Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:39

"Дордойдо" салыкты базар башчылары көзөмөлдөйт


Дордой базары.
Дордой базары.

“Дордой” базарындагы соодагерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн базардын администрациясы көзөмөлдөп, салык агентинин милдетин аткара турган болду. Салык кызматы пилоттук долбоор ийгиликтүү болсо ал башка базарларга да жайылтыларын билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун мындай жарлыгы 13-февралда жарыяланды. Ишкерлер азырынча бул чечим тууралуу анчейин кабары жок.

Пилоттук долбоор

Бул пилоттук долбоордун негизинде базар администрациясы 15-марттан баштап беш ай бою салык агентинин милдетин аткарат. Ошондой эле 1-июндан 31-августка чейин бул базардагы жеке ишкерлер үчүн Бирдиктүү салык эсебин киргизүүгө тийиш.

Документ жаңы жарыяланганы үчүн уюштуруу боюнча айрым маселелер али тактала элек. Базардын жетекчилиги бул чечимди кубаттап, ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлөрүн айтууда.

“Дордой” базарынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн башкарган “Мурас-спорт” ишканасынын жетекчиси Назгүл Конокбаева буларды билдирди:

“"Дордойдун" масштабы чоң экенин билесиңер. Эми алар үчүн бир эле тиркеме түзүп, ошол жерден алардын арызын кабыл алууга, төлөм жасоого мүмкүнчүлүк берилет. Ошол үчүн азырынча пилоттук долбоор. Жумушчу топ жаңы эле түзүлдү, башка маалымат кийин билинет. Ошондо биз салык чогултууга жардам беребиз. Салык кызматы мониторинг жүргүзүп турат”.

Жарлыкта жазылгандай, “Дордойдогу” пилоттук долбоордун жыйынтыгы менен 1-октябрга чейин салыктык өзгөртүүлөр боюнча мыйзам даярдалып, Жогорку Кеңешке киргизилиши керек. Анда салык агентинин укугу, милдети камтылып, жеке жактар үчүн бирдиктүү салык эсеби да кириши шарт.

Салык кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ысабеков долбоор ийгиликтүү болсо, мындай эреже өлкөдөгү башка базарларга да жайылтыларын маалымдады:

“Контейнерлердин ар бири боюнча маалымат чогулуп, соодагерлер үчүн тиркеме иштелип чыгат. Ал жерден кандай суммада салык төлөй турганы да көрүнүп турат. Бул жерде эң башкысы, салык кызматы тарабынан текшерүүлөр болбойт. Ишкерлерге нааразы болбогондой жөнөкөй шарттар түзүлүп, базардын администрациялары аркылуу жүрөт. Пилоттук долбоор ийгиликтүү болсо мыйзамга өзгөртүү киргизилет. Ошонун негизинде мындай эреже башка базарларга да жайылтылат”.

Учурда “Дордойдогу” соодагерлердин көбү бирдиктүү салыкка өткөн. “Дордой” “өзгөчө салык режимине” киргени үчүн салык төлөөчү өзүнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн өзү белгилеп, ылайык келген салык режимин тандайт. Маселен, бир жылдык соода жүгүртүүсү 4 млн сомго чейин болсо, жылына 18 миң сом же айына 1500 сом салык төлөйт. Ал эми 100 млн сомдон ашса, ошого жараша жылына 1 млн сом төлөйт.

"Мурда адамдык фактор көп эле"

Базардагы соодагерлер салыктык агент боюнча чыккан жарлык тууралуу азырынча көп кабардар эмес.

“Дордойдогу” ишкер Урмат Байматов бул маселе боюнча Салык кызматынын жетекчилиги менен сүйлөшүү болгонун, ошондо салык төлөөдө адамдык факторду азайтуу зарылдыгын көтөргөнүн айтты:

Мурда салык инспектору өзү келип, колдон жыйнап кетчү. Адамдык фактор көп эле. Азыр эми санариптештирүү деп жатпайбызбы, ар кандай мобилдик тиркемелер аркылуу төлөсө болот. Базарда 3-4 жерде инспекторлор отурат, кезек өтө узак болот. Азыр ар бир соодагердин ИПсы бар, өзүнүн тиркемесинен эле төлөмдөрдү жаап коёт. Акылбек Жапаровдун маалында калдыктарды эсептеп, кампаларды карап чыгып, аны легалдаштыруу үчүн 10% төлөшүбүз керек болгон. Биз өзүбүз 10% пайда үчүн иштесек, анда аны легалдаштыруунун мааниси каякта? Эми мындан ары аларды эсептөө жок. Шыкмаматов реалдуу карап, санариптештирүү аркылуу чыныгы көйгөйлөрдү чечкени жатат”.

Кыргыз өкмөтү соңку жылдары көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуунун амалын көздөп келет. Анын алкагында патент системасын жоюп, бирдиктүү салыкка өтүү талабын койгон.

Мындан тышкары соодагерлер электрондук товардык коштомо кагазды (ЭТКК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонушу керек болгон.

Өкмөттүн мындай чечимине нааразы болуп, алгач ушул "Дордой" базарынын соодагерлери чыккан. Кийин мындай акциялар көп базарларда өткөн.

Соңку жарлыктагы өзгөртүүлөр базардагы соодагерлердин ишин жеңилдетип, нааразылыкка себеп болгон жагдайларды алдын алары тууралуу пикирлер айтылууда. Экономист Эрлан Камалов мындай чечимди мамлекет менен ишкердин ортосундагы “алтын ортону” деп мүнөздөдү:

"Бул мамлекет менен ишкердин алтын ортолугу катары каралат. Мисалы, базардын администрациясы алар менен аябай тыгыз иш алып барат. Ижара акысы, башка төлөмдөр боюнча алар менен түздөн-түз иштегени үчүн ишкерге ыңгайлуу. Алар бир гана тарап менен иштешет. Биз ишкерлердин убактысын көп албай, болушунча жөнөкөйлөтүлгөн механизмдерди киргизишибиз керек".

Кыргыз өкмөтү салыктык эрежелер кайра каралып чыгарын, электрондук товардык коштомо кагаз айрым тармактарга гана кирерин белгилеп, башка да жөнөкөйлөтүлгөн чаралар кирерин билдирип жатат.

Жумшара баштаган салык саясаты

8-январда президент Садыр Жапаров калктын салыктык түйшүгүн азайтуу боюнча жарлыкка кол коюп, өкмөткө бир нече тапшырмаларды берген. 20 күн өтпөй Министрлер кабинети өз анализин жарыялап, сунуштарын алып чыкты.

Ага ылайык, эски карыздар кечилет. Өкмөт 2022-жылдын 1-январына чейин төлөнбөй калган салыктык карыздардын баарын кечмей болду. Бул өлкө тарыхындагы эң ири салыктык амнистиялардын бири болмокчу. Ал компанияларга, жеке ишкерлерге жана катардагы жарандарга да тиешелүү.

Буга кошумча, 2025-жылга чейин унаа салыгын төлөй электер да карыздан бошотулмай болду. Акыркы жылдын салыгын төлөбөгөндөрдүн гана эмес, буга чейин жылдап төлөбөй келгендердин карыздары да жоюлат.

Мындан тышкары, унаа салыгы жоюлат, дыйкандар жер салыгын төлөбөйт. Профилактикалык текшерүулөр киргизилет.

Шерине

XS
SM
MD
LG