"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Вашингтон шаарындагы кабарчысы. 1999-2016-жылдары Орусияда Bloomberg News басылмасынын кабарчысы болуп иштеген.
АКШнын прокуратурасы Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковго ок атуучу курал-жаракты Орусияга мыйзамсыз ташыды деген айып такты. Ал бул куралдарды Америкадан Кыргызстанга алып келип, андан соң Орусияга жөнөткөн деп шектелүүдө. Жарновниковдун адвокаттары бул айыптар боюнча үн ката элек.