Жыл башында кармалган 11 журналисттердин төртөөнүн иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Орусия Украинада энергетикалык объектилерди, турак-жайларды жана автомашиналарды аткылады. Ноокат районунда милициянын алты кызматкери пара алууга шектелип кармалды, дагы бир кызматкер изделүүдө.
Бийликти сындап, бир жылдай абакта жатып чыккан жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин “Акын жана өкүм” аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Бул эмгекте калемгердин 2023-2024-жылдар аралыгында абактан жазган поэмалар топтому камтылган.
Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнө салды. Ал 70 жылга жакын кесиптик ишмердигине 30 миңдей операция жасаган. Замандаштары жана окуучулары анын кыргыз медицинасына кошкон салымын эскеришти.
Аялдарга каршы зомбулук адам укуктарын бузуунун эң жайылган түрлөрүнүн бири. Андай учурлар теңсиздиктен, чыр-чатактан, жакырчылыктан, кыз-келиндерди жериген социалдык нормалардан келип чыгат. “Азаттык” аялдар үчүн коопсуз аянтча түзүп берет. Сен жалгыз эмессиң.
Эки жарым жыл мурун 16 жашында зордукталып, боюна бүтүп, айына жетпей көз жарган кыздын саламаттыгына жакындары кабатыр. Өспүрүм кызды зордуктоого шек саналып кармалган 66 жаштагы жаранды 30-октябрда Каракол шаардык соту 11 жылга кести. Шектүүнүн жакындары коюлган айыпты четке кагып жатат.
Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагында айылдык кенешке келчү 31 депутаттын 12 мандаты аялдарга берилет. Шайлоого 20дан ашуун аял талапкер катышты. Өзгөчө бул жолу шайлоого өзбек улутундагы аялдардын жигердүү катышканы жергиликтүүлөр үчүн чоң жаңылык болууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын көрүүгө жана кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Соңку эки күндөн бери Орусия Украинанын аймагына жапырт ракеталык чабуул коюп жатканын эл аралык медиа кабарлады.
Орусия шейшембиге караган түнү украин армиясы Брянск облусуна Атакамс ракетасы менен алты сокку урганын билдирди. Украин армиясы Карачев шаарынын четиндеги курал-жарак кампасын бутага алганын маалымдап, бирок кандай курал колдонулганын атаган эмес. Путин ядролук жаңы доктринага кол койду.
Кыргыз авиация агенттиги Бишкектеги “Манас” аэропортунун IATA кодун алмаштыруу аракети жүрүп жатканын билдирди.
Өлкөдөгү бир катар айылдардын тарыхый аталыштарын кайтаруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Талкуу учурунда айрым депутаттар Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштыруу демилгесин кайрадан көтөрүштү.
Ноокатта милиция кызматкерлеринин жетекчисине каршы арызын Ички иштер министрлигинде түзүлгөн комиссия териштирет. 18-ноябрдын кечинде Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевдин үстүнөн даттанышты.
Грузияда парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын койгон каршылык акциясы уланууда. 18-ноябрга караган түндү Тбилисиде митингчилер чатыр тигип, от жагып өткөрүштү. Талаштуу шайлоонун жыйынтыгын бекитип жатканда БШКнын төрагасына оппозициялык саясатчы Давид Киртадзе сыя чачып жиберген.
Дагы жүктөңүз