Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда көк бөрү оюнуна тыюу салынбай турганын билдирди. Мекеме март айындагы “Нооруз-2025” республикалык турнири убактылуу гана токтотулганын, бул көк бөрүгө толук тыюу салынды дегенди билдирбей турганын кошумчалады.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жакын арада Көк бөрү федерациясы менен биргеликте оюндагы калыстарды жана оюнчуларды жаңы эрежелерге окутууну пландап жатканын билдирди.
12-мартта Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде улакчы Мирлан Сражидинов каза тапкан. 1-лиганын оюнунда Сокулуктун “Бөрүлү” командасынын оюнчусун Оштун “Бүркүт” командасынын оюнчусу ат менен сүздүргөн. Соккудан жаракат алган улакчы жерге кулап, оюн эки саатка токтотулган. Милиция Мирлан Сражидинов ооруканага баратканда үзүлгөнүн, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголуп, атаандаш команданын оюнчусу камакка алынганын билдирген.
Бул окуядан кийин “Нооруз-2025” турнири токтотулган.
Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыгышкан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу ойной турганы жана улак тайказанга салынары белгиленген. Андан бери оюн эрежелерине бир топ өзгөрүү кирген. Бирок айрым эксперттер улуттук оюнду заманбап, профессионал спорт түрүнө айлантуу үчүн дагы өзгөртүүлөр зарыл дешет.
Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев былтыр оюнчулардын ден соолугун, өмүрүн сактоо максатында атайын баш кийимдер сунушталганын жана коопсуз тайказандарды көбөйтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген. (BTo)
Шерине