Стамбулдун Башкы прокуратурасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну баш кылып 37 саясатчы, аскер кызматкерин "Газадагы геноцидге жана аскердик кылмыштарга" айыптап, камоого ордер берди. Бул тууралуу Daily Sabah агенттиги билдирди.
Иликтөөдө Израилдин Газага чабуулдарынан 68 миңдей палестин, көпчүлүгү аялдар жана балдар набыт болгону жазылган.
Стамбулдагы адвокаттар коллегиясынын өкүлү Ясин Шамлы Израил “адамзатка каршы жасалган кылмыштары, геноцид жана эл аралык макулдашууларды бузганы үчүн” жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирди. Шамлы мындай кылмыштар эскирбесин жана Түркиянын улуттук сотторунун юрисдикциясына туура келерин кошумчалады.
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Анкаранын бул аракетин түрк президенти Рэжеп Эрдогандын “тирандын пиар-жүрүшү” деп атады. Ал түрк сот системасы “капкачан эле саясий оппоненттерин басынтуу куралына айланып калганын” айтты.
Буга чейин Эл аралык кылмыш соту да Нетаньяхуну 2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын май айына чейинки убакта Газа тилкесинде адамзатка каршы жана аскер кылмыштарына шектеп, камоого ордер берген. Израил муну антисемитизмге айыптаган.
Израил Газа тилкесиндеги аскер операцияларын 2023-жылы 7-октябрда баштаган. Анда ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган) Израилдин түштүгүнө кол салып, натыйжада миңден ашуун адам набыт болгон, 250дөн ашуун киши барымтага алынган.
Шерине