Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 19-ноябрдан 22-ноябрга чейин Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыра турганын "Синьхуа" агенттиги өкмөткө шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, министр Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда болот.
Ван И үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев, Бахтиёр Саидов жана Сирожиддин Мухриддин менен жолугушары кабарланды.
1-июндан тарта Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда бир айлык визасыз режим күчүнө кирген. 2021-жылы бул өлкө Кытай жарандары үчүн 10 күндүк визасыз режим киргизген.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Кытай менен виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын 18-ноябрда УТРКдагы маеги учурунда билдирген. Ал виза режими эки тарапка бирдей деңгээлде болушу керек экенин кошумчалады.
Кулубаев мындан сырткары өлкөгө туристтер жана жумуш орундары жетишпеген учурда кыргыз компаниялар чет элдик жумушчуларды чакырып жатканын, буга уруксат бар экенин белгиледи. Министрдин айтымында, чет элден чакырылган жумушчулар укук коргоо органдарынын текшерүүсүнөн кийин, Эмгек министрлигинин уруксаты менен келерин, алар каттоодо туруп, мамлекеттин көзөмөлүндө болорун айткан. (AiA)
Шерине