Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Орусия: мигрантка чачылган калемпир спрей, “чет элдик айдоочу” операциясы

"Крокус Сити Холлдун" алдындагы полиция кызматкерлери, 23-март, 2024-жыл

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда терроризмге каршы иш-чаралар жүрүп жатканын белгилеп, зарыл иши болбогондор ал өлкөгө барбай турганы оң деп эскертти. Кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү мекендештерди топтошуп ооз ачтыруу жана башка жамааттык иш-чараларды өткөрбөй турууга чакырып жатат.

Москвада 130дан ашык адамдын өмүрүн алган кандуу окуядан кийин Орусиядагы айрым мигранттар аларга карата мамиле катаалдаганын, басым-кысым жана текшерүү көбөйгөнүн айтып чыгышты.

Социалдык тармактарда, Орусияда жүргөн мекендештердин достук топторунда Орусияда мигранттарга карата мамиле катаалдаганы тууралуу маалыматтар жарыялана баштады. Москвада жүргөн кыргыз жарандардын бири шериги экөө кодулоого кабылганын айтып, мекендештерди сак болууга үндөп кайрылуу таратты.

"Дүкөндөн чыгып баратсак, 18-23 жаш курактагы орус балдар жабылып келип бетиме калемпир спрей чачып, "мигранттар, үйүңөргө кеткиле" дешти. 102ге чалган жокпуз. Эч нерсе кылган жокпуз, карап тургандар деле эч нерсе кылган жок. Абайлаңыздар, кечинде кадимкидей рейд болуп жатыптыр. Туугандар, абайлагыла. Азыр ошол балдар Химкиде жүрөт, эшикке чыкпай эле койгула".

Буга чейин бийликчил айрым Телеграм-каналдар Москвада укук коргоо органдарында атайын топтор түзүлгөнүн, чет элдик жарандарды текшерүүнү күчөткөнүн жазышкан. Ага ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн полиция кызматкерлери менен бирге хостелдерге, автотрассаларга бөлүнүп рейд жүргүзүп жатканы белгилүү болгон.

Полиция автоунааларды токтотуп, курал-жарак бар жогун текшерүүдө. Мигранттардын тобу кармалганын “Москва сейчас” телеграм каналы күбөлөргө таянып жазды. Текшерүүлөр катуу болуп жатканын Москвада таксиде иштеген айдоочулар да айтууда.

"Көчөдө жол көзөмөл кызматкерлери абдан көп болду. Баарын токтотуп жатышты. Текшеришти. Кечээ күндөн тарта “чет элдик айдоочу” операциясы болуп жатат. Ар бир айдоочуну токтотуп, текшерүүдө. Кимдир бирөөнү кармап жатат, кимдир бирөөнүн машинасын алып коюуда", - деди такси айдаган мигрант.

"Озоди" радиосу Москвадагы соңку окуядан кийин тажикстандык мигранттарга ксенофобиялык (улутуна байланыштуу чочулоо, жерүү, күч колдонуу) мамиле күчөп, көбү көчөгө чыгуудан коркуп турганын жазган. Анда арыздангандар мигранттар иштеген кафе өрттөнгөнүн, жарандар сабалган, камалган окуялар болуп жатканын, тажик улутундагы такси айдоочулардын кызматын пайдалануудан баш тарткандар болуп жатканын айтып беришкен.

"Тажик улутундагы адам экениңди же Тажикстандын жараны экениңди көргөндө башкача текшерип баштайт. Башкача суроолорду беришүүдө. Мамилеси дароо өзгөрөт. Орой сүйлөп баштайт. Биздин таксисттердин тобубузга Нижний Новгород, Саратов жана башка аймактардан жазып жатышты. Алар улутуна карап, шылдыңдоого, кемсинтүүгө кабылганын айтууда", - деди мигранттардын бири.

Инстаграмдагы “Эркин шам” баракчасы дагы тажикстандыктарды азырынча жумушка барбай турууга же Орусиядан убактылуу чыгып кетүүнү сунуштаган. Ал эми кээ бир кардарлар такси кызматтарынан тажик улутундагы айдоочуларды жибербөөнү талап кылган учурлар катталууда.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү мекендештерди азырынча чогулбай, иш-чараларды өткөрбөй турууга үндөп жатышканын билдирди:

"Мен азырынча эч кандай басым-кысымды көрө элекмин. Москвада күндөгүдөй эле турмуш өтүп жатат, буюрса. Биз диаспоранын өкүлү катары керектүү маалыматтарды колубуздан келишинче коомчулукка жеткирип жатабыз. "Эл көп топтолгон жерге барбаңыздар, зарыл жумушуңар болбосо, көчөгө кечинде чыкпай туруңуздар" деп эскертип жатабыз. Азыр Орозо айы дагы эмеспи. Ар кыл коомдук уюмдар чогулуп кафелерге, чайханаларга чогулуп алып ооз ачар өткөрүп жатышкан. Биз алардан ушундай жана башка иш-чараларды өткөрбөй токтотуп туруңуздар деп сурандык".

Дем алыш күндөрү Москвада “Шереметьево” аба майданында Кыргызстандан учуп барган айрым жарандар кармалып турганы белгилүү болгон. Москвадагы кыргыз элчилиги алар буга чейин Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн бул өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын, жакынкы каттам менен кайра мекенине учуруларын кабарлаган. "Азаттыкка" кармалгандардын бири Орусияга биринчи жолу келген жарандар да бар экенин айтып берген.

Борбор азиялык мигранттарга каршы маанайда “Царьград телеканалы” эки сааттык берүү чыгарды. Анда борбор азиялык эмгек мигранттары Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратары айтылып, миграциялык саясатты өзгөртүп, мигранттардын кирип-чыгуусун текшерип, визалык режим киргизүү, миграция боюнча министрлик түзүү зарылдыгы тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров Москвадагы кандуу окуядан кийинки жагдайга байкоо жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүп туруу үчүн министрликте жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Ал Орусияда терроризмге каршы чаралар күчөгөндүктөн рейддер жүрүп жатканын бышыктап, бул өлкөгө зарыл иши болбогондорду келбей турууга чакырып жатышканын айтты. Учурда элчиликте дагы, министрликте дагы ыкчам телефондор иштеп жатканын белгиледи.

"Азыркы учурда орус тарап антитеррордук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Өлкөгө кирип-чыгуу, чек арадан өтүү учурунда текшерүү күчөтүлдү. Биздин 11 жаранды аэропорттон тосуп алып бир бөлмөгө киргизип, паспортторун алып кетирбей койду деп жатышпайбы. Бул Орусия тараптын азыркы шартка, кырдаалга жараша жүргүзгөн чаралары. Ошондуктан элчилик биз тараптан Орусияга кирүүнү алдын ала пландап, зарыл иштери болбосо барбай турууну сунуштайт, бул тууралуу бардык диаспоралык уюмдарга маалымат таратылып жатат. Антитеррордук иш-чаралар канча убакытка чейин жүрөрү боюнча бизде маалымат жок. Кээ бир жарандар "кара тизмеде" же буга чейин укук бузган болсо өлкөгө киргизилбей жатат", - деди Кадыров.

