Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу тобу мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоого материалдарды даярдоо үчүн Бишкекте иштеп жатат. 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы тактоо иштери аягына чыкканы кабарланган.
Уюшкан кылмыштуу топтун “Женго” каймана аттуу мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады. Жаза аткаруу кызматы кабарды төгүндөдү.
Бишкек кайрадан абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде башкалаанын айрым бөлүктөрүндөгү көрсөткүч өтө кооптуу чектен ашкан.
Ошто мугалимдер сынагынан жеңүүчүсү Ильгиз Шамырзаев акыры үйлүу болду. Ал буга чейин эки ирет сынакка катышып, утуп алган батирин ала албай жургөнүн айтып “Азаттыкка” кайрылган эле.
24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. IQAIR сайтындагы көрсөткүч боюнча шаардын борбордук бөлүгү 458 индексти көрсөтсө, калаанын башка аймактары 600-760 индекске чейин жеткен.
Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания №47 түзөтүү колониясынын ордуна курган "Мурас" турак жай комплексинин ачылыш аземи өттү. Ага президент Жапаров өзү катышып, аталган комплекс жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналарын белгиледи.
Абакта жаткан жарандар сабалганын жакындары айтып чыгышты. Украинанын Коргоо министрлиги Татарстанда Шахед дрондорунун тетиктерин ташып бараткан поезддер жок кылынганын билдирди. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз беш гана товарга калышы мүмкүн.
Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын алдына камактагылардын жакындары чогулуп, Жаза аткаруу кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты адам абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдиришти.
Айжан, Рахима, Айкыз, Дарья жана башка кыз-келин жакын адамдарынын колунан ажал таап, жаңырган 2025-жылды көрбөй кетишти. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 10 айында эле 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% көп.
Орус армиясы Украинанын аймагынаракета менен жапырт сокку урду. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймактарына жасалган 20-декабрдагы чабуулду "украин армиясынын Батышын куралы менен орусиялык объектилерге жасаган соккуларына жооп" катары түшүндүрдү.
Бишкекте элдик курултай өтүп жатат. Ага келген делегаттар аймактардагы социалдык көйгөйлөргө басым жасап, таза суу, трансформация иштери, саламаттык сактоо, жол сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүүдө.
Дагы жүктөңүз