Грузияда парламенттик шайлоодон кийин башталган массалык нааразылык акциялары уланууда. Тбилисиде дүйшөмбүгө караган түнү полиция чогулгандарды кайрадан күч менен таратты. Полиция демонстранттарды уруп-сабап, суу бүркүп, жаш агыза турган газ, башка химиялык заттарды чачты.
Караколдун тургуну 24 жаштагы майыптыгы бар кызы зордукталгандан кийин тергөө иштери адилет жүрбөй калганын айтып, үч күндүк нааразылык акциясын өткөрдү.
“Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары 2-декабрда аталган компаниянын Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чогулушту. 50дөн ашык айдоочу “Яндекс.Такси” 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтышты.
Баткендин Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылында таза суу бир канча жылдан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. 3200 үй-бүлө бир нече айылды аралап аккан арыктагы сууну ичүүгө мажбур.
Күч органдарынын кызматкерлерин иш учурунда cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш эми экинчи окууда карайт. 28-ноябрда парламент аны биринчи окууда жактырган.
Декабрдын бири – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү. Анын максаты – көйгөйгө көңүл буруу жана кишинин иммундук жетишсиздиги вирусуна (КИВ) чалдыккан адамдарга колдоо көрсөтүү. БУУнун эсеби боюнча, Борбор Азия өлкөлөрү акыркы жылдары оорунун көрсөткүчү боюнча жогорку сапта.
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу мигранттардын абалы, мыйзамдагы өзгөрүүлөр тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстанда түрдүү жагдайда ата-энесинен айрылган балдардын саны 2800дөн ашат. Алардын 500гө чукулу атайын интернаттарда тарбияланат. 18ге толгондон кийин өспүрүмдөр кайда барарын, кимден жардам сурарын билбей кыйналат. "Азаттык" ата-энеден ажырап калган балдар жана алардын тагдырына кызыкты.
Грузияда евроинтеграцияны жактаган ондогон киши кармалып, журналисттер сабалды. Парламент коопсуздукка жаралган коркунуч деңгээлин жогорку чекке көтөрдү. Грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин нааразылык башталган.
Жогорку Кеңеште онкологиялык ооруларга чалдыккан жарандарга сапатсыз дарылар берилип жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. “Кыргызфармация” ишканасы ташып келген бардык медициналык каражаттар сертификациядан өтөрүн жана сапаты жогору экенин айтууда.
Орус атуулдугунан кол жууган ондогон мигранттын арасында кыргызстандыктар да бар. Жаңы талаптардын максаты эмне? Орусия муну менен мигранттарды Украинадагы согушка салууну көздөйбү? Мындай чектөөлөрдүн кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
Дагы жүктөңүз