26-майда Бишкектеги Sofia International Hotel мейманканасында пландалган Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) 35 жылдыгына арналган иш-чара үзгүлтүккө учурап, анын уюштуруучусу Турсунбек Акун жаракат алды. Мейманкананын жетекчилиги окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартса, милиция окуя тергелип жатканын кабарлады.
Мурдараак "Кыргызстан укук коргоо кыймылы" уюштурган мындан башка да бир нече иш-чарасы үзгүлтүккө учураган.
Ызы-чуу менен коштолгон маараке
КДКнын курамынан чыккан "Кыргызстан укук коргоо кыймылынын" жетекчиси Турсунбек Акун белгилегендей, алар аталган мейманкана менен бир ай мурда келишим түзүп, кыймылдын мааракесин ушул жерде белгилемек болушкан. 200дөй киши чогулуп, мейманканага келишкен учурда анын администрациясы адамдарды ичкери киргизбей койгон. Түртүшүү маалында укук коргоочу башынан жана колунан жаракат алган.
“КДК уюму 1990-жылы 26-майда негизделген, бүгүн анын 35 жылдыгын белгилемекпиз. Кыймылдын башында турган Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев өтүп кеткен. Уюмдун азыркы төрагасы менмин. Биз уюштуруу комитетин түзүп, бүгүнкү күнгө өткөрүүгө ушул “София” мейманканасы менен сүйлөшкөнбүз. Келишим түзүп, акчасын төлөгөнбүз. Бул жактын администрациясы мага чукул эле чалып “болбой калды, өткөрө албай калдык” деди. Анан мен мамлекеттик катчыга чалып, эртең менен ал да келди. Ал дагы эшикти ачтыра албай койду. Ага карабай биз экинчи кабаттагы бир бөлмөсүнө кирүүгө аракет кылсак, сакчылары тосуп, жарымын киргизип, жарымын киргизбей коюшту. Анан мен эшикти тартсам, айнек экен, сынып кетти. Айнек күүлүп түшүп, башымды, колумду кесип кетти. Эч ким урган жок, бирок жулмалашып кеттик. Мен бул тоскоолдуктар атайын жасалды деп ойлойм”, – деди Турсунбек Акун.
Жеке менчик бейтапканадан чакырылган Тез жардам бригадасынын дарыгери Турсунбек Акунду бир сыйра карап, колун таңып, биринчи жардам көрсөттү.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, баштапкы тергөө аракеттерин жүргүздү. Райондук ички иштер бөлүмү Турсунбек Акундун юристинен келишим шарттарынын бузулушу боюнча райондук башкармалыкка арыз түшкөнүн маалымдап, иш тергелип жатканын билдирди.
"2025-жылдын 26-майында Бишкек ШИИББдин “102” кызматына Бишкектеги мейманканалардын биринде белгисиз адамдар айнекти сындырып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган учурда мейманканада Кыргызстан демократиялык кыймылынын 35 жылдык мааракесине арналган иш-чара өтүп жатканы, аны Турсунбек Акун уюштурганы аныкталган. Иш-чаранын жүрүшүндө техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам мейманканада электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, ошондуктан иш-чара убактылуу токтотулган. Турсунбек Акун нааразылыгын билдирип, мейманкананын жетекчилигине доомат айтып, конференц-залдын эшигин ачууга аракет кылып жатып, кокусунан эшиктин айнегин талкалап, сыныгынан жаракат алган" – деп маалымдады Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.
Sofia International Hotel мейманканасынын жетекчилиги “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.
- Саламатсызбы? Биз "Азаттык" радиосунанбыз. Окуя жөнүндө комментарий берип коё аласыздарбы?
- Биз эч нерсе айта албайбыз.
- Администратор ким? Кимден маалымат алсак болот анда?
- Администратор жок. Ресепшн (кабылдама) гана иштеп жатат.
- Бул жерде жетекчи ким азыр?
- Азыркы учурда эч ким жок.
Чогулгандар мейманкананын кире беришиндеги (фойесинде) үстөлдөргө отуруп, жыйынын өткөрүштү. Анда КДКнын тарыхы, иши, сабагы тууралуу билдирүүлөр айтылып, Кыргызстандагы бүгүнкү коомдук-саясий кырдаал жөнүндө да сөз болду. Соңунда резолюция кабыл алынып, тарап кетишти.
“Тынч жыйын өткөрүү эркиндиги сакталышы керек”
Мурдараак "Кыргызстан укук коргоо кыймылы" уюштурган мындан башка да бир нече иш-чарасы үзгүлтүккө учураган. Анда иш-чаралар белгиленген мейманканалардын жетекчилиги ар кандай шылтоо менен чогулгандарды киргизбей, ал нааразылык жараткан.
Тарыхчы жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин соңку окуяга мындайча баа берди:
“Бул жөн гана коомдук жыйын болчу. Ага бийликтин өкүлдөрү да чакырылган, ал түгүл айрым өкүлдөрү келген бул жерге. Мен мындан эски тырмооктун башын кайрадан басып алып, сабы чекебизге шак эткен көрүнүштү кайрадан көрдүм. Муну мен жыйында да айттым. Биз 35 жылдан кийин бул иш-чараны, тескерисинче, шаан-шөкөт менен уюштурсак болмок. Базар экономикасынын шарттарына ылайык, акысы төлөнгөн экен, тынч эле өткөрүлсө болмок. Бул жерде бийликтин ичиндеги түшүнбөгөн адамдар, демократиянын мазмунун аңдабаган адамдар бар. Аңдагандар болсо келип, сүйлөйлү деп, жанагыдай кырдаалдан кийин четте калып калганын өкүнүч менен белгилеп коюшум керек. […] Элдик ыңкылаптан кийин бийликке келген адамдар элдин алдындагы өзүнүн парзын аткарып, демократиялык баалуулуктарды, сөз эркиндигин, тынч жыйын куруу эркиндигин алар сөзсүз түрдө сакташы керек. Себеби алар дал ушул коомго кызмат кылышат”.
Кыргызстан демократиялык кыймылы – КДК Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды тездетүүгө үлүш кошкон алгачкы ири антикоммунисттик бирикме болгон. Уюм 1990-жылы 26-27-майда түзүлгөн жана аны Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Кадыр Матказиев, Төлөн Дыйканбаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Жумагазы Чоң Аюу жана башкалар негиздешкен.
Муну менен чогуу үй куруучулардын “Ашар” кыймылы уюшулуп, Үркүндү эскерген “Өмүр көчү” жүрүшү өткөрүлгөн. Кыргызстан демократиялык кыймылынан кийин КДК, "Эркин Кыргызстан" жана "Асаба" партиялары бөлүнүп чыккан.
КДКнын тарыхын изилдөөчү Махабат Жунусова аталган кыймылдын мааниси жөнүндө буларга токтолду:
"СССРдин бийлиги алсыздай баштаганда бизде эле эмес, советтик республикалардын бардыгында эле ушул сыяктуу демократиялык кыймылдар уюшула баштаган. Кыргызстанда дагы социалдык маселелердин курчушунан улам, андан кийин саясий маселелерден улам ушундай кыймылдар түптөлгөн. Анын ичинде Кыргызстан демократиялык кыймылы 1990-жылы негизделген. Бул кыймыл учурунда опол тоодой иштерди жасаган. Азыркы демократиялык шартта жашап жатканыбыз да так ушул КДКнын эрдиктеринин жемиши десек болот. Мисалы, азыр актуалдуу болуп жаткан кыргыз тили маселесин, кыргыздын тарыхына, улуттук баалуулуктарына байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышкан. Бул кыймылдарда кыргыз өз жеринде жерге ээ боло албай жатканы козголгон. Мунун шары менен жарандар борбордун айланасында жерлерди басып алуу менен алышкан. Бул айла жоктун иши болгон. Анткени көпчүлүк кыргыздар Бишкектен үй да ала алышкан эмес, жер да тийген эмес. КДК, “Ашар” уюмдары жана андан кийинки уланган процесстердин бардыгы так ушул муктаждыктардын чагылышы болгон деп айтсак болот".
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 12-декабрында өлкөнүн аталышынан “советтик” жана “социалисттик” дегенди алып, ошол эле жылдын 15-декабрында “Көз карандысыздык” тууралуу декларация кабыл алат. Бирок шарттуу түрдө Советтер Союзунун курамындагы эркин өлкө деп эсептелип турат.
Бул арада СССРдин президенти болуп шайланган Михаил Горбачёв мурдагы советтик республикалардын алкагында жаңыланган федерация түзүүнү сунуштайт. Бул боюнча 1991-жылдын 17-мартында бирикмедеги тогуз өлкөдө референдум өтүп, демилге кабыл алынды деп эсептелет. Өздөрүн эгемен деп жарыялаган алты өлкө бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүүдөн баш тартат.
“Көз карандысыз өлкөлөрдүн бирикмеси жөнүндө келишимге” 1991-жылдын 20-августунда Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, күздө болсо Азербайжан, Кыргызстан, Украина жана Түркмөнстан кол коймок. Бирок 19-августта КПСС БКнын мүчөлөрүнүн тобу эгемен республикалар шериктештигин түзүүгө жол бербөө максатын көздөп, кутум уюштурат.
Өзүн “СССРдеги өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет” (Государственный комитет по чрезвычайному положению в СССР – ГКЧП) деп атаган топ мурдагы СССРди сактап калууну жактап чыгат. “Август кутуму” (“Августовский путч”) деген ат менен тарыхта калган бул окуя, тескерисинче, Союздун тезирээк тарашына себепчи болот. Союздук өлкөлөр биринин артынан бири эгемендик жарыялашат.
Анын ичинде Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 31-августунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көзкарандысыздыгы жөнүндөгү декларация” кабыл алган. Ошентип, дүйнөнүн саясий картасында жаңы, өз алдынча, көз каранды эмес мамлекет – Кыргыз Республикасы пайда болот.
Шерине