Саламаттык сактоо министрлиги бул көйгөйдү четке какпай турганын, дарыгерлер нөөмөт менен иштеп жатканын билдирип, жарандарды алгач Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылууга үндөөдө.
Жугуштуу оорулар ооруканасында бейтаптар дарыгердин кабыл алышын 2-3, кээде 5 саатка чейин күтүп турушат. Оорукананын күтүү залындагы орундар толуп, айрымдары кезеги келгенге чейин сыртта жүргөнүн көрүүгө болот.
"Кезек күткөндөр көп экен. Бир сааттай болду келгенибизге. Жүз канчанчы болуп жазылдык. Күтүп турабыз", - деди сырттагы отургучта небересин кармап отурган апа атын атагысы келбей.
Кезек күтүп турганына эки сааттан ашканын айткан Айбек (аты өзгөртүлдү) буларды айтты:
"Үч саатка чукулдап калды, күтүп турабыз. Баламды алып келгенбиз".
Бул ооруканага Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан, балдар ооруканасынан багыттама менен жөнөтүлгөн жана түз эле ошол жакка барган бейтаптар бар. Алар алгач кабыл алуу бөлүмүндө кезекке жазылып, ошол жердеги дарыгерлердин кабыл алуусунда болот. Алардын абалына карап ооруканага жаткыруу же амбулатордук дарыланууга жөнөтүү боюнча чечим кабыл алынат.
Кезек күткөндөрдүн көптүгү 3-4-январда да байкалган. Алардын айрымдары “Азаттыкка” кайрылып, беш сааттай кезек күткөнүн мындан бир күн мурун айтып беришти.
“Эки эле дарыгер иштеп жатат. Биз беш сааттай күтүп турдук. Саат 12:15терде барган болсок, бештерде дарыгерге кирдик. Күйөөмдүн оозу дарыга аллергия болуп, стоматит болуп кеткен экен, ошону көрсөткөнү барганбыз. Айрыкча балдар көп, денеси ысып, кыйналып ыйлап жатышат”, - деди өзүн Анара деп тааныштырган жаран.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова аталган ооруканага кайрылгандар көп экенин ырастап, аларды нөөмөттө турган дарыгерлер тейлеп жетишпей жатканын маалымдады.
Ал сасык тумоологон же башка жугуштуу ооруга кабылгандар алгач Үй-бүлөлүк медициналык борборлорго барбай, түз эле аталган ооруканага барып, ошол себептүү анда адам көп болуп жатканын билдирүүдө.
“Биз кечээтен бери эле жарандарды алгач баштапкы медициналык жардам берүүчү мекемелерге – Үй-бүлөлүк медициналык борборлого баргыла деп чакырып жатабыз. Республикалык ооруканада майрам күндөрү эле эмес, сасык тумоо эпидемиологиялык сезону башталганда эле иш күндөрү штаттык режимде, дем алыш күндөрү саат төрткө чейин нөөмөттө туруу боюнча буйрук чыккан. Өзү жалгыз оорукана жана 500 орун каралган болсо, ал жерге амбулатордук дарыланууга жөнөтө турган абалда болгондор деле кеңеш алуу үчүн барып жатышат. Башкы дарыгер келгендердин 80% үй шартында эле дарылана тургандар экенин айтууда”, - деди Айгерчинова.
Адис кошумчалагандай, Жаңы жылдык эс алуу күндөрү республика боюнча медицина кызматкерлери кадимки режимде, анын ичинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө күн сайын 13 дарыгер иштеп жатат.
2-январга карата маалыматта айтылгандай, аталган оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө 281 адам кайрылса, алардын 93ү гана ооруканага жаткырылган, анын 87си балдар. 188 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Мунун алдында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын сезондук өсүшүнө байланыштуу билдирүү таратып, жарандарды ден соолугуна көңүл бурууга жана илдетти алдын алууга чакырган. Ал дагы бейтаптарды биринчи ирет Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылууга үндөгөн.
“Республика боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштеп, дем алыш күндөрү нөөмөт уюштурулду. Республикада курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилегим келет. Саламаттык сактоо министрлиги абалды такай көзөмөлдөп, саламаттыкты сактоо уюмдарында мониторинг жүргүзүүдө. Мен сиздерди алдын алуу чараларын көрүүгө чакырам: жайларды үзгүлтүксүз желдетип туруу, колду самын менен жуу, эл көп топтолгон жерлерге барганда беткап кийүүнү унутпаңыз. Туура тамактануу жана активдүү жашоо образын жүргүзүү менен иммундук системаны бекемдөө”, - деп билдирген Бейшеналиев.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти соңку аптанын эсебин жарыялай элек. Мекеменин декабрдагы маалыматында аптасына 8-9 миң адам сасык тумоого кабылып жатканы айтылган.
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуган маалда бейтаптардын узун кезек күткөн учурлары утур-утур катталып турат. Мындай көрүнүш 3-балдар ооруканасында да көп кайталанат. Орун жетишсиз болгону себептүү коридорго орун даярдап, бейтаптарды жаткырган учурлар бар. Министрликтин былтыр сентябрда берген маалыматына караганда Кыргызстанда 5,5 миң дарыгер жетишсиз.
Шерине