Орус армиясынын Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган соккусу төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Днепропетровск облустук администрациясынын жетекчиси Сергей Лысак билдирди. Анын сөзүнө караганда, окуу жайдын имараты жана менчик үй жабыркаган. Үч киши жараат алды.
Жергиликтүү бийликтин алдын-ала маалыматына ылайык, чабуул баллистикалык ракеталар менен жасалган.
Соңку аба соккуну комментарийлеп жатып, Украинанын президенти Владимир Зеленский "Ар бир ушундай террордук сокку Орусия ким экенин дагы бир жолу эске салып турат. Орусия өзү токтобойт. Аны биргелешкен басым менен гана токтотсо болот",-деп Телеграмга жазды.
Президенттин кичи мекени саналган Кривой Рог шаары утур орус армиясынын чабуулуна кабылып келет. Былтыр ноябрь айында беш кабат үйгө тийген баллистикалык ракета бир аялдын жана анын үч баласынын өмүрүн алган.
Орусия Украинанын аймагын күн сайын аткылайт. Орусиянын Коргоо министрлиги бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип келет. Москва көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан, карапайым калкка жасалган чабуулдарды четке кагып же аны украиндердин абадан коргонуу системасына шылтап келет.
Шерине