Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

ХАМАС барымтадан дагы үч израилдикти бошотту


Офер Кальдеронду Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берүү учуру. 1-февраль, 2025-жыл. Газа тилкеси.
Офер Кальдеронду Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берүү учуру. 1-февраль, 2025-жыл. Газа тилкеси.

1-февралда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) Кызыл Чырым эл аралык уюмунун өкүлдөрү аркылуу Израилге үч жаранын - 35 жаштагы Ярден Бибасты, 54 жаштагы Офер Кальдеронду жана 65 жаштагы Кит Сигалды өткөрүп берди. Бибас менен Кальдерон азыр Израилдин аймагында экени айтылды.

Сигал Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жабалияда бошотулду. Ал Израилден тышкары АКШнын дагы жараны. Учурда Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү менен бирге Израилдин армиясынын (ЦАХАЛ) жана Жалпы коопсуздук кызматынын (ШАБАК) аскерлерине жөнөп баратканы маалымдалды.

Барымтадагыларды жана туткундарды бошотуу келишиминин шартына ылайык, Израил өз түрмөлөрүнөн 180ден ашуун палестинди бошотушу керек. Алардын 18и өмүр бою абакка кесилсе, 111 киши 2023-жылы 7-октябрда Газа тилкесинде кармалгандар.

Бул 17-январда ок атышууну убактылуу токтотуу келишими күчүнө киргенден берки төртүнчү жолку алмашуу жараяны болду.

Ярден Бибас 2023-жылдын 7-октябрында Нир-Оз аймагында аялы жана эки баласы менен кармалган, алардын бири колго түшкөндө тогуз айлык болчу. Бибастын аялы менен балдарынын аты-жөнү алмашуу тизмесинде бар, бирок алардын эсен-соо экени белгисиз.

Француз жарандыгы бар израилдик Офер Кальдерон дагы Нир-Оздо балдары менен 2023-жылы 7-октябрда туткундалган. Балдары ошол жылы ноябрда, биринчи алмашуу жараяны учурунда бошотулган.

Кит Сигал менен аялы Кфар-Аза аймагында барымтага алынган. Анын аялы 2023-жылдын ноябрь айында бошотулган. Кфар-Аза аймагы ХАМАСтын кол салуусунда катуу зыян тарткан. Талкаланган курулуштар калыбына келе элек болгондуктан тургундар ал жакка кайтып бара алышпайт.

Макулдашуунун биринчи баскычында ХАМАС жалпы 33 адамды эркиндикке чыгарышы керек. 27-январга чейин алардын жетөө мекенине жеткирилди. Израил буга жооп катары алты апта ичинде түрмөлөрүндөгү 200дөй палестинди бошотот.

Согушкерлер Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.

Хамасчылардан өч алуу максатында Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 47 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG