Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

"Мүлкүн конфискациялап, 13 млн сом өндүрүлсүн". Султанбеков баштаган үч киши пробация менен абактан чыкты


"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксеверди күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан чыкты. Сот үчөөнүн тең мүлкүн конфискациялап, жабырлануучу катары өтүп жаткан эки жаранга 13 миллион сом төлөп берүүнү милдеттендирди.

Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эместигин, аны кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирди. Социал-демократтар абактан чыкканы менен ушул чечим күчүндө кала турган болсо, анда шайлоого катыша алышпайт.

Күнөөлүү деп таап, абактан чыгарган сот чечими

24-апрелдин түнү беш айдан бери камакта отурган Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер абактан чыгышты. Свердлов райондук соту аларды “Добуш сатып алуу”, “Алдамчылык” жана “Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза колдонду. Бул жаңылык көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Анткени Султанбековдордун иши бир топ убакыт териштириле турганы айтылып жаткан.

Соттун чечиминде айыпталуучулардын мүлкү конфискацияланып, иштеги эки жабырлануунун каражаты өндүрүлүшү керектиги жазылган.

“Жабырлануучу Т.Н.Тнын пайдасына 8 510 000 сом, жабырлануучу К.А.Инин пайдасына 4 290 000 сом өндүрүлсүн”, - деп жазылат соттун чечиминде.

Соттун чечиминде инициалдары эле жазылган жабырлануучулар Нуржигит Туралиев менен Анарбек Катаганов экени белгилүү. Экөө тең 2024-жылы ноябрь айында Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоого “Социал-демократтар” партиясынан талапкер болуп чыккан. Кийин алар бир кездеги лидерине, өнөктөштөрүнө каршы арыз жазганы, анын негизинде Темирлан Султанбеков жана анын партиялаштарына “Алдамчылык” беренеси менен иш козголгону белгилүү болгон.

"Социал демократтар" партиясы менен шайлоого катышкан Анарбек Катаганов.
"Социал демократтар" партиясы менен шайлоого катышкан Анарбек Катаганов.

Азырынча иште жабырлануучу катары өтүп жаткандар соттун чечими боюнча комментарий бере элек. Анарбек Катаганов иш териштирилип жатканда, тагырагы 12-январда"Азаттыкка" мындай деген:

"Мен азыр бул маалыматка комментарий бере албайм. Чындык жакында чыгат. Темирландын айтканы, кылып жатканы туура эмес болуп калды да. Бир аздан кийин толук маалымат берем. Убакыт өтсүн. Азыр эрте".

Бул жолкусунда Анарбек Катаганов менен байланыша алган жокпуз. Ал эми Темирлан Султанбеков райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, кийинки инстанцияга кайрыларын айтты.

Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

“Сот процесси боюнча биздин айта турганыбыз аябай көп. Биз кеңешип, элге, коомчулукка толук маалымат беребиз. Бирок соттун чечими менен макул эместигибизди, аны даттана турганыбызды айта кетейин”.

"Социал-демократтар" партиясынын үч мүчөсүнүн ишине “жашыруун” делген гриф коюлгандыктан сот жараяндары толугу менен жабык өттү. Андыктан иштин жүрүшү, анда кандай далилдер көрсөтүлгөнү, жактоочулардын жүйөөсү боюнча толук маалымат жок.

Султанбековдун адвокаты Айбек Турдуев коюлган күнөө тергөөдө да, сотто да далилденбегенин айтты:

Айбек Турдуев.
Айбек Турдуев.

"Сотто булардын күнөөсү боюнча келтирилген бир дагы далил тастыкталган жок. Мисалы, "Алдамчылык" беренеси боюнча жабырлануучулар Карамушкина менен Түрксевердин тиешеси жоктугун, аларды такыр көрбөгөнүн айтып көрсөтмө беришкен. Бирок судья бул берене боюнча үчөөнү тең күнөөлүү деп тапты. "Добуш сатып алуу" боюнча дагы эч бир далил көрсөтүлгөн жок. Мындан тышкары "Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу” беренеси боюнча деле ушул көрүнүш. Жада калса күбөлөрдү сураганга судья да, прокурор да каршы чыгып коюшту. Биз өз чындыгыбызды кийинки инстанциялардан далилдейбиз".

Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы 17-ноябрдагы шайлоого үч күн калганда “Добуш сатып алуу” беренеси боюнча кармалып, Социал демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодон четтетилген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаев, жубайы Раиса Атамбаева да милицияда сурак берген.

Абакта жаткан учурда Султанбеков 100 күнгө жакын ачкачылык кармаганын, бул иш анан саясий куугунтук экенин айтып келген. Бийлик болсо социал-демократчылар мыйзамды бузганы үчүн камалганын билдирип, бул ишти саясатташтырбоого чакырган.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы декабрь айындагы Элдик курултайда мындай деген:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Социал-демократтар партиясы жергиликтүү шайлоодо Бишкек шаары боюнча эле 1,5 млн сомду добуш сатып алуу үчүн элге таратып жатып кармалды. Мунун баары далилденип турат. Бишкек шаары боюнча 69 үгүтчү жалдаса, 44ү каттоодон өткөрбөй, жашыруун түздөн-түз акча төлөп жатышат. Бул добуш сатып алуунун бир түрүнө кирет да. Ушундай кылып жатса, башынан сылайлыбы?".

Эми Султанбековдордун иши шаардык сотто, анын чечимине нааразылык жаралса Жогору сотто териштирилиши керек.

Султанбеков шайлоого катыша алабы?

27 жаштагы Темирлан Султанбеков мурдагы президент Алмзабек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал Социл-демократтар партиясын кайрадан түзүп, анын башына келген. Султанбеков кыргыз саясатына жаш кезинен эле аралашкан.

Эл аралык Социнтерн уюмунун вице-президенти катары ал кармалган учурда Европарламент баштаган бир нече уюм тынчсыздануу билдирген. Европалык депутаттардан турган делегация да келип, президент Садыр Жапаров менен да жолуккан.

Райондук соттун чечиминен кийин "Султанбеков шайлоого катыша алабы" деген суроо жаралууда. Мыйзам боюнча соттуулугу бар адам шайлоого талапкер катары чыга албайт.

Саясатчы Равшан Жээнбеков бул боюнча мындай дейт:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

"Ооба, пробация алгандар соттолду болуп эсептелет. Бул саясий жараяндарга катыша албайт дегенди түшүндүрөт. Бирок мен саясатчы, абакта отуруп чыккан адам катары айта турган болсом, эң башкысы эркиндик. Калган маселесин шаардык, Жогорку соттон чечип алса болот. Бул саясий чечим болду. Ушундай саясий чечим аркылуу саясий өңүттө камакта отургандар чыга турган болсо, анда бул жакшы нерсе".

Кыргызстандагы негизги шайлоо 2026-жылы болушу керек. Анда Жогорку Кеңештин жаңы курамы тандалат. Азыр сунушталып жаткан мыйзам боюнча, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Округдардын саны 30га чейин көбөйүп, үч талапкер чыгат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG