Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Эрдоган кыргыз-түрк маданий борборлорун ачуу келишимине кол койду


Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик туулары.

Бул тууралуу 1-февралда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлады. Анда эки өлкөнүн өкмөт аралык "Маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашууну" бекитүү чечими кабыл алынганы айтылат. Аталган документке 2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган.

Өкмөт аралык келишимге ылайык, эки өлкөдө маданий борборлор түзүлөт. Бишкекте Юнус Эмре, Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борборлор курулары айтылууда.

"Макулдашуунун максаты - тараптардын ортосунда маданият, илим жана билим берүү тармагындагы достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган жарандарга өз эне тилин жана улуттук маданий өзгөчөлүгүн сактоого жардам берүү" деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 48 өлкөдө 58 Юнус Эмре түрк маданият борбору иштейт.

Анкара жана Стамбул шаарларында Чыңгыз Айтматовдун айкелдери тургузулган. Өлкөнүн чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, чакан маданий борборлор жана сейил бактары бар. (ElB)

Шерине

XS
SM
MD
LG