Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Акжол Махмудов Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынды


Акжол Махмудов
Акжол Махмудов

18-ноябрда Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг чейинки салмакта алтын медал тагынды.

Финалдык кармашта кыргызстандык балбан ирандык Абди Амирди 6:1 эсебинде утту.

Алгачкы кармашында Махмудов тунистик балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Андан кийин да ушундай эле артыкчылык менен Египеттин балбанын да утту.

Жарым финалда Махмудов Катардын атынан күрөшкөн ирандык балбан менен беттешип, 4:2 эсебинде жеңди.

Махмудов ушуну менен Ислам шериктештиги оюндарында экинчи жолу жеңишке жетти. Ал 2022-жылы Түркиянын Конья шаарында өткөн мелдеште да алтын медал тагынган.

Ушул эле күнү грек-рим күрөшү боюнча балбандар Раззак Бейшекеев жана Асан Жанышов коло байге тагынды.

Жанышев Ирандын балбанына 6:7 эсебинде утулуп калып, коло медал үчүн азербайжандык Ислам Аббасов менен күч сынашты. Ал беттеште Абассовду 3:0 эсебинде утту.

67 кг салмакта күрөшкөн Бейшекеев алгачкы беттешинде азербайжандык балбанга утулуп калып, кийинки кармашта ооган спортчусун ири эсеп менен жеңген. Коло медал үчүн беттеште ал египеттик спортчуну утту.

18-ноябрда мелдештердин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча төрт комплект медал ойнотулуп, Кыргызстандын атынан төрт балбан килемге чыкты.

7–21-ноябрда VI Ислам шериктештиги оюндары Эр-Рияд шаарында өтөт. Ислам кызматташтык уюмуна караштуу Ислам оюндары федерациясына (ISSA) мүчө болгон 57 өлкөдөн келген 3500 атлет спорттун 24 түрү боюнча ат салышууда. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG