АКШнын Филадельфия шаарында 31-январдын кечинде медициналык эвакуациялоочу Learjet 55 учагы кулап түштү. Учактын бортунда алты киши болгон.
Reuters агенттиги учакка ээлик кылган Jet Rescue компаниясына шилтеме кылып бортто экипаждын төрт мүчөсү, бейтап бала жана анын апасы болгонун жазды.
“Азырынча кырсыктан ким аман калганын айта албайбыз”, - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Учак калк калың отурукташкан районго кулап, өрт чыккан. Жараат алгандар бар экени кабарланууда. NBC News бери дегенде алты жергиликтүү тургун ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Филадельфиянын мэри Шерелл Паркер бир нече үй, транспорт каражаттары зыян тартканын айтып, каза болгондор тууралуу маалымат берген жок.
Мексиканын Тышкы иштер министрлиги учакта ушул өлкөнүн жарандары болгонун ырастады.
Jet Rescue компаниясынын өкүлү CNN телеканалына учак ооруканадан чыккан баланы өз мекенине жеткирүү үчүн баратканын билдирди. Телеканалга окуянын бир күбөсү “асмандан күйгөн чоң шарды” көргөнүн кабарлады. Ал эми теги украиналык Вадим Осипов “ракета учуп келаткандай сезилип, өз өлкөсүндөгү согушту эстеткенин” айтты.
30-январга караган түнү АКШнын борбору Вашингтондогу Рональд Рейган аба майданына жакын жерде American Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү ташыган учагы тик учак менен кагышып, Потомак дарыясына кулап түшкөн. Лайнерде 64 киши, ал эми тик учакта үч аскер кызматкери болгону маалымдалган.
Учакта көркөм муз тебүү боюнча дүйнө чемпиондору, орусиялык спортчулар Вадим Наумов менен жубайы Евгения Шишкова да болгону ырасталды. Наумов менен Шишкова 1994-жылы өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынышкан.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Вашингтондо болгон учак менен тик учактын кагышуусун "үрөй учурган масштабдагы трагедия" деп атап, аман калгандар жок экенин бышыктаган.
Шерине