"Үй-жайыбыз жараксыз болуп калды". Оштогу селде жабыркагандар жардамга муктаж
Оштогу сел
Жекшембиде Оштогу борбордук базардан сел агызып кеткен аялдын сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылды. Ал - 39 жаштагы Б.А. аттуу жаран. Буга чейин Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө селге агып кеткен төрт кишинин сөөгү табылып жерге берилген.
Төртөө тең бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. Катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы ташып, Оштогу борбордук базарды, чет-жакадагы айылдарды топон суу каптаган. Бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учурап, бир катар жарандар үй-жайсыз калган. Селдин кесепетин жоюу, келтирилген чыгымды эсептөө иши уланууда. Азыр жабыркагандар компенсация жана камсыздандыруу маселеси чечилеби деп суроо салып жатышат.
"Бир туугандарым бар. Мамлекет дагы жардам берет деген үмүттөмүн. Сентябрга чейин башпаанек кылып алып, кышка камынышым керек да", - 14-июлдагы сел Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынын тургуну Гүлбара Абдразакованын жети бөлмөлүү үйү, жайкы ашканасы жана мал сарайына кирип, жарактан чыгарган.
Бул үй-бүлө Орусияда миграцияда 30 жылдан ашык иштеп жүрүп тапкан мээнетин бир күндө сууга алдырып жиберди. Ал күнү Абдразакова баласы жана неберелери менен керектүү документтерди гана алып чыкканга араң үлгүргөн экен.
"Мына, үйүбүздү өзүбүздүн бешене терибиз менен салган үй эле. Абышкам экөөбүз тең мектепте мугалимбиз. Мугалимдин тапканын өзүңүздөр билесиздер, кичинеден топтоп салганбыз. Анан бул жакта дагы эки бөлмөлүү үйүбүз бар. Муну балдарым Орусияда иштеп жүрүп салган үй. Муну курганыбызга төрт эле жыл болду. Биздин үйүбүзгө эки жактан сел келип, үйдүн биринчи тарабынан кирип, экинчи жагынан чыгып кетти. Үй жараксыз абалга келди. Жертөлө сууга толду. Буюмдарыбыздан эч нерсе калган жок. Азыр тамак кылып жегенге да жерибиз калган жок".
Оштогу селдин кесепети (сүрөт баян)
1/30Селге аккандарды издөө учуру
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
2/30Селге аккан унаасынын жанында турган киши. Ош шаары.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
3/30Оштогу борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланып жатат.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
4/30Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып,жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды сууп каптап, көпчүлүк соодагерлердин товарлары сууга аккан.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
5/30Сел сууга толгон Ак-Буура.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
6/30Оштогу борбордук базар селден кийин.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
7/30Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы үч айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) зыян тарткан.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
8/30Ош шаары боюнча, болжол менен 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Маалыматка караганда, борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Ош шаардык мэриясы маалыматтар дагы такталып жатканын кошумчалады.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
9/30
Жолдорду жана соода түйүндөрүн сел менен кошо агып келген ылайдан, таштандылардан тазалоо иштерине 300гө жакын муниципалдык, коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тартылган.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
10/30Ош шаары.

11/30Катуу сел беш кишини агызып кетип, төртөөнүн сөөгү табылды. Бир аял изделип жатат. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. Баарынын тең сөөгү табылды.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
12/30Сел каптаган базардын абалы.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
13/30Ош шаарынын борбордук базарында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаганын мэриядан кабарлашты.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
14/30Ош шаарындагы сел каптаган базар.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
15/30

16/30Ош шаары.

17/30Чыгымга учураган соодагерлер.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
18/30ӨКМдин кызматкерлери, жоокерлер сел каптаган үйлөрдү тазалап жатат.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
19/30

20/30

21/30

22/30

23/30Шаардык мэриянын маалыматына караганда, сууга аккан беш киши Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткен.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
24/30

25/30

26/30Ош шаарынын Катта-Терек участкасындагы Ак-Буура дарыясынан сел агызып кеткендерди издеп жаткан ӨКМ кызматкери.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
27/30Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.
Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
28/30Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды жана алардын ондон ашууну балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Буга чейинки болгон селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
29/30The situation after the flood in Osh - July 15, 2024
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
30/30 14-июль, 2024-жыл

Артка
Алдыга
Абдразакова бир короодо үч бүлө жашаган турак жайын мамлекеттик камсыздандыруудан өткөргөн экен. Тийиштүү кызматка барып үйү жашоого жараксыз болуп калганы тууралуу арызын жазып келген.
"Камсыздандыруу иштери качан башталган болсо, ошол жылдан бери үйлөрдү камсыздандырып келебиз. Биз айыл жеринде жашагандыктан жылына 650 сомдон чыгымын төлөп, дүмүрчөгүн алып жүргөнбүз. Эми суранып кетет элем, ушул үйүбүздү кайрадан тургузуп беришке жардам беришсе".
Мамлекеттик камсыздандыруу кызматы сел жүргөн аймактарда иш алып барып жатканын билдирди. Азырынча алардын жашоого жараксыз деген тизмесине 22 үй кирген. Турак жайын камсыздандыргандарга айыл жеринде 500 миң сом, шаарда 1 миллион сомго чейин жардам берилери айтылууда.
"Биринчи өздөрүнүн билдирүүсүн жазат. Анан камсыздандыруу полисин көрсөтөт. Ошонун негизинде үйдүн техникалык паспортун алып келишсе болду. Биз калган документтерин түзүп, өткөзүп Бишкекке жөнөтөбүз. Ал жактан карап, кайтарымсыз акча бөлүп беришет. Бул жерде мындай: айыл жеринде жылына 600 сомдон төлөшөт. 600 сомду биз 500 миң сомго кепилдик алабыз. бул жерде полго 10 пайыз, дубалга дубалга 15 пайыз, шыбактарга деп бөлүнөт. Канчалык кырсыкка учураган болсо, биз ошого жараша төлөп бере алабыз", - деди Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош филиалынын башчысынын жардамчысы Аскарбек Маматов.
Анын билдиришинче, ушул тапта облус боюнча 23 513 үй камсыздандырылган. Бул жалпы аймактагы турак жайлардын 10 пайызын түзөт. Жергиликтүү бийлик селден жабыр тарткан тургундарга ар тараптуу жардам берилип жатканын, чыгымдарды эсептөө үчүн түзүлгөн комиссия да иштеп жатканын билдирди. Чыгымдар азыр толук эсептелип бүтө элек.
"ӨКМ жардам берип жатат. Эл өзү дагы жардам берүүдө. Бүгүнкү күндө миңден ашуун мамлекеттик кызматкерлер иштеп жатат. Эл да жардам берген үчүн жумуш жакшы кетип жатат. Мамлекет тарабынан жардам берилгени - ошол жерде жумушчу топ түзүлүп иш журүп жатканы. техниканын иштеп атканы. Бүгүнкү күндө оперативдүү иштер жүрүп жатат. А материалдык чыгымды комиссия изилдеп чыккандан кийин, жогорку комиссияга берилет. Ал жактан ким кандай жабыр тарткан ошого жараша берилет. Калгандарын мамлекет дагы карап турбайт. Жардам берип жатат. Дагы жардам берет", - деген маалымат берди президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев.
Президент Садыр Жапаров 17-июлда селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди. Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго комиссия түзүп, текшерүү тапшырмасы берилгенин айтты.
“Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем”. Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүшү керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле”.
Садыр Жапаров каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, айрым жерлерде селдин алдын алчу курулуш иштери башталганын билдирди.
14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы кирип, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды кыян жүргөн. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда сел 715 үйгө кирип, 400дөн ашуун үйдүн короолорун каптаган. Жарандык коргонуу кызматы ушул тапта 32 объект авариялык абалда экенин билдирди. Комиссия катуу жабыр тарткан үйлөрдү аныктоо иштерин улантууда.
Бул күндөрү Өзбекстандын Анжиян облусунун админстрациясы Кыргызстандын Ош облусунда селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам жөнөттү.
Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-июлда 13 жүк ташуучу автоунаада курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар.