Медициналык кызматкерлер талибдердин айынан жана өлкөнү каптаган гуманитардык кризистен улам чет жактарга агылган. Алар жумуш шарты начар, айлык аз экенин жана басым-кысымга туш болгонун айтышат.
Кабулдагы Вазир Акбар Хан ооруканасынын мурдагы жетекчиси Абдулла Ахмади “Талибан” бийликти басып алгандан бир нече ай өткөндөн кийин мекенинен көчүп кеткен, азыр Финляндияда жашайт. Ортопед-хирургдун айтымында, аны Саламаттык сактоо министрлигиндеги, мамлекеттик ооруканалардагы кызматтарга дайындалган билими, адистиги жок талибдер кемсинтип, коркутчу.
Анын кесиптеши, Германияда жашап жаткан психиатр Сафа Хассани “Талибан” 2021-жылы сентябрда өспүрүм кыздарга мектепке барууга тыюу салганда үй-бүлөсү менен башка жакка кетүүнү чечкенин айтат.
“Кыздарым окусун деп жумушумду, кесибимди таштадым”, - деп айткан Хассани чет элдик догдурлар Европада лицензия алууда кыйынчылыктарга туш болорун кошумчалайт.
Чоң боштук
Франциялык кайрымдуулук уюмунун ардагер-кызматкери Соня Котен Кабулда 2023-жылга чейин иштеп кеткен. Ал дарыгерлердин Ооганстандан сыртка жапырт агылышын өз көзү менен көргөн.
“Ооганстан көптөгөн мыкты догдурларынан айрылды. Көбү талибдерден эмне күтсө болорун билбей өз карьерасын жана үй-бүлөсүн ойлоп кетип калды”, - дейт ал.
Котен жетектеген уюм Кабулда жайгашкан франциялык Энени жана баланы коргоо институтуна жардам берчү. Анын айтымында, дарыгерлердин кетиши менен “саламаттык сактоо системасында чоң боштук пайда болду”.
Адистердин тартыштыгы оогандарды сапаттуу медициналык тейлөөсүз калтырды. Бир тобу чет жактарга барып чоң акчага дарыланууга аргасыз.
Мисалы, Абдул Ахад деген киши Пакистанда бөйрөгүндөгү таштарды алдырганын, операцияга миң доллар коротконун айтат.
Ахад Кабулда кесипкөй догдурду таба албаганына даттанат:
“Оогандык айрым дарыгерлер бөйрөгүмдө таш бар десе, башкалары таш заара түтүкчөлөрүнө туруп калганын айтышты”.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жакында чыгарган отчетунда Ооганстанда 10 миң кишиге 10 медициналык кызматкер туура келерин билдирген. Уюмдун айтымында, бардык жарандардын тейлениши үчүн 10 миң кишиге 44 медициналык кызматкер зарыл.
"40 миллион калктын 18 миллионго жакыны медициналык жардамга муктаж", - деп болжолдойт ДСУ.
9,5 миллион оогандык “негизги медициналык кызматка жете албайт же жарым-жартылай тейленет” деп билдирди уюм. "Талибан" аялдардын билим алуусуна тыюу салгандыктан, өлкөдө медициналык жаш адистер жок болуп калды. Талибдер бийликти басып алганга чейин эле Ооганстанда аял медиктер жетишсиз болчу.
Дарыгерге жете албай көз жумгандар
Радикал кыймыл декабрдын башында кыз-келиндердин акушер жана медайым кесибин алуусуна тыюу салганы аялдарды дарылоо өтө кыйын болуп калган.
Дарыгерлердин Ооганстандан чыгып кеткени аздык кылгансып, өлкөгө чет элдик каржы жардамы да берилбей жатат. Батыш колдогон мурдагы бийлик учурунда сырттан каржылоо мамлекеттик чыгымдардын 75% жапчу.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму февралда жарыялаган докладында каржылоонун кыскарышы экономикага жана коомдук саламаттык сактоо системасына чоң сокку болгонун белгилеген.
Чехияга көчүп келген оогандык Каяраш аттуу дарыгердин пикиринде, Ооганстанда “дарылоонун сапаты начарлады”. Адистердин, өзгөчө аял догдурлардын тартыштыгынан улам бейтаптар жардамды көпкө күтүүгө мажбур болуп калды.
Каяраш алдын алууга мүмкүн болгон оорулардан көз жумгандар көбөйүшү мүмкүн деп эсептейт.
Ооганстандын Пактика провинциясындагы Бармал деген алыскы райондо жашаган Варис Шахтын айтымында, догдурлар аз болгондуктан дарттарга чалдыккандардын көбү жүздөгөн чакырым алыстагы Кабулга жөнөйт.
“Бейтаптар көбүнчө догдурга бараткан жолдо көз жумат”, - деп айтат Шах.
Материалдын авторлору: Asadullah Ludin, Abubakar Siddique
Шерине