Шейшембиде румын бийлиги Украинанын Дунай дарыясында суюлтулган газ ташыган танкеринде Орусиянын соккусунан улам чыккан өрт өчүрүлгөнүн маалымдады. Румыниянын чек арасынан жүздөгөн метр жерде болгон өрттөн улам румын өкмөтү бир нече айылды эвакуациялоого буйрук берген.
18-ноябрда айрым тургундарга үйлөрүнө кайтууга уруксат берилгени менен кемеде жарылуу болушу мүмкүн деген кооптонуулар азая электиги кабарланды. Өрт чыккан жерден болгону 200 метр алыста жайгашкан Плауру айылында эч ким жок.
17-ноябрь күнү эртең менен орусиялык аскерлердин Дунайдагы Измаил портуна койгон чабуулунан кийин "Ордина" танкери күйүп кеткен. Румыниянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча орусиялык дрондор өлкөнүн аба мейкиндигине кирген эмес.
Сентябрь айында Даниянын аэропортторунун жана аскердик объектилеринин үстүнөн белгисиз дрондор учканы катталган. Белгисиз учуучу аппараттар аба мейкиндигинин чек арасынан өтүп кеткенин Польша, Эстония жана Румыния да жарыялаган. Аталган өлкөлөр бул үчүн Орусияны айыпташкан. Орус бийлиги андай кинени четке каккан.
2-октябрда Копенгагенде туруп, төрт жылган чукул Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылып келаткан Украинанын президенти Владимир Зеленский Европанын кайсы гана жери болбосун Орусиянын дрон соккусуна кабылышы ыктымал экенин эскерткен.
"Орустар Польшага каршы дрон колдонууга, Түндүк Европанын аба мейкиндигин бузууга батынып жатса, демек, мындайга Батыш Европа да, Түштүк Европа да кабылышы мүмкүн", - деген украин лидери. (AiA)
Шерине