Коомчулукта талкуу жараткан бул иштин жыйынтыгында кабыл алынган чечим боюнча мамлекеттик органдар кандай комментарий берүүдө? Эксперттердин пикири кандай?
ИШТИН КОЗГОЛУШУ ЖАНА ЖАБЫЛЫШЫ
Костанайлык Никита Сычуговдун Казакстандын түндүгүндөгү калаалар тууралуу «Костанай, Павлодар, Петропавловск — мунун баары, чын-чынына келгенде, Орусияныкы», — деп айтып жаткан маегин украиналык ютуберлердин бири жарыялаган. Свята Джавелина деген автордун Ютуб каналына казакстандык жаран менен жарым сааттык маек 2024-жылдын 18-декабрында жарыяланган.
Маектештер алгач музыка темасын козгоп, бара-бара тарых, Украинадагы согуш тууралуу сөз кылган. Сычугов Орусия «жакында кайтарып алат [жерлерин], 10 жылдан кийин, балким, андан да эртерээк» деген.
Орусия эгер Казакстанга кире турган болсо ал жактан каршылыкка туш болбойбу деген суроого Сычугов өлкөнүн түндүк аймактарындагы казактар андайга каршы чыкпайт деп эсептей турганын айткан. Ал эми каршы чыккандар болушу ыктымалдыгы тууралуу суроого ал колу менен терс белги көрсөтүп жооп берген. Өзү эгер Орусиянын аскерлери Казакстандын аймагына кирип бара турган болсо орустар тарапта согушууга даяр экенин билдирген.
Бул видео тарагандан кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сычуговго каршы Кылмыш кодексинин «кастыкты козутуу» деген беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Бирок иш жабылып калганы белгилүү болду.
Мындай жооп Астананын тургуну Жалгасбек Дуисбаевдин Костанай облустук прокуратурасына жолдогон кайрылуусуна 6-майда берилген.
«Сотко чейинки иликтөөнүн жыйынтыгында, видеоматериалды эксперттер изилдеп чыкканын эске алуу менен кылмыш иши 18.03.2025 кылмыштын курамы аныкталбагандыктан токтотулган. Облустук прокуратура мындай чечимге макул болду. Алсак, экспертиза чыгарган корутундуда видеодо социалдык, улут, уруу, раса, тап же дин аралык кастыктын белгилери аныкталбаганы жазылган. Адамдардын социалдык абалы, улуту, уруусу, расасы, табы же дини боюнча табигый, биологиялык артыкчылыгы же төмөндүгү жөнүндө да маалымат да жок», — деп айтылган прокуратуранын жообунда.
"Азаттык" маалымат алуу үчүн аймактын прокуратурасына кайрылды. Ал жактан иш чындыгында эле жабылганын тастыкташты.
Казакстандын ички иштер министринин орун басары Игорь Лепеха 15-майда журналисттердин аталган иш эмне себептен токтотулганы тууралуу суроосуна жооп берди. Ал мындай билдирүүлөр «кастыкты козутууга» жатарын белгиледи, бирок мамлекеттик органдар кайсы бир чечим чыгарганда экспертизанын корутундусуна таянарын белгиледи.
«Муну улут аралык кастыкты козутуу деп эсептейм. Бирок дагы бир жолу айтып коёюн: ар бир келип түшкөн кайрылуу боюнча биз экспертиза жүргүздүрөбүз. Мында биринчи кезекте биз өзүбүздүн жеке кабылдообузга эмес, эксперт эмне деп айтып жатканына таянабыз. Эгер эксперт анын айткандарынан кандайдыр бир мыйзам бузуу көрбөсө, анда прокуратура да, сот да, биз да аны жоопко тарта албайбыз», — деди Лепеха.
Журналисттер министрдин орун басары өзү бул сыяктуу билдирүүлөргө көз карашы кандай экенин сурашты.
«Мен Костанай Казакстандын аймактарынын бири деп эсептейм. Ал биздин өлкөбүздүн ажырагыс бөлүгү, эч ким берип жиберейин же алайын деп жаткан жери жок. Эмне болгон күндө да бере койбосубуз анык. Костанай биздин өлкөнүн бир бөлүгү болгон жана боло берет. Ал эми жанагыдай өз пикирин адатта соо эмес абалда айтып жаткандар эки эл ортосуна ажырым салгысы келгендердин «отуна май тамызып» жатат. Баарыбыз бир позицияда болушубуз, мындай нерселерге жол бербешибиз керек. Эгер андай адам коомчулуктун айыптоосун көрсө, эртеңки күнү, мисалы, коңшулары аны менен учурушкандан баш тартып койсо, менимче, мунун өзү эле ал үчүн чоң жаза болот».
ЭМНЕ ҮЧҮН ЖИКЧИЛДИК ТУУРАЛУУ БЕРЕНЕ ЭМЕС?
Сычуговго каршы иш эмне үчүн жикчилдик (сепаратизм) тууралуу берененин негизинде козголгон эмес, белгисиз болууда. Бул беренеде Казакстандын унитардыгын, бүтүндүгүн, анын аймагынын кол тийбестигин, ажырагыстыгын бузууга чакырык жасагандарды жазалоо чарасы жазылган.
Казакстандын Кылмыш кодексиндеги бул 180-берене 2015-жылы пайда болгон. Мындай берене Москва 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, Донбасстагы жикчилдерди колдоп, аталган аймакта жаңжал тутанткандан кийин иштелип чыккан.
Анын негизинде соттоло турган кишиге 15 жылдык эркинен ажыратууга, казак жарандыгынан чыгарууга чейинки жаза чарасы каралган.
2015-жылы жикчилдик тууралуу бул беренеге ылайык Чыгыш-Казакстан облусундагы Риддер шаарында Игорь Сычев аттуу блогер беш жылга соттолгон. Ал социалдык түйүндөрдүн бириндеги «Подслушано в Риддере» деген топтун администратору болчу. Сычев Риддер шаарынын Орусиянын курамына киришине «макул» же «каршы» деген сурамжылоого катышып, мындай демилгени колдоп добуш бергени аныкталган. Сурамжылоонун өзүн ким баштап, түзгөнү ошо бойдон аныкталбай калган.
2022-жылы, Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканда, ушул эле берененин негизинде Казакстандын Орусияга чектеш Батыш-Казакстан облусунун тургуну Максим Яковченко жоопко тартылган. Ал социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасына «Уральск, Петропавловск, Павлодар жана башкаларды Орусияга бериш керек» деп жазылган пост жарыялаган. Ага «жикчилдик» гана эмес, «улут аралык кастыкты козутуу» деген да кине коюлган. Өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып бергени менен Яковченко 2023-жылы Орусияга качып кеткен жана ошол жактан качкын макамын алган.
2023-жылы Петропавловск шаарында «жикчил ишмердүүлүк» жана «мамлекеттин коопсуздугун бузууга үгүттөө» деген кине боюнча өзүлөрүн элдик кеңеш деп атап алган топ айыпталган. Топтун мүчөлөрүнүн бирин тогуз жылга эркинен ажыратып, дагы үч кишинин ар бирин жети жылга соттошкон. Мындай айыптын тагылышына алар Түндүк-Казакстан облусунун административдик борборунда жыйын өткөрүп, мыйзамсыз иш-аракеттерге барганы себеп болгону маалымдалган. Тергөөнүн материалдарында алар өзүлөрүн «СССРдин мураскери катары көрсөткөнү», «Казак ССРинин аймактык бүтүндүгүнүн бузулбастыгы» жана «Петропавловскинин эмгекчилеринин элдик кеңеши түзүлгөнү» тууралуу жарыялаганы негиз болгону белгиленген. Ошондой эле аталган топ өзүн «эркин эл» деп, ал эми Казакстанды «корпорация» деп атап алганы, өлкөнүн «башкаруу системасына» ишенбөөчүлүк билдиргени жана өзүнүн «суверенитети, эгемендигии» тууралуу айтып чыкканы да айтылган.
Социолог Серик Бейсембаев Paperlab деп аталган изилдөө борборун жетектейт. Анын пикиринде, соңку кезде Казакстанда орусиячыл тенденция күчөдү. Орусиянын Украинага каршы согушу фонунда Астана, балким, Москва дос эмес деп кабыл алышы ыктымал болгудай кайсы бир аракеттерден оолак турууга умтулуп жаткан чыгар экенин белгилеген серепчи Костанайда жабылган кылмыш иши мына ошол маанайдын эпкини деп эсептейт.
— Азыркы кезде бийлик Казакстан менен Орусия ортосунда ажырым жарата турган же жергиликтүү деңгээлде кайсы бир этностук топтор ортосундагы чыр-чатактын белгиси болуп калышы мүмкүн болгон кайсы бир окуяларды алдын алуу аракетин көрүүдө. Казак бийлиги глобалдык туруксуздук абалда ички туруктуулукка жана ички коопсуздукка көбүрөөк көңүл буруу зарыл деп эсептейт чыгар, — деди эксперт.
Бейсембаев Астана жикчилдик коркунучуна каршы биргелешип туруу үчүн бийликтин айланасына биригүү керек деген ураанды өзүнүн ички саясатында «манипуляция каражаты» катары колдонушу ыктымал экенин да жокко чыгарбайт.
Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, былтыр бир жыл ичинде «жикчил ишмердүүлүк» деген берене менен 21, «кастыкты козутуу» беренеси менен 111 кылмыш иши козголгон. Ал эми быйыл жыл башынан бери жикчилдик тууралуу айыптын негизинде жети, кастыкты козутуу тууралуу 73 иш козголду.
"Азаттыктын" казак кызматы даярдаган макаланын котормосу
Шерине