Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:38

А. Кажегелдин: АКШдагы шайлоодо Барак Обама эмес, демократия жеңди


Казак оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү Акежан Кажегелдин
Казак оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү Акежан Кажегелдин

Казак оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү Акежан Кажегелдин 1994-97-жылдары өкмөттү жетектеген. 1999-жылдан бери Батышта жашайт. Анын пикиринче, Барак Обаманын жеңиши, Демпартиянын тарапкерлеринин президент Клинтон тушунда калыптанган кландарга ишенбей калганын күбөлөйт. Казакстанда бийлик кландарга таянып жүргүзүлөт. Кландык кызыкчылык идеядан жогору турганы менен коркунучтуу, деп жазат Кажагелдин «Азаттык» радиосу үчүн атайын даярдаган макаласында.

Акежан Кажегелдиндин байкашынча, сенатор Жон МакКейндин президенттик шайлоодо жеңилүүсүнө республикачыл Жорж Буш башындагы тар чөйрөнүн «кландык кызыкчылыктын туткунунан чыга албаганы» чоң кедерги болгон.

Клан демейде өз кызыкчылыгын идеядан, атүгүл айрым учурда коомдун кызыкчылыгынан жогору койот. Акыркы жылдары америкалык жетекчиликтин эларалык саясатта туруктуу бир принциптерди карманбады. Бул Буштун администрациясы демократияны жана адам укугун конкреттүү иш-чаралар менен колдойт деп күткөн Борбор Азия элдери үчүн күтүүсүз болду, деп жазат Кажегелдин.

Ал эми Барак Обаманын президент шайлануусун АКШдагы жана Россиядагы кулдуктун жойулуусу, Казакстандын эгемендик алуусу менен салыштырып, президент Жорж Буш жана вице-президент Дик Чейнинин башкаруусуна элдин берген баасы болду, дейт Кажагелдин «Азаттыктын» казак кызматына берген интервьюда:

-Чынын айтканда, бул Барак Обаманын эмес, демократиянын жеңиши. Соңку сегиз жылда көптөгөн каталарга жол берген Жорж Буш менен Ричард Чейнинин жеңилүүсү болду. Менин оюмча, азыркы администрацияга таандык цинизмди эл туура баалады.

1999-жылдан бери Батышта качкында жүргөн Кажагелдиндин пикиринче, узак жылдар бийликте кебелбей отурган Нурсултан Назарбаевге да жасаган иштери үчүн жооп берчү мезгил келди:

-Менин оюмча, биздин жетекчиликке катаал талаптарга жооп берчү убакыт келди. Берген убадаларды аткаруу керек. Өкүнүчкө карай, али да орундабаган убадалар бар. Тарыхый сабактар Ак Ордонун туура багыттагы чечимдерди кабыл алуусуна таасир этет деген үмүттөмүн.


Кажагелдиндин жазышынча, Казакстанда саясат гана эмес, экономика да кландардын кызыкчылыгына негизделген. Бир партиялуу парламент, кетпес президент бар кезде жана каршылашкан топтордун өкмөттөгү майлуу-сүттү орундар үчүн көшөгө артында жүрүп жаткан күрөшүндө идеяга орун жок. Мындай жагдайда саясатчылар жалпы улуттук кызыкчылыкты коюп, кызмат ордун сактоо жана атаандаштарын чөктүрүүнүн айласын ойлошот. Ошон үчүн, жакын арада демократиячыл күчтүү оппозиция түзүлбөсө, азыркыдай экономика кризис маалында жаш лидерлер баштаган радикалдуу партиялар суурулуп чыгат, деп кооптонот Акежан Кажагелдин.

XS
SM
MD
LG