Москва: 130дан ашуун өмүрдү алган кол салуу

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.Социалдык медиага тараган видеодон куралчан адамдар залда кезиккен адамдын баарын атып баратканын көрүүгө болот.
1/25 22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.Социалдык медиага тараган видеодон куралчан адамдар залда кезиккен адамдын баарын атып баратканын көрүүгө болот.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Имараттын ичинде дүрбөлөң башталып, эл сыртка чыгуу үчүн кача баштаган. Күбөлөрдүн айтымында, имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан, чатырдын жарымы кыйраган.
2/25 Имараттын ичинде дүрбөлөң башталып, эл сыртка чыгуу үчүн кача баштаган. Күбөлөрдүн айтымында, имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан, чатырдын жарымы кыйраган.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери элди алып чыгып, кол салгандарды издей баштаган. Имарат курчоого алынып, ок аткандар качып кеткени тууралуу дагы маалыматтар тараган. Социалдык түйүндөрдө кылмышка шектүүлөрдүн автоунаасы деген сүрөттөр жарыяланды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Бортников 23-мартта Путинге&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/32874220.html" target="_blank">11 адам кармалганы тууралуу</a>&nbsp;маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС Кремлдин басма сөз кызматына таянып билдирди.
3/25 Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери элди алып чыгып, кол салгандарды издей баштаган. Имарат курчоого алынып, ок аткандар качып кеткени тууралуу дагы маалыматтар тараган. Социалдык түйүндөрдө кылмышка шектүүлөрдүн автоунаасы деген сүрөттөр жарыяланды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Бортников 23-мартта Путинге 11 адам кармалганы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС Кремлдин басма сөз кызматына таянып билдирди.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
&quot;Крокус Сити Холлдогу&quot; окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти &quot;Ислам мамлекети&quot; террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатты, бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы &quot;Ислам мамлекети&quot; тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты.
4/25 "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатты, бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Эки жума мурда, Орусиядагы президенттик шайлоо алдында АКШ Москвада теракт болушу мүмкүн экенин эскертип, америкалык жарандарга эл көп топтолгон жерге барбоого чакырган. Шайлоодон кийин Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнүн&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/32853722.html" target="_blank">Орусияда теракт болушу мүмкүн&nbsp;</a>деген чочулоосуна &quot;чагым&quot; жана &quot;коомдо башаламандык жаратуу аракети&quot; катары баа берген.
5/25 Эки жума мурда, Орусиядагы президенттик шайлоо алдында АКШ Москвада теракт болушу мүмкүн экенин эскертип, америкалык жарандарга эл көп топтолгон жерге барбоого чакырган. Шайлоодон кийин Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнүн Орусияда теракт болушу мүмкүн деген чочулоосуна "чагым" жана "коомдо башаламандык жаратуу аракети" катары баа берген.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Кол салууда өлгөндөрдүн саны 115ке жетти.&nbsp;Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген жана ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 37 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жаракат алганын жазып жазышууда.
6/25 Кол салууда өлгөндөрдүн саны 115ке жетти. Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген жана ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 37 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жаракат алганын жазып жазышууда.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
АКШ, Германия, Британия жана Түркия баштаган 20дай өлкө орусиялыктарга көңүл айтып, кол салууну айыпташты. Жай тургундарга кол салууну Евробиримдик жана БУУ дагы айыптады. Кыргызстандын кол салууну<a href="https://www.azattyk.org/a/32873578.html" target="_blank">&nbsp;айыптаган билдирүүсүн&nbsp;</a>Тышкы иштер министрлиги таратты. Орусиядагы кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырды.
7/25 АКШ, Германия, Британия жана Түркия баштаган 20дай өлкө орусиялыктарга көңүл айтып, кол салууну айыпташты. Жай тургундарга кол салууну Евробиримдик жана БУУ дагы айыптады. Кыргызстандын кол салууну айыптаган билдирүүсүн Тышкы иштер министрлиги таратты. Орусиядагы кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырды.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
22-март кечинде орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары шектүүлөр машинеге отуруп, из жашырып кеткенге үлгүргөнүн жазышкан. &ldquo;Теракт&rdquo; беренеси менен иш козголгон. Бир катар Телеграм-каналдар кармалгандар тажик жарандары экенин жазышты. Бирок&nbsp;Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги &quot;Крокус Ситидеги&rdquo; кол салууга тажик жарандарынын байланышын такталбаган маалымат деп атады.
