Байсалов: "Климат саясатында тоо экосистемасын алга сүрөйбүз"
10-ноябрда Бразилиянын Белем шаарында климат боюнча глобалдык жыйын башталды. БУУнун докладына ылайык, Жер шарынын глобалдуу ысышынын кесепеттерин жоюу үчүн көрүлүп жаткан азыркы чаралар жетиштүү эмес. Экоактивисттер гана эмес, жыйын алдында сүйлөгөн айрым лидерлер да бул жааттагы көйгөлөрдү тезирек чечүүгө чакырышты. Кыргызстандын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп барды. Ал Бразилиядан курган маегинде Кыргызстан тоолуу аймактардагы климаттык өзгөрүүлөргө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Шерине