Орус армиясы Украинанын аймагынаракета менен жапырт сокку урду. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймактарына жасалган 20-декабрдагы чабуулду "украин армиясынын Батышын куралы менен орусиялык объектилерге жасаган соккуларына жооп" катары түшүндүрдү.
Бишкекте элдик курултай өтүп жатат. Ага келген делегаттар аймактардагы социалдык көйгөйлөргө басым жасап, таза суу, трансформация иштери, саламаттык сактоо, жол сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүүдө.
Парламент депутаты Чыңгыз Айдарбеков мамлекеттик ипотекалык батирлердин кезеги боюнча айрым жарандар арасында нааразычылык жаралганын айтып чыкты. Мамлекеттик ипотекалык компания айрымдарга кезекке турууда социалдык абалына жараша артыкчылык берилгенин түшүндүрдү.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековго отуздай киши кайрылып, жакында Бишкекте берилген батирлерди алгандар арасында арткы кезекте турган жарандар да бар экенин айтышкан. Президенттин иш башкармалыгы жана Мамлекеттик ипотекалык компания депутаттын айткандарын четке какты.
Ошто аялын жана кайненесин сабаган деп шек саналган 35 жаштагы жаранга кылмыш иши козголуп, бир айга камалды. Токмоктолгон 24 жаштагы келин күйөөсүн жоопко тартууну суранып, бул ишти калыс териштирүү үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылды.
Жогорку Кеңеш интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Эми жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, аны жарыялаган медиага 65 миң сом айып пул салынат. Мыйзамдын аткарылышына ИИМ жоопкер болот.
Орусия генерал Игорь Кирилловду өлтүрүүгө шектелген киши кармалганын, ал украин атайын кызматы жалдаган Өзбекстандын жараны экенин маалымдады. Ал эми Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган жараны тууралуу маалымат аларда азырынча жок экенин билдирди.
Кыргызстанда өткөн жумаларда 120га жакын онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды.
Аксы районунда 14 жашка чейинки балдар арасында сарык оорусу көп катталып жатат. Былтыр он айда гепатиттин А түрү менен 150дөй бала катталса, быйыл жыл башынан берки он айда алардын саны 800дөн ашты. Райондук ооруканада бейтаптар батпай, кошумча бөлүмдөргө жаткырылып жатат.
Бийлик диний чөйрөнүн ишмердигин жөнгө салган мыйзамды кайра жазып чыгууда. Демилгечилер 2008-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы талаптарга жооп бербей калганын айтууда. Жогорку Кеңеште 17-декабрда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн маалымат жыйын уюштуруп, коррупция менен күрөш, Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши жана президенттик шайлоо туурасында суроолорго жооп берди.
Дагы жүктөңүз