Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Министр Кулубаев Кытай менен виза режими боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты


Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев учурда Кыргызстан менен Кытай ортосунда виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын 18-ноябрда УТРКдагы маеги учурунда билдирди. Ал виза режими эки тарапка бирдей деңгээлде болушу керек экенин кошумчалады.

"Биз визалык режим эки тараптуу, бирдей дегээлде болушу керек. Эгер виза берсеңер биз дагы жеңилдетип бергенге аракет кылабыз деген талап коюп жатабыз. Бирок азыр Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда толук виза режими бар", - деди министр.

Кулубаев мындан сырткары өлкөгө туристтер жана жумуш орундары жетишпеген учурда кыргыз компаниялар чет элдик жумушчуларды чакырып жатканын, буга уруксат бар экенин белгиледи. Министрдин айтымында, чет элден чакырылган жумушчулар укук коргоо органдарынын текшерүүсүнөн кийин, Эмгек министрлигинин уруксаты менен келерин, алар каттоодо туруп, мамлекеттин көзөмөлүндө болорун айтты.

Министр УТРКдагы маегинде Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык жарандардын санын тактаган эмес. Кулубаев буга чейин "Кабарга" Кыргызстанда соңку учурда иштеп жаткан кытайлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк экенин, алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан сыяктуу ири долбоорлордо иштеп жатышканын маалымдаган.

15-ноябрда “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыкканы аныкталган.

Жаракат алгандардын бири - 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну ооруканага кайрылган. Анын абалы орто оор экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы мушташ боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козгоп, 44 адам милицияга жеткирилген. Анын 16сы убактылуу кармоочу жайга камалганы кабарланган. Окуядан кийин соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөп, укук коргоо органдары жарандарды чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG