Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Мирзиёевдин айтканы орус медиасында кызуу талкууга айланды


Шавкат Мирзиёев репрессиянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында. 31-август, 2022-жыл.
Шавкат Мирзиёев репрессиянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында. 31-август, 2022-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев СССР доорунда 100 миң өзбекстандык репрессияга кабылганын, он миңдегендер атылганын билдирди. Анын бул сөзү орусиялык басылмаларда кызуу талуу жаратып, айрым серепчилер Мирзиёевдин айткандарын "саясий чайкоочулук" деп сыпатташты.

Өзбекстандагы репрессия курмандыктарына арналып тургузулган “Шейиттер элеси” (“Шахидлар хотираси”) комплексинде 31-августта өткөн быйылкы иш-чарага мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ардагерлер катышты.

"Эгемендүүлүккө жетүү оңой болгон жок. Эгемендик алганыбызга 31 жыл болду, бирок биздин аталар буга 100 жылдан ашык убакыт мурда эле жетүүгө аракет кылган. Эгемендик алганга чейин 100 миң мекендешибиз репрессияга кабылып, 13 миңи атылып кеткен. Алар биздин улуу баатырларыбыз, элдин байлыгы болгон. Алар убагында 2-3 тил билген. Алар өлкөбүздү эркиндикке, өнүгүүгө алып келерин билишкен”, - деди Мирзиёев.

Ал тарых толук изилдене электигин, репрессиянын курмандыктарын аныктоо боюнча изилдөөлөрдү улантуу зарылдыгын эскертти.

"Мен бул адамдардын тагдырына тиешелүү документтерди кичинекей кагаз болсо да таап берүүнү, ага каражат бөлүүнү тапшырдым. Натыйжада, акыркы жылдары репрессияга кабылган көптөгөн адамдардын ысымдары белгилүү болду. Биз адилеттүүлүк үчүн баатыр ата-бабаларыбыздын элесин калыбына келтиребиз".

Президент былтыр Өзбекстандын Жогорку соту репрессиянын курмандыгы болгон 235 адамды актаганын да кошумчалады.

Мирзиёевдин сөзүнө орусиялык реакция

Мирзиёевдин репрессиянын курмандыктары жөнүндө билдирүүсү орусиялык маалымат каражаттарында кызуу талкуу жаратты.

КМШ өлкөлөрүнүн институтун негиздеп, аны ачылгандан бери жетектеп келе жаткан, Мамлекеттик Думанын депутаты Константин Затулин өзбек лидеринин айткандарын "чайкоочулук" (спекуляция) деп сыпаттады.

Константин Затулин.
Константин Затулин.

Ал Lenta.ru сайтына берген маегинде, Өзбекстанда учурда кыйла эффективдүү өнүгүп жаткан нерселердин көбү совет доорунда түптөлгөнүн жана мындан кутулуу мүмкүн эмес экенин кыйытты.

"Советтер Союзунда өзбек элин эч ким жок кылган эмес. Азыр Советтер Союзунда "украиналыктарды атайылап ачка калтырышты", "Балтика өлкөлөрүндө элдерди кырып жок кылышты" дегендер толтура. Өзбекстан өлкө катары картада алгач Советтер Союзунда пайда болгон, андан кийин эгемендүүлүккө ээ болуп, тилин сактап, өзүн улут катары сактап калган".

Ал арада Өзбекстандын парламентинин төрагасынын орун басары Садык Сафаев, орусиялык басылмалар өзбек президетинин айткан сөздөрүн бурмалап жатканын Твиттерге жазып чыкты.

"Желдеттер тарабынан келген өзүнүн өлүмүн эрдик менен кабыл алгандардын алдында карызыбызды адамдык сапат менен кайтардык. Бул нерсе уу-дуу кылып саясатташтырууга жана популисттик дүрбөлөңгө себеп болобу?",- деп жазды өзбек аткаминер.

Рубаев: Мирзиёевдин идеологиясы жок

"Свободная пресса" басылмасына берген маегинде, саясат таануучу Аслан Рубаев Мирзиёевди сынга алып, Өзбекстан эгемендигин жоготуп алуу коркунучуна кептелгенин айтты.

"Өзбекстан, тилекке каршы, азыр саясий жана экономикалык кыйроого учурап жатат. Мирзиёев маанисин жоготту, идеологиясы жок. Өлкөдө кландык система жеңишке жетти. Бийликтин бардык тармагында президентке жакын адамдар гана бар. Башка бардык кландарды, анын ичинде маркум Ислам Каримовдун кланын Мирзиёев жок кылган. Ал авторитардык саясатчы. Учурда Өзбекстанда оппозиция жок".

Өзбекстанда жыл сайын 31-августта Репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет. Мирзиёев алты жыл мурда бийликке келгенден бери ХХ кылымдын башындагы репрессияга учураган өзбек агартуучулары өз мекенинин эгемендүүлүгүн кыялданганын, алардын тынчтык жана эркиндик үчүн күрөшү азыркы жаштарга үлгү экенин айтып келет.

Ал эми байкоочулар 64 жаштагы Шавкат Мирзиёев 2016-жылы Каримовдун ордун баскандан бери Өзбекстандын сырткы дүйнөгө ачылышына жана коңшу өлкөлөр менен мамиленин жакшырышына салым кошкону менен өлкөдө чыныгы саясий реформаларды жүргүзө албаганын айтып келишет. Маселен, Өзбекстанда былтыр күзүндө өткөн президенттик шайлоого бийликти ачык сындаган бир дагы талапкер катыша алган эмес.

Бул шайлоодо Мирзиёев Конституцияда белгиленген экинчи же акыркы президенттик мөөнөтүнө шайланган болчу.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG