Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Казат Акматовдун эне тил жана эгемендик үчүн күрөшү


Казат Акматов.
Казат Акматов.

"Эсимде” изилдөө аянтчасы Эл жазуучусу, 80-жылдардын соңундагы Кыргызстандагы демократиялык кыймылынын лидерлеринин бири Казат Акматовду эскерүү иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чара баш калаадагы жазуучунун ысымын алып жүргөн мектепте болду.

Акматов чыгармачылык менен эле алектенбестен, коомдук-саясий турмушка активдүү аралашып, эгемен Кыргызстандагы бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышкан.

Казат аталып калышы

1941-жылы кан күйгөн согуш башталганда эр жеткен азаматтар туш тараптан чакыртыла баштайт. Ысык-Көлдүн Темировка айылынан кан майданга аттанган Турсунаалы кош бойлуу жубайына “согуштан кайтпай калсам, уулумдун атын Казат кой” деп керээз айтып кетет. Көп өтпөй айылга кара кагаз келет да, ага удаа эле жесир калган аялдын төртүнчү баласы Казат төрөлөт.

Апааттын кесепетинен жетим калган балдарын багуу жалгыз бой энеге кыйын. Ошондо ал улуу баласын өзүнө тирек кылып алып калып, калган эки кызын жана кичүү уулу Казатты туугандарына өткөрүп берет.

Ошентип, Казат энесинин бир тууган сиңдиси Бурулкандын колунда Боз-Тери айылында калат. Бурулкандын жолдошу Акмат дагы согушка аттанып жатып: “Эки кызыбыз бар, бирок уулдуу боло алган жокпуз. Эркек бала багып алып, ысымын менин атымдан кой”, - деп керээз калтырган экен. Калемгер дал ошол аталарынын керээзинен улам Казат Акматов болуп калат.

Казат Акматов.
Казат Акматов.

"Далай куугунтукка кабылган"

Жаштайынан жазуу-сызууга дилгир бала эр жеткенде өткүр, элди ойготкон калемгер болуп калыптанды. Анын кыргыз адабиятында татыктуу ээлеген өз орду бар.

Жазуучунун адабий мурастарынын ичинен "Эки сап өмүр", "Боз улан", "Ала-Тоо кары", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар", "Боз чымчык", "Архат" романдары, "Миң бир күн. Окуялар, адамдар" публицистикалык китеби, “Ажырашуу” драмасы жана "Мунабия" аңгемеси аликүнчө чоң кызыгуу жаратып, адабият күйөрмандарынын колунан түшпөй окулуп келет.

"Эсимде” изилдөө аянтчасы Эл жазуучусу Казат Акматовду эскерүү иш-чарасын жазуучунун туулган күнүнө карата өткөрдү.

Аянтча аркылуу изилдөө жүргүзүп келе жаткан жаш тарыхчы Гүлзат Алагөз кызы калемгер совет мезгилинде куугунтукталганына карабай Үркүн темасын көтөргөндөрдүн бири экенин эскерди:

Гүлзат Алагөз кызы.
Гүлзат Алагөз кызы.

“Казат Акматов бизге салмактуу чыгармаларды мурас калтырды. Коомдук ишмер катары 1990-жылдардагы Кыргызстан Демократиялык Кыймылы (КДК) үчүн опол тоодой эмгек өтөдү. Кыргызстандын эгемендик алышына да салым кошкондордун бири десек болот. “Эсимде” изилдөө аянтчасы калемгердин “Мезгил” романы тууралуу өзүнчө ачык лекция өткөргөнбүз. Ал 1970-жылдары эле ошол чыгармасында 1916-жылкы кандуу Үркүн окуясын орус каарманы аркылуу чагылдырып берген. 1970-80-жылдары Үркүн темасына эч ким кайрылбай калган кез эле да. Ушундан улам жазуучунун “Мезгил” романы советтик системага каршы чыгарма катары бааланып, ошол мезгилде далай куугунтукка кабылган. Казат Акматовдун эмгегин ар убак эстеп, кийинки муундарга да татыктуу таанытышыбыз абзел”.

Казат Акматовду эскерүү кечеси. 21-декабрь, 2023-жыл, Бишкек ш.
Казат Акматовду эскерүү кечеси. 21-декабрь, 2023-жыл, Бишкек ш.

Казат Акматов жана КДК

Арийне, кыргыз демократиясы тууралуу кеп болгондо, Казат Акматовдун ысымы сөзсүз эскерилет.

Себеби мекенчил калемгер коомдук-саясий турмушка да активдүү аралашып, өткөн кылымдын 90-жылдарында эркиндиктин желаргысы жүрүп турган чакта Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) түзүүгө катышкан.

Дал ошол айтылуу кыймылдын башында Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Кадыр Матказиев, Төлөн Дыйканбаев турган. Алар өлкөнүн коммунисттик жолдон демократиялык өнүгүү жолуна түшүүсүнө чынында эле зор салым кошушту.

Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын 1-курултайы. Солдон экинчи Казат Акматов. 1991-жыл, Бишкек ш.
Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын 1-курултайы. Солдон экинчи Казат Акматов. 1991-жыл, Бишкек ш.

Калемгер Акматов көзү тирүү кезинде “Азаттыкка” курган маегинде демократиялык кыймылды түзүүнүн зарылдыгы, ошондогу тоскоолдуктар тууралуу мындай деген:

“Михаил Горбачёвдун 1985-жылы баштаган кайра куруусунан кийин бардык союздук республикаларда азаттыкка чыгуу, эгемендик алуу кыймылы башталган. Балтика жээгиндеги республикалар биринчи кетти, анан Украина, Кавказ. Биз отурдук - 90-жылга чейин – беш жыл. Анан биз жөнүндө Москванын журналисттери "белгисиз республика" деп китеп жаза башташты. Анан ошол китепти окуп алып, биз намысыбызга келдик да, биринчи съездибизди өткөрдүк. Аны өткөртпөй ЦКнын – Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи секретары ыраматылык Апсамат Масалиев, идеология боюнча катчысы Шеримкулов бизге тоскоолдук кылып, Кыргыз драма театрын бербей, эшигин жаап таштап, милиция менен курчап, КГБнын төрагасы анда Асанкулов болчу, ал бизди камайбыз деп тегеректеп-курчап, коркутуп-үркүтүп атып анан съездге уруксат беришкен. Себеби, делегаттар келишти эле, ошол делегаттар ичинде социалисттик эмгектин баатырлары бар экен, баатыр энелер бар экен. Ошолорду көргөндө, ЦКнын айласы кетип, драма театрды ачып берүүгө аргасыз болду”.

КДК элдин эгемендикке болгон улуу ышкысынын, улуттук зор аң-сезиминин натыйжасынан улам түзүлгөнү ушу күнгө чейин айтылып келет. Кыймыл кезинде жаңыча ойлонгон, эркиндикти эңсеген жоон топ жаштардын тушоосун кести.

Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын жыйыны. 1991-жыл, Бишкек ш.
Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын жыйыны. 1991-жыл, Бишкек ш.

Кезинде КДКда санаалаш агалары менен бир далай иштешкен саясатчы Турсунбек Акун демократияны курууда жана жайылтууда бирге көргөн аракеттери тууралуу буларды айтты:

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

“Казат Акматов ал кезде КДКнын теңтөрагасы эле болбостон, Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы да эле. Анын кабинети азыркы өкмөт аянтында жайгашкан Жазуучулар союзунун имаратында болчу. Казат абанын кенен, жарык, чоң кабинети ошол кездеги жаштарга - бизге өзүнчө эле керемет көрүнчү. Ал жерде таң аткандан баштап элдин аягы тыйылбай, ал иш бөлмө баарыбыздын башыбызды бириктирген ыйык жай болор эле. Казат Акматов кабинетин КДКнын мүчөлөрүнө дээрлик бошотуп берип койгондой туюлчу. Ал жерде таңдан баштап түнкү саат он экиге чейин адам үзүлбөй, аягы бүтпөгөн талкуулар, талаш-тартыштар, түрдүү жыйындар болуп турар эле. Булардын баары өлкөнүн эртеңки жаркын келечеги үчүн жасалган аракеттер болчу”.

Тилибизди коргоп чыккан

Легендарлуу парламентте депутат болуп турган чагында Казат Акматов республиканын калыптануу процессине, мамлекеттик башкы символдорду кабыл алууга, мындан сырткары эгемен Кыргызстандагы бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышкан.

Коомдук ишмер, акын Бүбүайша Арстанбекова жазуучунун мекенчилдигин, КДК кыймылындагы эмгегин эскерди:

Бүбүайша Арстанбекова.
Бүбүайша Арстанбекова.

"1989-жылы жазуучулардын бир чоң жыйынында таанышып калганбыз. Эсимде калганы ошол учурда Казат Акматов “Советтер Союзунун солкулдап турган убагы” деп сөз баштап, акыл-насаатын айткан. Бул коммунисттик партиянын миссиясы түгөндү, булар андан ары эч нерсе кыла албай калды, советтик өлкөлөр орусташып бүтүп, кыргыз улуту тилин-дилин унутуп, маңкурттукка баратабыз деген. 1990-жылдардын башында КДКны уюштуруп, чоң жыйындар болду, биринчи курултайы болду, мен Оштон келип катышып турдум. Ушул учурда Казат Акматовдун орду бийик болду. Себеби, ал андан мурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Чыгармаларында мекенчилдигин билдирип, тилибизди коргоп чыккан. Эгемендик деген маселени эң алгачкылардан болуп көтөргөн. Жаштарды үгүттөп, биз чогулуп алып анан КДК кыймылына кошулганбыз. Мен кыймылдын Ош облусундагы төрайымы болуп шайлангам".

Жазуучу, коомдук ишмер Казат Акматовду эскерүү иш-чарасынан.
Жазуучу, коомдук ишмер Казат Акматовду эскерүү иш-чарасынан.

Жазуучу, коомдук ишмер Казат Акматовду эскерүү иш-чарасынан.
Жазуучу, коомдук ишмер Казат Акматовду эскерүү иш-чарасынан.

“Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган кечеге акын-жазуучулар, жазуучунун жакындары, Казат Акматов атындагы №58 мектептин мугалимдери жана окуучулар катышты.

Публицист Бекташ Шамшиев Казат Акматовдун жазуучулук таланты тууралуу буларды айтты:

Бекташ Шамшиев.
Бекташ Шамшиев.

“Казат Акматов өзгөчө жазуучу болду. Себеби анын кыялы, фантазиясы башкача эле. Реалдуулук менен ирреалдуулукту, болгон иш менен жомокту кынтыксыз айкалыштырат эле. Бул кишинин чыгармаларынын өзөгүндө социалдык бунт турчу. Каармандары да аны ырастап турат. Калемгер жашоодо өзүнүн баркын, социалдык статусун түшүрбөгөнгө аракет кылды. Акматовдун “Мезгил” деген романында боз чымчык тууралуу икая бар. Ал акыйкаттын символу катары чагылдырылган. Боз чымчыкты роман кылып жазайын деп баштап, кийин повесть кылыптыр. Бул өзү кызык чыгарма. Ошол боз чымчык аркылуу адилеттик деген эмне, чындык эмне экенин көрсөткүсү келген. Кичинекей канаттууну адамдар ичиндеги карөзгөйлүккө, кара ниеттикке каршы коёт”.

Өкүнүчү

Казат Акматов 1990-1994-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.

Андан кийин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеп, 2003-жылы эс алууга чыккан.

Маркум жазуучунун көркөм мурасын жайылтуу боюнча иш жүргүзүп келе жаткан уулу Азим Акматов калемгердин өмүрүнүн соңку учурундагы санаасын, өзүнө үйрөткөн өрнөгүн айтып берди:

Азим Акматов.
Азим Акматов.

“Бир эле максатты - Кыргызстанды коммунисттик режимден бошотуп, эгемендикке жеткирүүнү көздөгөн. Анын оюнда КДК ушул миссияны аткаргандан кийин тарашы керек болчу. Ошентип, Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин атам өзү саясаттан четтеп калды. 2003-жылдары Тил комиссиясында иштеп, чыгармачылыкка өзүн арнады. Акыркы жылдары нааразы болуп калган жайы бар. “Тогуз жылдык мээнетимди мамлекеттик түзүлүшкө салдым эле, бирок бул мээнет текке кетип, туура эмес кадамга баратабыз” деп өкүнгөнүн билем. Ата катары мени көп китеп окууга, билимдүү болууга тарбиялады. Азыркы көрүнүктүү саясатчылар биздин үйдүн ашканасында отуруп, КДКнын демилгесин жазабы же уставын жазабы, ошолордун баарына күбө болуп калдым. Бирок атам ошондо эле саясат бир кызыктай нерсе, бүгүн бар, эртең жок. Андыктан биринчи кезекте адам болууга умтулуу керек деп айтчу”.

Казат Акматов.
Казат Акматов.

Эл жазуучусу, драматург, публицист, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган.

Чыгармачылык менен мамлекеттик ишти жанаша ала жүргөн, кыргыз адабияты менен эне тилдин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон залкар жазуучу 74 жылдык өмүрүндө эбегейсиз эмгек калтырып кетти.

Калемгер 2015-жылы сентябрь айында узакка созулган оорудан улам дүйнө салып, өз керээзи боюнча сөөгү Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG