Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

"Кемпирабадчылар" Ташиев менен жолукту, аларды актаган судья арыз жазды


Кемпир-Абад иши боюнча ишти караган судья Марат Сыдыков. 14-июнда акталган "кемпирабадчылар". УКМКнын төрагасы К.Ташиев.
Кемпир-Абад иши боюнча ишти караган судья Марат Сыдыков. 14-июнда акталган "кемпирабадчылар". УКМКнын төрагасы К.Ташиев.

29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган саясатчылар жана активисттер менен жолукту. Ишти караган судья кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду.

Жолугушууга баргандардын айрымдары бийликтин Кемпир-Абад боюнча саясатына ынанганын айтса, кээ бири тиешелүү документтер ачык болушу керектигин, дагы бири бийлик менен оппозициянын мындай диалогу керек экенин айтып чыкты. Коомдо муну "айрым кемпирабадчылар" мурдагы позициясынан тайды деп сынга алгандар да бар.

"Бийлик менен диалог"

29-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, кийин акталган активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) Фейсбуктагы баракчасына жолугушуудан тартылган сүрөттөрдү жарыялап, Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен жетишилген келишимди түшүндүрүп, картадан көрсөтүп бергенин жазды.

Илгиз Шаменов
Илгиз Шаменов

"Кемпир-Абад боюнча бир дагы курултайына, жашыруун жыйындарына катышкан эмесмин. Москвада жүргөнүмдө эле аларга кошуп камап коюшкан, мен негизи Жетим-Тоо үчүн камалгам. Менде Кемпир-Абад боюнча эч кандай маалымат жок эле. Ташиев кечээ күнү барганыбызда өзү картаны ачып көргөздү, мен өзүмө жеткиликтүү маалымат алдым. Эгер кечээ күнү картадан көргөзгөндөй болуп чечилген болсо, анда жакшы экен деп айттым. Кемпир-Абаддын кеткени абдан өкүнүчтүү, бирок ордуна 15 миң чарчы километр жер алышыптыр, бул да жакшы. Бул жеке менин оюм, башкалар үчүн жооп бербейм. Бизди саясий өңүттө камоо болгонун, Кемпир-Абадга мени жөн жерден кошконун айттым. А киши күлүп, "ошондой болуп калды" деп ачык эле айтты. Кемпир-Абад кетти, боесу канды, ал документ ратификациядан да өттү. Эми эки жылдан кийин "туура эмес бергенсиңер" деп ызылдап, чырды арбыта берген болбойт", - дейт Шаменов.

Кемпир-Абад иши: 30дай айыпталуучу, создуккан сот
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:55 0:00


Саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКнын башчысы Ташиев менен эки саатка созулган жолугушууну "кемпирабадчылар" өздөрү демилгелегенин, анда ортодогу чыңалуу жана эрегишти токтотуу үчүн диалог болгонун айтты. Бул жолугушуунун алдында Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго кирип чыгышкан.

Анда президент Ташиевге Кемпир-Абад боюнча бардык жашыруун документтерди көрсөтүүнү тапшырган. Жээнбеков Ташиев менен кездешүүдө ал документтер менен таанышпаганын билдирди:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

"Мурда эле айтылган маалыматтар болду, кошумча маалымат болгон жок. Жашыруун документтер көрсөтүлгөн жок. Ташиев өзү эч кандай жашыруун документтер жок экенин айтты. Биз калган документтерди сурадык. Себеби ал жерде эки мамлекеттин ортосундагы келишим жана ратификациялык грамота жок экен. Азырынча биз Кемпир-Абад боюнча туура чечим болгон деп айта албайбыз. Маселен, эки документ бар биз көрө турган. Аны көргөндөн кийин сотто болобу же дагы башка жердеби өз пикирибизди билдиребиз. Жолугушууну оппозиция менен бийлик ортосундагы диалог катары кабыл алдым. Ал жерде бир гана Кемпир-Абад маселеси көтөрүлгөн жок. Адам укугу, бийлик менен оппозициянын, журналисттер менен оппозициянын ортосундагы диалогдор жөнүндө да айтылды. Эми бул акыркысы эмес, дагы жолушуулар болот. Себеби биз сураган документтерди көрө элекпиз".

Эркти сынаган “Кемпир-Абад иши”
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:28 0:00


Бул жолугушуулар тууралуу президенттин администрациясы, УКМКнын басма сөз кызматы маалымат бере элек.

"Кемпирабадчылардын" бири Жеңиш Молдакматовдун жолугушуу тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазган посту ар кандай талкуунун чордонунда турат.

Жениш Молдакматов
Жениш Молдакматов

"Эми кандай болору белгисиз, себеби сот бүтө элек. Болгону ушундай бир саясий теришүү, саясий иштерде жолугушуу, сүйлөшүү болуп турганынын өзү жакшы. Кемпир-Абад боюнча ар бирибиздин өзүбүздүн позициябыз бар. Азырынча ушуну менен чектелип турабыз. Бизди биринчи инстанция актады, себеби кылмыштын курамы болгон эмес. Аны судья Марат Сыдыков ачык көргөзүп берди. Эми шаардык сотто иш каралып атат, ал тууралуу жолугушууда да айтылды. Саясий иш болгондуктан, бул биринчи инстанция менен бүтүшү керек дедик. Ал жерде ачуу да, таттуу да сөздөр айтылды. Саясий маданият биздин өлкөдө да болушу керек", - деди ал "Азаттыкка".

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, Кемпир-Абад иши боюнча акталган саясатчылардын бири Клара Сооронкулова “Азаттыкка” жолугушууга “кемпирабадчылардын” көбү катышканын, анда адилеттүүлүк, сот чечими боюнча маселелерди козголгонун, буга бийликтин тиешеси жок экени айтылганын айтып берди:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Эч кандай убадалар, кепилдиктер берилген жок. Эми бул бүткөн маселе да. Азыр кийинки маселе - экинчи инстанциядагы сот чечими болуп жатпайбы. Камчыбек Ташиев кылмыш ишине тиешеси жок экенин, аны Ички иштер министрлиги козгоп, тергегенин айтты. Ал эми иш боюнча өкүмдү сот чыгарганын, ага да бийлик кийлигишпегенин, азыр да аралашпай турганын айтты".

"Карта көрсөтсө эле "ынандым" деген болбойт"

Бул жолугушуу коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштады. Муну "айрым кемпирабадчылар мурдагы позициясынан тайды" деп сынга алгандар да бар.

"Кемпирабадчылар" диалог деп атаган жолугушууга саясатчы Бектур Асанов, укук коргоочу Рита Карасартова барган эмес. Ал эми активист Чыңгыз Капаров кечигип калып, кирбей калган.

Жолугушууга чакырылып, бирок ага баруудан баш тартканын айткан укук коргоочу Рита Карасартова буларга токтолду:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

"Карта көрсөтсө эле "мен ынандым" деп чыкты, бул анын өзүнүн иши. А мен келишим ачык илингенде гана ынанам. Ачык-айкындуулук - адилеттүү башкаруунун биринчи принциби. Эмне үчүн 30 жылдан бери бүт келишимдер илинген, ушул эле келишим илинген эмес? Мен азыр Кемпир-Абад туура же туура эмес кетти деп айтпайм. Жөн гана келишимдер ачык көрсөтүлсүн коомчулукка. Журналисттер иликтөө жүргүзүп, эксперттер талдоо жүргүзсүн, анан коомдук пикир түзүлөт. Азырынча биз бир нерсеге шектенгенге, бүдөмүк ойдо калууга укугубуз бар".

Рита Карасартова бул жолугушуу аркылуу азыркы бийлик башында отургандар Кемпир-Абад маселесин көтөрүп чыккандар саясий көз карашы үчүн камалганын моюнга алды деп эсептейт.

"Сотко, комоолорго жеткирбей чечкен жакшы"

Саясат талдоочу Эмил Жороев "кемпирабадчылар" менен бийликтин жолугушуусун жакшы жышаан катары баалап, "кемпирабадчылардын" саясий салмагы чектелүү деген пикирин айтты:

Эмил Жороев
Эмил Жороев

"Кечиксе да ушундай сүйлөшүү болгону өзгөчө жакшы. Сотко, камоолорго жеткирбей сүйлөшүп турса андан жүз эсе жакшы болмок. Бирок оппозиция менен бийлик деп айтыш кыйын болуп калды. Себеби бийликке карата оппозиция дээрлик жок болуп калды. Кантсе да коом ичиндеги журналисттерден, коомго пикир тараткан саясатчы, юрист, эксперттер болобу, мындай сүйлөшүп турганы эң туура нерсе. Ушул сыяктуу маселелер журналистика, сөз эркиндиги, толгон-токой башка маселелерде да болуп турса, азыркыдай "милиционерлерди сүрөт, видеого тартпасын", "соцтармактарда пикир жазбасын" деген сыяктуу мыйзамдардын кереги деле жок болуп калмак. Менимче, бул жерде соодалаша турган эч нерсе жок, "кемпирабадчылардын" саясий салмагы, мүмкүнчүлүгү деле өтө чектелүү".

"Судьяга басым болду"

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттердин баарын 2024-жылдын 14-июнунда актаган. 10-июндагы жараянда прокурорлор айыпталуучулардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын соттон сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Тергөө жана соттук иштер эки жылга жакын убакыттан кийин бүткөн.

Акталган саясатчылар соттун актоо өкүмү алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришкен.

29-ноябрда мындай өкүм чыгарган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду.

Саясатчы Равшан Жээнбеков судьянын өз каалоосу менен мындай кадамга барганынан күмөн санап жатат:

"Бул судья өз эрки менен кызматтан кетти деп айтуу кыйын, кандайдыр бир басым болушу мүмкүн. Себеби ал адилеттүү, туура, актаган чечим чыгарган. Басым болгон үчүн судья кызматтан кетип атат".

Соттор кеңеши судьянын арызын 29-ноябрдагы жыйынында карай турганы кеңештин сайтындагы маалыматта айтылган. Кандай чечим кабыл алынганы азырынча белгисиз. "Азаттык" Соттор кеңеши жана судья Сыдыковдон комментарий ала алган жок.

15-июнда президент Садыр Жапаров "Кемпир-Абад иши" боюнча 22 саясатчы жана активисттин акталышына байланыштуу комментарий берген.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация. Себеби булар жарымы келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп элдин башын адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып, бийликти сүрүп түшөлү деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү. Буларды Кемпир-Абаддын тагдыры кызыктырбайт. Буларга кресло – кызмат орду гана керек. Кандай гана жолдор менен болбосун, креслого жетип, илгеркидей эле миллиарддарды уурдасак деп самашат. Бирок андай кыялдары ишке ашпайт. Азыр эл дагы, заман дагы таптакыр башка. Илгеркидей кыйкырчаактарды, жарма патриотторду ээрчип кетпейт. Эл өздөрү талдаганды, өздөрү ой жүгүрткөндү үйрөндү. Кемпир-Абадды бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек тарап 50/50 башкарып жатабыз” , - деген Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде.

28-июнда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык сунуш менен кайрылган. Арызда алар Бишкек шаардык сотунан ишти башка курамда Биринчи май райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберүүнү өтүнүшкөн.

Ошондон бери шаардык сот "кемпирабадчылардын" ишин карап жатат. Айып тагылып, камакта отуруп чыккандар соттук отурумдар улам жылып, ачык сот өткөрүү талабы аткарылбады деп даттанып келишет.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы Кемпир-Абад ишине “жашыруун” грифин койгон жана сот жараяндары жабык өткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG