгүн дагы жолугушуулар көп ушул суроо боюнча. Азыр Улуттук банк, Администрация чакырып жатышат, алар менен дагы жүрөбүз”.

Кыргыз бийлиги салынган санкциялар жана мунай рыногун тобокелдиктерден коргоо тууралуу кандайдыр бир билдирүүлөр менен чыга элек.

“Газпромдун” Кыргызстанда кулачы кенен

Орусиядагы “Газпром” компаниясынын сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстанда ага аффилирленген бир нече ишкана бар. “Газпром Кыргызстан” өлкө аймагында газ жеткирүү, бөлүштүрүү, сатуу жана газ тутумун кеңейтүү менен алектенет. “Газпромнефть Азия” ишканасы мотор майларын дүң жана чекене сатат. Ал эми “Аэро Кыргызстан” авиаотун жеткирүүгө адистешкен.

“Газпромнефть Азия” компаниясын башынан эле мурунку финансы министри Болот Абилдаев жетектейт. Муну менен катар “Газпромнефть Азияга” аталышы окшош 2021-жылы түзүлгөн “Газпромнефть Азия Операциялык компания” деп аталган ишкана дагы бар. Учурда алардын Кыргызстан боюнча 40тай мунай бекети иштейт.

“Мунай-Мырза” жабык акционердик коому да “Газпром” холдингине караштуу компаниялардан. Аны башында 1998-жылы ишкер жана саясатчы, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов түзгөн. Кийин орусиялык олигарх Муса Бажаевдин “Альянс” мунай компаниясына саткан. 2006-жылы ишкана дагы сатылып, “Газпромнефть” компаниясынын колуна өткөн.

“Мунай-Мырза” 2002-жылы “Альянс-Ойл Азия” туунду компаниясын түзгөн. Ал дагы азыр “Газпромго” аффилирленген ишкана.

Бул компаниялардын баары тең Бишкектеги бир эле даректе – 8-кичи райондогу №28а үйүндө жайгашкан. Алардын ичинен эң эле күрүлдөп, кирешелүү иштегени “Газпромнефть Азия Операциялык компания”.

Экономист Жолдош Асибалиев салынган санкцияларга карабай аталган компаниялар орус мунайын Кыргызстанга тоскоолдуксуз алып келе берерин айтат:

“Орусия Кыргызстанда сатылган мунай продуктусунун негизги булагы болуп кала берет. Баа көтөрүлүшү мүмкүн. Бул Орусиянын өзүндөгү кымбаттоого байланыштуу болот. А Орусиядан Кыргызстанга келген мунайдын агымын токтотуу такыр мүмкүн эмес. Санкциялар кирген күндө да агым улана берет. Сөз Орусиядан бүт дүйнөгө кеткен ири агымды токтотуу же кыйындатуу жөнүндө жүрүүдө. Кыргызстан Орусиянын мунай продуктусунун ири керектөөчүсү эмес. Бул компаниялар Батыштагы же АКШдагы компаниялардан кандайдыр бир жабдыктарды сатып алышына экономикалык санкциялар колдонулушу мүмкүн. Андыктан Кыргызстанга таасири көп деле сезилерлик болбойт”.

Эксперттин сөзүнө маани берсек, АКШнын бул жолку кыргыз компанияларына салган санкциялары мунай рыногуна көп кесепет алып келбейт. Бир жагынан мындай пикирдин жөнү бардай.

Мамлекеттик казынага төккөн төлөмдөрүнө байкоо салсак, “Газпром нефть Азия” ЖЧКсы Кыргызстандагы май куюучу бекеттердин жерлерине ээлик кылат. Ал бекеттерди күйүүчү май менен камсыздоо жана аларды сатуу менен “Газпромнефть Азия Операциялык компания” деген аты уйкаш башка компания алектенет.

“Ачык бюджет” порталындагы маалыматтарга таянсак, “Газпром нефть Азия” 2024-жылы 211 млн сом салык жана башка төлөмдөрдү төккөн болсо, анын ичинен негизинен мунай бекеттеринин жеринин ижара акысы менен жер, мүлк салыктарын эле төлөп келген.

Ал эми “Газпромнефть Азия Операциялык компания” ишканасы 2024-жылы төккөн 1 пайыздык сатуу салыгы 300 млн сомго жеткен. Бул суммадан улам компаниянын бир жылда болжол менен 30 млрд сомдук күйүүчү май сатканын үстүртөн эсептесе болот.

“Мунай-Мырза” жабык акционердик коому менен анын туунду ишканасы болгон “Альянс-Ойл-Азия” жоопкерчилиги чектелген коому дагы мунай продуктусун импорттоо же чекене сатуу менен алектенген эмес. Төккөн төлөмдөрүнүн негизги бөлүгү жер жана мүлк салыгы менен ижара акысынан турат.

Мындан улам “Газпром нефть Азия” менен “Мунай-Мырза” компаниялары мунайды Орусиядан өздөрү түз импорттобогондуктан жана аны Кыргызстанда чекене сатуу менен алектенбегендиктен АКШнын аларга салган санкциялык чаралары кандайдыр бир натыйжа алып келери күмөн. Негизги импортчу жана чекене сатуучу “Газпромнефть Азия Операциялык компания” менен “Газпром Кыргызстан, “Аэро Кыргызстан” ишканалары “кара тизмеге” илинбей, ишмердигин эч тоскоолдуксуз, мурунку тейде уланта берет.

Орусиянын мунай булагынан көз каранды Кыргызстанга кооптуу таасири кандай ?

Америка Кошмо Штаттары менен Евробиримдиктин өлкөлөрү 2022-жылдан бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салган. Алар көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар болчу. Салынган санкциялардан ал компаниялардын ээлери гана зыян тартпаса, калың элге таасири болгон эмес.

Бул жолу мунай рыногунун 90% Орусияга байланыштуу болгон жана санкцияга илинген “Газпром” өңдүү ири холдингден көз карандылыгы күч Кыргызстандын жалпы экономикасында олку-солку абалды жаратпайбы деген кооптонуу айтылып жатат.

Экономикалык серепчи Марат Мүсүралиев Орусия 2022-жылдан бери тегерек-чети менен өз алдынча акча которуу системасын жана логистикалык жолдорун түзүп алууга жетишкендиктен азыркы отун-энергетика тармагына салынган санкциялар Борбор Азия менен соода алакасына кыска мөөнөттө түздөн-түз кесепети тийбейт деп ойлойт. Бирок келечекте мунун таасири Кыргызстан үчүн баары бир катуу тиери анык болгондуктан, Бишкек мунай рыногунда альтернативдүү чечимдерди иштеп чыгышы зарыл экенин айтат:

“Европа 2009-жылдан баштап катарынан 3 энергопакет кабыл алды. Биринчиден, газды, мунайды, башка күйүүчү майды импорттогондо бир мамлекетке эмес, минимум 3-4 мамлекетке бөлгүлө деп талап кылды. Экинчиден, диверсификацияны жеткирүүчү компанияларга эле эмес, мамлекеттерге да жасады. Үчүнчүдөн, жеткирүүчүлөргө Европанын ичинде магистралдык жана тармактык компанияны сатып алганга тыюу салды. Мисалы, “Газпром” газды Германияга жеткирип келсе, ал жерде өзү сата албагандай болгон. Ал эмне кылышы керек эле? “Газпром” Германияда импорттолгон газды кабыл алган жана бөлүштүргөн өз-өзүнчө ишканаларды түзүшү керек болгон. Ошондуктан бизде да мыйзам деңгээлинде ушундай 3 энергопакетти кабыл алыш керек. Эгерде ушундай үч энергопакетти кабыл алсак, анда биз дагы тобокелдиктерибизди чачырата алат элек. Азыр болсо кеминде акыркы 7 жылдан бери “Газпром” жалгыз монополдук, эксклюзивдик жеткирүүчү болуп келет. Андай болбошу керек. Эң кеминде үч жеткирүүчү болушу керек”.

Кыргызстандын мунай затына болгон бир жылдык керектөөсү 1,4 млн тоннага жакын. Өз аймагында күйүүчү май жана газ өндүрүшү дээрлик жокко эсе болгондуктан бул жаатта Орусиядан толук көз каранды. Анын 90% ашууну Орусиядагы мунай заводдорунан импорттолот.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, Кыргызстанга 2024-жылы январь-октябрь айларында импорттолгон 552 миң тонна бензиндин 99%, 832 миң тонна дизель отуну менен авиакеросиндин 76%, ал эми 99 миң тонна суюлтулган газдын 91% Орусиядан келген.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин сайтындагы маалыматка карасак, Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда “Газпромнефть Азия” (“Газпромнефть” мунай бекеттери), “Альфа Ойл” (“Ред Петролеум” мунай бекеттери), “Партнер Нефть” (“Партнер Нефть” мунай бекеттери), “Шнос” (“Бишкек Петролеум” мунай бекеттери) жана “РН Кыргызнефтепродукт” (“Роснефть” мунай бекеттери) компаниялары үстөмдүк кылат. Бул бешөө биригип Кыргызстандын күйүүчү майга керектөсүнүн 90% ашуунун камсыздайт.

Булардын арасында АКШ санкция салган “Газпром нефть Азия” ЖЧКсы менен “Мунай-Мырза” ЖАКы жок, алар 20дан ашуун мунай компанияларынын узун тизмесиндеги ортозаар ишканалардан болуп калат.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга күйүүчү май негизинен Орусиянын Омск, Орск, Ангарск аймактарынан жана Башкырстандын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан келет.

Мунай импортунда жалгыз булак болгондуктан Орусиянын заводдорунда дүң баа өзгөрсө, Кыргызстанда да өзгөрөт, экспортко чектөө киргизилсе, кыргыз рыногунда сөзсүз эл чарбасынын бардык тармактарына туташ тараган каатчылык башталат.

Шерине

XS
SM
MD
LG