Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 2-февралда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;
Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13° суук, күндүз 3…5° болот.
Шерине