Кыргызстандык Эрнис Бердиевдин айтымында, окуя 29-март күнү түштөн кийин Орусиянын борбор калаасы Москвада болгон. Машинеге төрт кардар түшкөнүн, анын жол акысын төлөп коюу суранычына агрессивдүү маанайда жооп беришкенин белгилеген мигранттын айтымында, кардарлар айдоочуга кол көтөрүп, сабай башташкан.
"Эсимди жоготуп, эмне болуп жатканын бир билип, бир билбей жаттым. Толук эсиме келгенде "Тез жардам" келип, ойготуп жатыптыр. "Тез жардамды" орустар (жүргүнчүлөр) чакырды. Росгвардия менен полиция кызматкерлери келди. Менин телефонумду карап, ким сабаганын, кайсы жакка кеткенин сурашты. Мен алар чуркап кеткен жакты болжолдоп көрсөттүм", - деди Бердиев.
Кол салган жүргүнчүлөр эки кыз, эки эркек болгон. Айдоочу алар жол акысын төлөбөй коет деп башынан эле шекшигенин, такси кызматында мындай учурларга далай жолу туш болгонун айтып берди:
"Жүргүнчүлөрдүн бири мени сөктү, мен да аны сөктүм. Анан ал чыгып, мага кол көтөрө баштады. Мен коргонуу иретинде каршылык көрсөттүм. Экөөбүз кармашып турганда экинчиси келип мени түрттүбү, эмне кылды, билбейм, жыгылып түштүм. Кавказдыктарга түспөлдөшкөн бала мага караганда кыйла сөлөкөттүү экен. Жыгып алып, уруп баштады. Бетиме катуу урду. Оң тарабы катуу ооруп жатат. Боор тарабым ооруп жатат. Отуруп турганда оң бутумду көтөрө албай, отуруп-турушум кыйындады. Оңдон солго, солдон оңго бурулушум кыйын. Белиме тепкенин так билем. Алар бетиме да тээп, муштум менен 4-5 жолу урду".
Орусияда мигрант таксисттерге кол салуу же ур-токмокко алуу сейрек көрүнүш эмес. Мындай учурлар тасмага түшүп, социалдык тармактарга тараган окуялар арбын.
Эрнис азыр Москванын жанындагы Домодедово шаарындагы ооруканада дарыланууда. Ал соңку учурда такси кызматынын айдоочуларына кысым, басым көбөйгөнүн айтууда:
"Мени урган балдарды кармаганы же кармабаганы тууралуу кабарым жок. Арыз жазган эмесмин. Арыз жаза турган чамам жок болчу. Балким өздөрү иш козгоду, билбейм. Адилеттүүлүккө жетүүнү каалайм. Мага акчасынын кереги жок. Төлөп берсин деп доо артпайм. Менден кийин башкаларга да ушундай мамиле жасалышы мүмкүн да. Ошол эле балдар, же башкалар кылышы мүмкүн. Көп учурда бул көнүмүшкө айланып бара жатат. Жоопко тартылышы керек. Таксисттердин укугу мыйзам чегинде корголсо жакшы болмок".
"Азаттыктын" "Мигрант медиа" долбоору аталган окуя боюнча Орусиянын Ички иштер министрлигине пикир алуу үчүн кайрылды. Азырынча ал кайрылууга жооп келе элек.
Ушул жылдын февраль айында Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандык 27 жаштагы жаран травматикалык тапанчадан атылган октон жаракат алганын маалымат булактары, Телеграм-каналдар жазган. Кыргызстандык жаран "КИА" үлгүсүндөгү унааны башкарып баратканда "Geely" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мене жол талашып, чырдаша кеткен. Таксист "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.
Москванын ички иштер башкармалыгы ок чыгарган айдоочу кармалганын маалымдаган.
Кыргызстандан барган мигранттардын арасында такси кызматында иштегендер көп.
5-февралда Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам иштей баштады. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин быйылкы жылдын 1-январына карата берген маалыматына караганда, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны жашап, иштеп жатат.
Шерине