Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

ИИМ "криминалга тиешеси бар" деген шек менен Кудрет Тайчабаров кармалганын билдирди


Кудрет Тайчабаров
Кудрет Тайчабаров

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мурда уюшкан кылмыштуу түзүмдөрдүн мүчөлөрү менен мүмкүн болгон байланыштары боюнча текшерүү материалдарында аты аталган Т.К.М аттуу жаран кармалганын билдирди. Бул тууралуу маалымат министрликтин расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык,шектүү зарыл болгон тергөө иш аракеттерин жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген. Министрлик кармалган жаран Жогорку Кеңешке болгон шайлоого катышууга ниеттенип, кийин интернетке анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен чогуу түшкөн сүрөтү тараганын кошумчалады.

ИИМ тараткан жарандын инициалдары Кудрет Тайчабаровдун аты-жөнүнө туура келет.

Тайчабаров буга чейин 19-шайлоо округунан талапкер болуу ниети менен БШКга арыз жазган. Кийин ага түспөлдөш адамдын эки жыл мурун кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке тараган. БШК дал ушул сүрөттү себеп кылып, Кудрет Тайчабаровду талапкер катары каттоодон баш тарткан. Ал Көлбаев менен сүрөткө түшкөнүн ырастап, Бишкек эркин экономикалык зонасын жетектеп турганда "ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн" жолукканын түшүндүргөн.

Бир катар гезиттерде журналист болуп иштеген Тайчабаров 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору, кийин Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген. Ал соңку маалда соцтармактар аркылуу бийликтин дарегине сын-пикирлерин да жазып калчу.

Шерине

XS
SM
MD
LG