8/25 22-март кечинде орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары шектүүлөр машинеге отуруп, из жашырып кеткенге үлгүргөнүн жазышкан. “Теракт” беренеси менен иш козголгон. Бир катар Телеграм-каналдар кармалгандар тажик жарандары экенин жазышты. Бирок Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги "Крокус Ситидеги” кол салууга тажик жарандарынын байланышын такталбаган маалымат деп атады.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге &quot;Крокус Ситидеги&rdquo; кол салууга шектүү 11 киши кармалганы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кремлдин пресс-кызматына таянып жазды.
9/25 Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокус Ситидеги” кол салууга шектүү 11 киши кармалганы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кремлдин пресс-кызматына таянып жазды.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Путиндин пресс-катчысы<strong>&nbsp;Дмитрий Песков</strong>&nbsp;орус президенти &quot;Крокус сити Холлдо&quot; болгон окуя тууралуу ок атыла баштаганда эле кабардар болгонун билдирди.&nbsp;
10/25 Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков орус президенти "Крокус сити Холлдо" болгон окуя тууралуу ок атыла баштаганда эле кабардар болгонун билдирди. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Орусиянын көптөгөн шаарларында массалык иш-чаралар, концерттер токтотулуп, эл көп жүргөн жерлер жабылууда.
11/25 Орусиянын көптөгөн шаарларында массалык иш-чаралар, концерттер токтотулуп, эл көп жүргөн жерлер жабылууда.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер. Орусия. 23-март.&nbsp;
12/25 Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер. Орусия. 23-март. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер.&nbsp;
13/25 Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Орусиянын президенти Владимир Путин &ldquo;Крокус Сити Холлдогу&rdquo; кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер.&nbsp;
14/25 Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Орусиянын шаарларында кол салуунун курмандыктары эскерилүүдө. Андан тышкары Париж, Таллин, Вена, Ташкент, Кишинёв баштаган дүйңөнүн ири шаарларында адамдар маркумдарды эскерип, гүл коюп, шам жагып жатышат.
15/25 Орусиянын шаарларында кол салуунун курмандыктары эскерилүүдө. Андан тышкары Париж, Таллин, Вена, Ташкент, Кишинёв баштаган дүйңөнүн ири шаарларында адамдар маркумдарды эскерип, гүл коюп, шам жагып жатышат.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Эскерүү иш-чарасы Кыргызстандын борбор калаасында да өтүп жатат. Бишкектеги Орусиянын элчилигинин имаратынын астына шаардыктар гүл коюп жатышат. 23-март, Бишкек, Кыргызстан.&nbsp;
16/25 Эскерүү иш-чарасы Кыргызстандын борбор калаасында да өтүп жатат. Бишкектеги Орусиянын элчилигинин имаратынын астына шаардыктар гүл коюп жатышат. 23-март, Бишкек, Кыргызстан. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Бишкек. 23-март, 2024-жыл.&nbsp;
17/25 Бишкек. 23-март, 2024-жыл. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Каза болгондорду эскеруү үчүн келгендер. Бишкек. 23-март, 2024-жыл
18/25 Каза болгондорду эскеруү үчүн келгендер. Бишкек. 23-март, 2024-жыл
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Каза болгондорду эскеруү үчүн келгендер. Бишкек. 23-март, 2024-жыл
19/25 Каза болгондорду эскеруү үчүн келгендер. Бишкек. 23-март, 2024-жыл
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Каза болгондорду эскерүү. Москва. 23-март, 2024-жыл.&nbsp;
20/25 Каза болгондорду эскерүү. Москва. 23-март, 2024-жыл. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Каза болгондорду эскерүү. Белград. Сербия. 23-март.
21/25 Каза болгондорду эскерүү. Белград. Сербия. 23-март.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Каза болгондорду эскерүү.&nbsp;
22/25 Каза болгондорду эскерүү. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
&quot;Крокус Сит Холлдун&quot; астында отурган аял.&nbsp;
23/25 "Крокус Сит Холлдун" астында отурган аял. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Каза болгондорду эскерүү. 23-март.&nbsp;
24/25 Каза болгондорду эскерүү. 23-март. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Каза болгондорду эскерүү. Москва.&nbsp;
25/25 Каза болгондорду эскерүү. Москва. 
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Артка
Алдыга

Расмий соңку маалыматка ылайык, Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салууда бери дегенде 137 адам мерт болуп, дагы 187 киши жараат алды.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” кабарлаган. Ички иштер министрлиги шек саналгандардын төртөө тең чет элдик экенин билдирген, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган эмес.

Кремлге жакын айрым Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып жатышат. Москва расмий түрдө андай маалымат бере элек.

Москванын Басман райондук соту 25-мартка караган түнү “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга шектүүлөрдү 22-майга чейин камакка алды.

Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализоде, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридун терроризмге айыпталууда. Шектүүлөрдүн айыбы далилденсе өмүрүнүн аягына чейин соттолушу мүмкүн. Соттук жараян жабык өттү.

Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондорду эскеришти.

  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG