Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү кирди. Президент кол койгон мыйзам "Эркин-Тоо" гезитинин 21-ноябрдагы санына жарыяланды.
Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине кирген өзгөртүүгө ылайык, эми 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүм биринчи жолу мыйзам бузса, оор эмес кылмыш жасаса, аны толук мойнуна алса жана ал мындан мурун сот жообуна тартылбаган болсо, анда ага карата соттук териштирүү жүрбөйт.
Анын ордуна өспүрүм атайын программага катышып, анда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарып, келтирилген чыгымды ата-энеси төлөп берет жана психолог, камкордук органдарынын адистери менен иштешет. Бул чаралардын бардыгы атайын келишимдин негизинде ишке ашат.
Жаңы мыйзам өспүрүмдөр үчүн процессуалдык кепилдиктерди кеңейтет. Тергөөгө чейинки өндүрүштү алып чыгуу үчүн негиздер бар болсо, тергөөчү ишти Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде каралган тартипте баштоого милдеттүү. Ал эми прокурор токтомду 24 сааттын ичинде бекитиши керек. Баланы кылмыш жоопкерчилигинен чыгаруучу келишим 3 айдан 6 айга чейин иштейт жана ага өспүрүм өзү, анын мыйзамдуу өкүлү, адвокат, тергөөчү жана балдарды коргоо органдарынан бир адис кол коюшу керек болот.
Эгер бала анын шарттарын бузса, прокурор макулдашуудагы шарттарды өзгөртүп, программанын мөөнөтүн узартып коё алат. Андан тышкары прокурор өспүрүм аткара турган милдеттерди катаалдаштырышы же таптакыр эле келишимди жокко чыгарып, ишти кадимки кылмыш процесси катары кароого кайтарышы ыктымал. Кийин иш сотто каралып жаткан учурда баланын келишимдин шарттарын аткарбай койгондугу акыркы өкүмгө да таасир этери белгиленген.
Документ жарыялангандан кийин он күн өтүп күчүнө кирет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы 14 жаштан 17 жашка чейинки 188 бала, 18 жаштан 24 жашка чейин 984 жаран сот жообуна тартылган. (KS)
Шерине