Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 19-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Ысык-Көл облусунда -2…+3, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 17…19° жылуу болот.
Шерине