Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Казакстан Украинанын төрт жаранына качкын макамын берүүдөн баш тартты


Украинанын жана Казакстандын мамлекеттик туулары.
Украинанын жана Казакстандын мамлекеттик туулары.

Казакстандагы адам укуктары боюнча бюро казак бийлиги төрт украин жаранына качкын макамын берүүдөн баш тартканын билдирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Түркестан облусунун ишке орноштуруу жана социалдык программаларды координациялоо башкармалыгы буга украиналыктар “коопсуз үчүнчү өлкөнүн аймагынан” келиши себеп болгонун көрсөткөн.

Адам укуктары боюнча бюро чынында эле украиналыктар 2022-жылы февралда Украинага бастырып кирген Орусиянын аймагынан келишкенин белгилеген. Алардын аттары жана жаш курагы ачыкталган эмес.

Маалыматка караганда, Казакстанга качкын макамын алуу үчүн кайрылган үч аял согуш башталгандан кийин өз мекенин таштап качууга аргасыз болушкан жана бир айдай Орусиянын аймагында жашаган. Андан кийин Казакстанга чыгып кетишкен.

Дагы бир жигит Казакстандын жараны болгон апасы дипломаттардан жардам сурап кайрылгандан кийин Украинадагы элчиликтин көмөгү менен бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Адам укуктары боюнча бюро муну менен “Казакстан баш калкалоо жана эл аралык стандарттар боюнча милдеттенмелерди бузуп” жатат деп билдирди. Укук коргоочулар үчүнчү коопсуз өлкөгө эл аралык норма боюнча жарандар качкын макамын алуу үчүн кайрыла ала турган өлкөлөр гана кирерин белгилешкен.

“Качкын макамын сураган Украина жарандары үчүн Орусия коопсуз өлкө боло албайт”, - дешет укук коргоочулар.

Расмий Астана Орусиянын Украинага карата агрессиясын айыптабайт жана колдобойт.

Казакстан менен Орусияны дүйнөдө эң узун - 7,5 миң чакырымдай кургактагы чек ара байланыштырып турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG