Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Абдыганы Эркебаевдин "Бар бол Адабият" китеби жарык көрдү


Академик, адабиятчы Абдыганы Эркебаевдин "Бар бол Адабият" аттуу китеби жарык көрдү.

Автор китепте азыркы кыргыз адабиятын илимий-теориялык негизде талдаган. Улуттук адабияттын өнүгүү тенденцияларына, актуалдуу маселелерине токтолгон.

Буга чейин китепке кирген макалалар түрмөгү “Кыргыз Туусу” гезитинин жети санына жарыяланган.

Китептин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүүдө. Ага кыргыз интеллигенциясынын бир катар өкүлдөрү катышты.

Китеп 500 нускада жарык көргөн. Жакынкы күндөрү сатыкка чыгат.

Абдыганы Эркебаев бир катар илимий, адабий эмгектердин автору. Ал Жогорку Кеңештин спикери баштаган саясий-коомдук кызматтарды аркалаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG