Ысык-Көлдөгү Каракол лыжа базасында асма жолду тиреп турган түркүк кулап түштү. Бул фактыны Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү каттоого алып, иликтөө жүргүзүп жатканын облустук милициянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Окуя бүгүн, 1-февралда болгон.
Жети жана сегиз жаштагы эки кыз жараат алып, Тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Эки бир тууган асма жолдон кулаганын, амбулатордук кароодон кийин үйүнө жиберилгенин облустук оорукананын башкы дарыгери Чыңгыз Урмамбетов "Азаттыкка" кабарлады.
"Алар келери менен компьютердик томографиядан, рентгенден өткөрдүк, текшердик. Кудай жалгап, сынык жок, врачтар карагандан кийин үйүнө кетишти", - деди башкы дарыгер.
Учурда тиешелүү органдар кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Окуя болгон жерде адистер жана укук тартибин коргоо кызматкерлери иштеп, техникалык экспертиза жүргүзүү пландалууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.
Кыргызстанда 23 лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан. (КЕ)
Шерине