Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Тажикстанда уулунун өлүмүнө айыпталган жаран 25 жылга соттолду


Турсунзаде шаарынын тургуну Парвиз Одинаев 15 жаштагы уулу Хусравды кыйнап өлтүргөн деп айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Азия-Плюс» агенттиги Тажикстандын Жогорку сотуна шилтеме берип жазды.

Бул иш боюнча бийлик расмий комментарий бере элек. AP агенттигинин булагы билдиргендей, сот өкүмү алты күн мурун чыккан.

«Прокурор 27 жыл эркинен ажыратууну суранган, бирок судья Одинаевдин жашы жете элек балдарын эске алып, жазаны эки жылга кыскартты», - деп жазды басылма.

Үрөй учурган окуя ушул жылдын июль айында болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча Одинаев баласы акча уурдаган деп шектенип, аны машинеге байлап алып сүйрөткөн. Өспүрүм алган жараатынан улам каза болгон.

Бир жыл мурун тажик парламенти ата-энелерге балдарды тарбиялоодо зордук-зомбулук көрсөтүүгө тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алган.

Расмий маалыматтар боюнча 2024-жылы коңшу өлкөдө жашы жете электерге каршы 994 кылмыш катталып, бул 2023-жылга салыштырмалуу 30% көп. Быйыл ата-эненин зомбулугунан каза болгон учурлар болгон.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Хатлон облусунун Фархор районунун тургуну Мадина Халимова төрт баласы: беш жаштагы Латофат, үч жашар Зайнаб, эки жашар Йосамин жана эки айлык Мухаммад менен үйүнөн чыгып, балдары менен чогуу дарыяга секирип кеткен. Балдар чөгүп кетип, аял өзү тирүү калган. Сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан.

Ошол эле айда 24 жаштагы Юлдуз Бозорова өзүнүн беш, төрт жашар жана алты айлык балдарын бычактаган. Сот энени 28 жылга эркинен ажыраткан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG