Васильевдин талаштуу таржымалы
Ошто “жалданмачылык” иши боюнча кармалгандардын иши өнүгүүдө. Бул жолу кармалгандардын бири, Орусиянын жараны Виктор Васильев экенин орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Анын аты-жөнүнүн инициалдары Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүү катары 17-июнга чейин камакка алган В.В.А. аттуу адамга туура келет. Бир катар маалымат каражаттар Васильевдин “Вагнер” тобунун негиздөөчүсү, маркум Евгений Пригожиндин түзүмүндө “саясий технолог” катары иш жүргүзгөнү жана өмүр баянында талаштуу жагдайлар көп экенине көңүл буруп жатышат.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “жалданмачылык” иши боюнча 17-апрелде Ошто төрт адамды кармап, Бишкекке алып келгени ушул апта башында гана белгилүү болгон.
Бул маалыматты атайын кызмат тараткан жок. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын аныктоо жөнүндө маалыматынан кийин белгилүү болду. Мындан башка расмий маалымат бериле элек. Бирок журналисттер кармалгандардын арасында Ош мэриясынын кызматкери Сергей Лапушкин, “Россодрудничество” агенттигине караштуу “Орус үйүнүн” Оштогу кеңсесинин кызматкери Наталья Секерина бар экенин аныкташкан.
Калган эки адамдын тек-жайы белгисиз болуп жаткан. Шектүүлөрдүн бири Лапушкиндин адвокаты Эркин Жакубакунов “Азаттыкка” кармалгандар жөнүндө тагыраак маалымат берди. Анын билдирүүсүндө, Лапушкин менен Секеринадан башка эки адамдын бири Майлуу-Суудагы электрлампа заводунда иштеген кыргыз жараны, ал эми экинчиси чет өлкөнүн жараны.
“Украинадагы согушка Кыргызстандын жарандарын жалдаган” деген айыпты угузушту. Бирок бул (ред: Сергей Лапушкин) “мен эч кимди үгөттөгөн эмесмин, жалдаган да эмесмин” деп күнөөнү мойнуна алган жок. Өткөндө бөгөт чарасы каралды, андан бери тергөө иштери жүрө элек. Бул боюнча кыргыз улутундагы жаран. Кармалгандардын бири Лапушкин, экинчиси “Орус үйүндө” жана мугалим болуп иштейт экен. Үчүнчүсү, Майлуу-Суудагы лампа заводдо электрик болуп иштечү экен. Алардын “Орус үйү” менен байланышы кандай болгон? Алар текст жазып, бири-бирине беришип, кесиптик жактан гана кызматташып жүрүшчү экен”.
Васильев Кыргызстанга кантип келген?
Дал ушул чет өлкөнүн жараны боюнча кийинчерээк кызык маалыматтар айтыла баштады. Тагыраагы, 24-апрелде орусиялык маалымат каражаттары Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамдын бири орусиялык Виктор Васильев экенин жазып чыгышты.
Анын аты-жөнүнүн инициалдары Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүү катары 17-июнга чейин камалган В.В.А. аттуу адамга туура келет.
Орусиялык медиа аны "эксперт", "саясат таануучу" жана "африканист" катары сыпаттап жатат.
"Свобода" радиосу менен "Настоящее время" каналынын "Система" долбоорунун, The Insider, "Досьенин" буга чейинки биргелешкен иликтөөсүндө Васильевдин ысымы аталган.
Иликтөөдө ал улутчул көз карашты карманганы жана фамилиясы мурда Луковенко болгону, чет элдик студенттин өлүмүнө айыпталып соттолгону, "Вагнердин" башчысы, маркум Евгений Пригожин менен байланышы бар түзүмдөр менен кызматташкан болушу ыктымалдыгы,Орусиянын чалгыны менен да байланышы болушу мүмкүндүгү айтылган.
Meduza порталынын жазышынча, Виктор Васильев «Улыбаемся и машем” деп аталган Телеграм-каналдын негиздөөчүсү.
“Досье” борбору 2023-жылы Васильевдин фамилиясы Луковенко болгонун жазып чыккан. 2011-жылы “Орус маршы” деп аталган жүрүш күнү шриланкалык адамды өлтүрүүгө айыпталып, сегиз жылга соттолгонун маалымдаган. Абакта беш жыл отурган соң мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.
“Би-би-синин” орус кызматы Луковенко “Вагнер” жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин уюштурган түзүмдөрдө саясий технолог болгонун, Африкада иштегенин жазды. Луковенко Украинада да иш алпарганы жөнүндө маалыматтар чыкты.
Фамилиясын Васильев кылып өзгөрткөн бул адам Борбор Азияга - Кыргызстанга качан келгени белгисиз. Анын Фейсбуктагы баракчасында өлкөнүн түштүгүндө түшкөн көп сүрөттөрүн көрүүгө болот.
Кыргызстандык активист Урмат Жаңыбаев Васильев интернеттин кыргыз сегментинде, социалдык тармактарда иш алпарган “Салам, Кыргызстан!” баракчасынын редакторлорунун бири болгонун жазып чыкты.
Бул маалыматты тактоого азырынча мүмкүн боло элек.
Матвеевге нон-грата жарыялоо сунушу
Ошентип Ошто жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамга "кыргызстандыктарды Украинадагы согушка азгырышкан" деген айып коюлду. Азырынча алардын үчөөнүн аты-жөнү белгилүү болду, дагы биринин тек-жайы айтыла элек.
Кыргызстандагы жалдануу ишине Орусиянын бийликчил маалымат каражаттары, саясатчылары да катуу көңүл буруп жатат.
"Орус үйү" долбоорун каржылаган “Россотрудничество” агенттигинин башчысы Евгений Примаков бул ишке айыпталып камалгандардын бири Наталья Секеринага козголгон ишти "чагым" деп атап, кыргыз коомчулугунун сынына кабылды. Ал Телеграмдагы баракчасына "өз кызматкерин бошотуп аларын" да жазды:
“Бул чагым. Натальяны чыгарып алабыз. Биз өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз. Жыйынтык чыкты: ал натыйжалуу жана жагымсыз болот”, - деп жазды.
Буга удаа эле Оштогу “Орус үйү” уюму Телеграм каналы аркылуу расмий билдирүү таратып, кызматкери Секеринанын тагдырына тынчсыздануусун билдирген.
“Ар кандай божомолдордун жана бурмалоолордун алдын алуу максатында белгилеп кетүүбүз керек. Орусиянын Илим жана маданият борбору өз ишмердүүлүгүн Орусиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборун жана Кыргызстандын Москвадагы Илим жана маданият үйүн түзүү жана иштетүү тууралуу өкмөттөр аралык келишимде аныкталган тармактарда гана жүргүзөт”.
Примаковдун билдирүүсүнөн кийин эле RTVI басылмасы Секеринага байланыштуу Мамлекеттик думанын депутаты, Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеевден комментарий алып, анын Кыргызстанды "кичинекей уюм" деп мүнөздөгөнү кыргыз сегментинде кызуу талкуу, сынга жем таштады.
“Менин оюмча, Кыргызстанга акча которууларды чектеп коюш керек. Мисалы, орусиялык банктардан акча которуу оңой. Чектен чыгып бараткан кичинекей уюмду ордуна коюп коюуга улуу державанын миллион жолу бар”, - деген ал.
Матвеевдин мындай билдирүүсүн Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сындап чыкты. Маселен депутат Дастан Бекешев аны Кыргызстанда персона нон-грата деп жарыялап, ага жана үй-бүлөсүнө өлкөгө кирүүгө тыюу салуу сунушун Телеграм каналына жазды:
“Биздин УКМК Орусиянын армиясынын катарында согушууга адамдарды азгырган аялды жана аны менен кошо бир нече кишини кармагандан кийин ушундай билдирүү кылды. Мен УКМК тараптамын. Негизи жагымсыз адамдар тууралуу мыйзам иштеп чыгышыбыз керек. Мындай мыйзам дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Ушундай билдирүүлөрү үчүн алардын Кыргызстанга киришине, өлкөдө кандайдыр бир ишкердик менен алектенүүгө тыюу салышыбыз керек”, - деди Бекешев.
Ташиев орус элчисин кабыл алдыбы?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына таянып жазышты.
Маалыматта Кыргызстанда “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам, алардын арасындагы “Россотрудничество” уюмунун кызматкерлери тууралуу да сөз болуп, тергөө шектүүлөрдү үй камагына чыгарса болот деп жыйынтык чыгарганы жазылат.
Жолугушуу тууралуу УКМК да, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да комментарий бере элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз түшпөгөнүн билдирди.
(Макала толукталууда)
Шерине