Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Зомбулук: Сот запкы көргөн Адиямды депортациялоону чечти


33 жаштагы Адиям Кенжиева Кыргызстанда туулуп-өскөн. 20 жашында Рустам Жарлаев аттуу казакстандык жигитке турмушка чыгып, фамилиясын эле алмашырбастан, казак жарандыгын да алган. Учурда ал Алматыдан алыс эмес жердеги Конаев шаарынын маслихатынын депутаты.

Адиямдын казак күйөөсүнөн үч баласы бар. Анын айтымында, мурунку күйөөсү Рустам Жарлаев ага жети жыл бою зордук-зомбулук көрсөтүп, сабап келген. Кезектеги ур-токмоктон кийин ооруканага түшкөн Адиям балдары менен Кыргызстанга качып келген.

Бирок ал мекенине качып келсе деле күйөөсү кордукту токтоткон эмес.

Адиямдын айтымында, ажырашкандан кийин Жарлаев балдарынын бирин уурдап кеткен, эми калган экөөнү да алууну көздөөдө.

Муну менен катар Кыргызстанда Адиямды экинчи никесинен төрөлгөн балдарынан да ажыратууга аракеттенип, аны Казакстанга депортациялоону талап кылууда.

"Ал Бишимбаев-2"

Кыргызстандык келин өзү Казакстанга барууну каалабайт. Буга Салтанат Нукенованын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү чоң себеп болгонун айтат:

"Бул жети жыл ичинде Салтанат кандай жашаса, мен да дал ошондой жашоону башыман өткөрдүм. Мен ошол сот жараянында өзүмдүн күйөөмдү көргөндөй болдум. Анын бардык кылык-жоруктарын, бардык адаттарын көрдүм. Ал Бишимбаевдин эле экинчиси. "Балдарымдын баарын алып кетем" деп коркуткандыктан ажыраша алган эмесмин. "Балдарды кайда алып барасың, бербейм" деп коркуткан. Ошондуктан мүмкүнчүлүк пайда болгондо дароо качтым. Дайыма зордук-зомбулук көрсөтчү. Буга чыдап туруу мүмкүн эмес эле. Ошон үчүн азыр Бишкектемин", - дейт Адиям Кенжибаева.

Адиям Кенжиева
Адиям Кенжиева

Төркүнүнө келген Адиям күйөөсү менен ажырашууга арыз берип, Кыргызстандын соту балдар апасы менен жашаш керек деген чечим чыгарган. Кыргызстандык келин атасынын балдары менен жолугушуусуна тоскоолдук кылбаганын жана ал утур-утур Бишкекке келип турганын айтат.

Бирок Адиям Кыргызстанда башка күйөөгө турмушка чыкканда баары түп тамырынан өзгөргөн. Бир жарым жыл мурун мурунку күйөөсү кызы менен уулун Казакстанга каникулга алып кетип, апасына кайра алып келген эмес. Кийинчерээк ал улуу кызын берип, бирок кичүү уулун кайтарбай койгон.

"Бүгүн 2015-жылы туулган кичүү уулум Омарды көрбөгөнүмө туура бир жарым жыл болду. Менин күйөөм соттун чечимин аткарбай жатат. Ал телефонунун сим-картасын алмаштыргандыктан, уулум менен байланыша албай жатам", - дейт Адиям.

Адиямдын айтымында, мурдагы күйөөсү Бишкектин Октябрь райондук сотуна арызданып, балдары менен жолугушууга уруксат бербей койгонун жүйө келтирген. Кийин сот Жарлаевдин пайдасына чечим чыгарып, жолугушуунун жадыбалын түзүп, айына эки жолу, дем алыш күндөрү жолуктуруп туруу чечимин чыгарган. Адиям бул жадыбалды бузбагынын айтууда. Деген менен кийин ага каршы "сот актысын аткарбоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Адиямды депортациялоо чечими чыккан

Быйыл апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту Адиямды соттун чечимин аткарбаганы үчүн күнөөлүү деп таап, айып пул чегерип, Кыргызстандан депортациялоо чечимин чыгарган. Жакында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

"Соттук отурум жүрүп жатканда эле 2-3 кызматкер даяр болчу. Алар соттун чечимин күтпөй эле ишке киришели деп турушкан. Бул эмнеден кабар берет? Албетте, өлкөдөгү коррупция. Сот өзү бул аялды беш баласы менен өлкөдөн чыгарууга кызыкдар болчу", - дейт келиндин адвокаты Индира Саутова.

Кыргызстандагы экинчи никесинде Адиям дагы эки балалуу болгон. Кызы болгону эки жарым жашта, уулунун кыркы чыга элек. Алардын атасы чет өлкөдө болгондуктан, эгер аял Казакстанга депортацияланса, перзенттери балдар үйүнө жиберилиши ыктымал.

"Настоящее время" телеканалынын журналисти Манас Айжигитов Рустам Жарлаевдин жактоочусу менен байланышкан. Адвокат Илгиз Насиров өкүмдү адилеттүү деп эсептейт. Ал сот белгилеген күнү Жарлаев Бишкекке балдары менен жолугушууга келгенин, бирок аларды таппай, издеп жүргөн видеону көрсөткөн. Бирок казак депутат эмнеге уулун апасына алып келбеди деген суроого маалыматым жок деп жооп берди адвокаты:

"Белгилей кетейин, биринчиден, ал балдарды уурдаган эмес. Өзүнүн балдарын кантип уурдап кетмек эле? Экинчиден, ал өз каалоосу менен Кенжиева Адия менен сүйлөшүүгө уруксат берип, балдарын камсыздап, ишеним кат берген. Бул факт. Ал эми башка сөздөргө эч кандай далил жок".

Журналисттин "бирок ал уулун ушул убакка чейин эмне үчүн кайтарып бере элек?" деген суроосуна "бул мүчүлүштүк, чынын айтсам, алар кандай шартта макулдашканын так билбейм", - деп жооп берди адвокат Насиров.

Муну менен катар ал журналисттерди Рустам Жарлаевдин окуясын Куандык Бишимбаевдин чуулгандуу ишине салыштырбоого чакырат. Адвокат анын жактоочусу балдарын гана көргүсү келгенин айтат.

Адиям менен анын балдарынын тагдыры боюнча акыркы чечимди эми Кыргызстандын Жогорку Соту чыгарышы керек. Кенжиеванын жактоочусу депортациялоо өкүмү боюнча жогорку инстанцияга даттанууга ниеттенүүдө.

Бишимбаевдин иши. Tокмок жеген Карина

Белгилей кетсек, Казакстанда аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн деп айыпталган мурдагы министр Куандык Бишимбаев күнөөлүү деп табылып, 13-майда борбор калаа Астананын район аралык кылмыш сотунда жарыяланган өкүмгө ылайык 24 жылга эркинен ажыратылган.

Соттук териштирүү 11-мартта башталган. Окуя былтыр 9-ноябрда болгон. Прокурор мурдагы министр аялын тынымсыз сабаганын, аны өлтүрүп коюп, бир нече саат дарыгер да, полиция да чакырбай, тамак ичип, тааныштары менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүрө бергенин билдирген. 31 жаштагы Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

Бул чуулгандуу соттук жараянды утурлай, өзүн Казакстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиликтин кеңешчиси Сакен Мамаштын жубайы Карина Мамаш деп тааныштырган келиндин видеосу "НеМолчи.kz" фондунун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланган. Анда ал 10 жылдан бери күйөөсүнүн ур-токмогуна, сексуалдык, экономикалык, эмоционалдык зомбулугуна кабылып келатканын айткан. Бул жолу да өзүн жана конокко барган эжесин ур-токмокко алганын айтып берген келин мамлекеттен жардам сурап, "мен кооптуу абалдамын, балдарым да коркунучта" деп билдирген.

Келиндин бети-башы көк ала болгон сүрөттөрү жарыяланган.

Көп өтпөй Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 6-майда, аялына зомбулук көрсөткөн деп шектелген Сакен Мамаш Казакстанга чукул чакыртылганын, укук тартибин коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жатканын жана дипломат кызматынан бошотуларын кабарлаган. Сакен Мамаш өзү же жактоочулары бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Ал эми Карина Мамаш Абу-Дабиден балдары менен Астанага учуп келгенин, учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн атайын борбордо баш калкалап жатканын маектеринин биринде айтат.

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары да утур-утур катталып, мыкаачылык менен кыйноо, өлүмгө алып келген учурлар тыйылбай келет. Кыргыз өкмөтү аялдарды зордук-зомбулуктан коргоого багытталган мамлекеттик программаларын кайра карап чыгып, кылмышкерлерди колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөө планын жарыялаган. Бирок бул жакшы натыйжа бербей жатат.

Былтыр 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Сегиз сааттык операцияны баштан кечирген Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып, үйүнө чыкан. Дарыгерлер ага дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтышууда.

Укук коргоочулар коомдо талкуу жараткан Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып, токтотуу талабын коюп жатышат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, былтыр 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2021-2022-жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон.

2017-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" боюнча 177-беренесине ылайык, кылмыш кылган адам эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок депутаттар бул чаралар жетишсиз экенин белгилеп, мыйзамдарды толуктоону сунуштап жатат.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG