28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду. Жолугушуунун соңку бөлүгүндө Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралды. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашты.
"Нес абалдабыз" - окуя тууралуу оюн айткандардын көбү мына ушундай пикирин билдирүүдө.
Республикачы сенатор Линдси Грэм "Президент Трамп менен болуп көрбөгөндөй сыймыктанып жатам, анткени ал америкалыктарга жана бардык дүйнө жүзүнө аны менен тамашалашкан болбой турганын көрсөттү... Ал согушту токтотууга жетишүүнү каалаган. Ал согушту токтоткусу келет", - деди. Трамп менен жолугуп чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Грэм Зеленский тууралуу "Ал же отставкага кете алат, же биз менен иштеше ала турган бирөөнү жөнөтсүн, же өзү өзгөрүшү керек" деди.
Өз кезегинде Владимир Зеленский Fox News телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып "өнөктөштөр" кырдаалды туура түшүнсө деп каалай турганын айтып, "Мен биздин достукту жоготкум келбейт… Биз Америкага ыраазыбыз", – деп кошумчалады.
Бир нече республикачы мыйзам чыгаруучу Трамптын Зеленскийди кескин сындаганын колдоп чыгышты.
"Акыры бизде чындыкка умтулган, Вашингтондун токтобогон согуштарына каршы чыккан президент пайда болду", – деп жазды Х социалдык түйүнүнө Огайодон сенатор Берни Морено.
Конгресстин мүчөсү, теги украин Виктория Спарц Владимир Зеленскийди "АКШ президентине жана америкалык элге акарат кылып" украиндиктерге тескери иш жасаганин айтты.
Демократ мыйзам чыгаруучулар, тескерисинче, АКШ президентин "диктатор тарапта" деп айыптап жатышат.
Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис атайын билдирүү таратып, «Президент Трамп жана анын администрациясы Американы дүйнөлүк аренада уят кылууну улантып жатышат. Бүгүнкү Ак үйдүн Украинанын президенти менен жолугушуусу өтө жаман болду, ал таш боор диктатор Владимир Путиндин мындан ары да бекемдөөсүнө гана өбөлгө түзөт. Кошмо Штаттар орусиялык агрессияны колдобостон, Путинди тынчытууну улантышы зарыл», - деди.
Америкалык басылмалардагы маанайдан негизинен кооптонууну байкоого болот.
Консервативдүү Wall Street Journal бул окуядан Путин утушта болуп жатканын жазды. Гезит "Трамптын мындай фиаскону Американын күчү катары сыпаттап, коргоп жаткан союздаштарын көрүп таң калса болот. Американын кызыкчылыгы Владимир Путиндин жок болгон советтик империяны калыбына келтирүүгө багытталган импердик ниетин басуу болушу керек" деп жазды.
Ал эми либералдуу The New York Times. "Америка уят болгон күн" деген комментарий менен чыкты.
Америкалык публицист, Орусияны жакшы билген Дэвид Саттер маселе Украинанын жетекчилигине болгон жеке мамиледе деп эсептейт.
"Президент Трамп Украина менен Орусия ортосунда тынчтык орношун каалайт, бирок ошол эле учурда Украинанын жетекчилигине карата кыжырдануу сезими бар, себеби алар анын саясий оппоненттерин колдогон деп эсептейт. Трамп да, анын тегерегиндегилер да эгер тараптардын бирине карата ички таарынычы болсо, аны жазалагысы келип жүрсө чырды чечүүгө натыйжалуу ортомчу боло албай турганын түшүнбөй жатышкандай сыяктанат", – деди Саттер "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде.
Ал эми Гарвард университетине караштуу Дэвис борборунун кызматкери, тарыхчы Жошуа Рубенстин бир аз тыныгуудан кийин алака калыбына келиши мүмкүндүгүн айтты:
"Владимир Зеленский Дональд Трамп менен мамилени тынч шартта, балким, дипломаттардын ортомчулугу аркылуу калыбына келтирүү жолун таба алат деп үмүттөнөм. Мында ага Украинанын европалык союздаштары жардам бере алмак. Согуштун тынч чечилиши Орусияга да, Украинага да, кармашты чын эле токтоткусу, ошону менен көрүнгүсү келип жаткан Трампка да керек экенин түшүнүү зарыл".
Өз пикирин Европа лидерлери да билдирүүдө. Алар Украинаны толук колдой турганын айтып чыгышты.
Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармердин өкүлү ал Украинаны бекем колдой турганын, Трамп менен да, Зеленский менен да телефондон сүйлөшкөнүн, Украинанын эгемендикке жана коопсуздукка негизделген бекем тынчтыгына карай жолду табуу үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын айтты.
"Силер жалгыз эмессиңер", — деди Украинага кайрылып Польшанын премьер-министри Дональд Туск.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусия агрессор экенин, ал эми украиналыктар агрессияга кабылган адамдар экенин белгилеп, "Эң башынан бери кармашып келе жаткандарды урматташыбыз керек", — деп кошумчалады.
Украин тарапты Дания, Испания, Молдова, Канада, Австралия, Нидерланд, Чехия, Латвия, Литва, Эстония өлкөлөрү да колдоп чыгышты.
Владимир Зеленский жолугушуу ошондой аяктаганына карабастан Ак үй менен мамилени сактап калса болот деген пикирин билдирди.
Алгач Fox News телеканалынын суроосуна жооп берип жатып ал Трампты урматтай турганын жана мамилени "албетте" жөнгө салса болорун, анткени Украина өнөктөшүнөн айрылууну каалабай турганын айтты.
Ал АКШнын колдоосу болбосо Кремлдин аскердик күчүнө туруштук берүү Украина үчүн оор болорун айтып, Киев орус аскерлери кайрадан басып кирбейт деген коопсуздук кепилдиги болмоюнча Москва менен сүйлөшүүгө барбай турганын белгиледи.
"Украина тынчтыкты каалайт жана бизде тынчтык болот", — деген украин президенти тынчтык "акыйкат жана бекем" болушу керек экенин айтты жана сүйлөшүү жүргүзүү үчүн "биз күчтүү позицияда болушубуз зарыл" деп кошумчалады.
Мындан жаман болуу мүмкүн эмес эле
Украин президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйгө барып, ошол жерден жолугушуу өткөрүүсүндө чоң мүмкүнчүлүк жатты эле. Жолугушуу Украина менен АКШны эч болбогондо кагаз жүзүндө бириктирип, Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трампка Киевдин Орусиянын кысымына каршы туруусуна жардам беришине көбүрөөк стимул боло тургандай кен байлыктар боюнча келишим түзүүгө алып келмек. Атышуу токтосо же Орусия менен тынчтык келишими түзүлсө Вашингтондун Киевге сунуш кыла алчу кандайдыр бир кепилдиктери барбы, бар болсо, алар кайсылар экенин билүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Эч болбоду дегенде Зеленский менен Трамп өткөн аптадагы сын сөздөрдөн кийин пикир келишпестигин чечип алмак.
Бирок талаш-тартыш чечилмек түгүл, ого бетер күчөдү. Зеленский Трамптын жана вице-президент Жей Ди Вэнстин Сүйрү кабинеттеги жолугушууда журналисттер алдындагы көпчүлүк өтө катуу деп баалап жаткан жемелөөсүнөн кийин Ак үйдөн эрте эле чыгып кетти, кен байлыктар боюнча келишимге кол коюлган жок, эки президент катыша турган пресс-конферениция өтпөй калды.
Мындай жагдай жаратылыш ресурстары боюнча келишимдин келечеги тууралуу күмөн саноо гана жаратпастан, АКШнын Украинага жардамынын келечеги жана Орусиянын Украинадагы согушун токтото же аяктай турган кандай гана болбосун келишимдер ыктымалдыгы боюнча ансыз да катуулап жаткан күмөн ойлорду ого бетер күчөттү.
Алдыда Ак үйдөгү кайым айтыштан кийинки төрт бүтүмгө токтолобуз.
Залака олуттуу болушу ыктымал
Трамп менен Зеленский кол коёт деп болжолдонгон кен ресурстары боюнча келишим эки тараптын ниетин чагылдыруучу гана документ болуп эсептелет, ошондуктан талдоочулар анын азыркы таптагы баалуулугу символикалуу экенине көңүл буруп жатышат. Символикалуу дегени - эки президентке дипломатиялык жеңишке жетишкенин жарыялоого шарт түзүлмөк, Украинага берилген жана, балким, келечекте да бериле турган жардамды улантуу зарылбы деген маселе көтөрүлүп жаткан чакта Трамптын администрациясы мындай колдоо зарыл экенин айтууга мүмкүнчүлүк алмак.
Трамп келишимдин долбоорун Украинада тынчтык орнотууга карай аяр жолдогу маанилүү кадам деп атап, аны колдой турганын билдирген. Андыктан Киев менен Вашингтондун согушту токтотуу же Орусия менен тынчтык келишимин түзүү боюнча биргелешип иштөө дарамети канчалык экенин мына ушул документтин келечеги көрсөтөт.
Бирок, жаратылыш байлыктары боюнча келишимден тышкары АКШ Украинадан жүзүн дароо буруп кетүү ыктымалдыгы канчалык деген дагы бир олуттуу маселе бар — мисалы, азыр да уланып жаткан аскердик жардамын токтотуп же кыскартабы, Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн Киевсиз деле жүргүзө береби?
Ажырым узакка уланышы мүмкүн, балким, андай болбойт деле
Ак үйдөгү кайым айтыш Трамп менен Зеленский ортосундагы украин президенти шайланып келген 2019-жылдан бери эле чыңалган абалдагы мамилени ого бетер курчутту. Бирок баары дале алдыда болушу мүмкүн. Себеби окуя Трамп Зеленскийди "диктатор" деп атап, ал эми Зеленский Трамп Орусиянын президенти Владимир Путиндин пропагандасына алдырганын айтып, бирин бири сындап чыккандан кийинки жагдай жөнгөрүлүп калгандай сезилип турган учурда болду. Зеленскийдин Вашингтонго сапарын утурлай Трамп журналисттердин аны "диктатор" деп атаган сөзү боюнча суроосуна "Мен чын эле ошондой дедимби? Муну айтканыма өзүм да ишене албай турам", — деп жооп берген.
Ал эми Зеленский үчүн Ак үйдөгү ачуу жолугушуу АКШнын мындан аркы да жардамына, Кошмо Штаттардын колдоосуна негизделген коопсуздук чараларына үмүтүн үзүүгө негиз болбосу анык. Андыктан мынчалык окуя болуп кеткенине карабастан абал жөнгөрүлөт деген бир аз болсо да мүмкүнчүлүк бар.
АКШ–Европа ажырымы күчөйбү?
Кошмо Штаттар менен Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн ортосундагы мамиле Трамп быйыл 20-январда кайрадан президенттик кызматка киришип, Украина менен Орусия мамилеси жана соода-сатыктан тартып либералдык баалуулуктарга байланыштуу бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктен улам чыңалып турган.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин 14-февралда Германиянын Мүнхен шаарында коопсуздук боюнча конференцияда Европаны айыптаган сөзү кооптонуу жараткан. Анда ал Европанын өзүнүн ичиндеги процесстер Орусия, Кытай же кайсы бир башка тышкы субъектиге караганда көбүрөөк коркунуч келтирип жатканын айткан.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Ак үйгө ушул аптада Зеленскийден мурда барып, ортодогу, айрыкча Орусиянын Украинага каршы агрессиясына, согушуна байланыштуу кандай айла тапса болору боюнча маселедеги мамилени жөнгөрүүгө аракет кылышты.
Эгер Зеленскийдин Вашингтонго сапары жакшы жыйынтыкталса, АКШ менен Европанын ортосундагы алаканы көбүрөөк бекемдөөгө да өбөлгө болмок. Бирок эми, кайым айтышуудан кийин, таптакыр башкача абал түзүлүшү мүмкүн, себеби европалык көптөгөн лидерлер Украинага тилектештигин билдирип чыгышкандан кийин бул окуя трансатлантикалык чыңалууну жаратты.
Европа комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен Х социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу украин президенти Зеленскийге кайрылып, "Күчтүү бол, кайраттуу бол, тайманбас бол" деди жана ал "эч качан жалгыз калбай турганын" белгилеп, "Адилет жана туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн биз сиздер менен иштөөнү улантабыз" деп жазды.
"Адилет тынчтык" үмүтүнө каршы сокку
Зеленский жана европалык лидерлер айтып жаткан "адилет жана туруктуу тынчтык" – Орусияга Украинаны алсыратууга, аны Москванын үстөмдүгү алдында калтырууга, кийин да орусиялык чабуулга кабылуу коркунучун жаратууга мүмкүнчүлүк бербей турган тынчтык шарты.
Трамп 12-февралда Путинге телефон чалып, өзүнүн жогорку кызматтагы адамдарын Эр-Риядга орусиялык кесиптештери менен жолугушууга жөнөткөн кадамы Кошмо Штаттардын буга чейинки президенти Жо Байдендин Москваны Украинага кол салганы үчүн изоляцияда калтыруу аракетин жокко чыгарып, Киевде жана Брюсселде Украинага бир тараптын гана кызыкчылыгын көздөгөн тынчтык келишими таңууланышы ыктымал деген кооптонууну жараткан.
Баары жакшы өтсө, Зеленский менен Трамптын 28-февралдагы жолугушуусу ошондой кооптонууну токтотмок, анткени украин президенти Трамп аны менен Путинге чейин жолугушары маанилүү экенин айткан. Бирок баары башкача болуп, эми ал кооптонуу ого бетер күчөшү мүмкүн.
Шерине