Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:47

Кыргызстан

"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Нью-Йорктун соту президент Трамптын администрациясынын 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуу чечимин жокко чыгарды. Судья Жаннет Варгас өкмөттүн чечимин мыйзамсыз деп тапты. Виза берүүнү токтотуу чечимин АКШ Мамлекеттик департаменти быйыл январында кабыл алган.

Судья Варгастын чечими

Чектөө киргизүүгө бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү кирешеси орто жана төмөн мамлекеттерге кирери жана алардан келген иммигранттар АКШда социалдык жардам алуучуларга айланып, мамлекет алардын жашоосуна көп каражат коротуп калышы мүмкүн деген кооптонуу негиз болгон.

Бул чектөөгө Орусия, Армения, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия жана Молдованын жарандары да кабылган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ян Бейтсон иммиграциялык, туристтик жана жумуш визасына байланыштуу чектөөгө туш болгон мамлекеттер кандай критерий менен тандалганы тууралуу мындай маалымат берген:

"21-январдан тарта иммиграциялык виза берүүгө тыюу салынган өлкөлөр тизмесине мурдагы советтик аймактан Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Грузия, Молдова кирди. Биз Америкада жашап жаткан иммигранттардын мамлекеттик жөлөкпулга көз карандылыгын изилдеп чыктык. Статистика көргөзгөндөй, дал ушул 75 мамлекеттен келгендер мамлекеттик каражатка башкалардан көбүрөөк көз каранды болуп чыкты. Бул АКШ экономикасынын азыркысы менен келечегине байланыштуу маселе. Бул чектөөнүн туристтик же башка виза боюнча убактылуу келип кетчү адамдарга тиешеси жок. Ошондой эле буга чейин берилген иммиграциялык визаларга, же жашыл карталарга жайылтылбайт, алар жок кылынбайт. Мындан тышкары кыргызстандык, тажикстандык туристтер менен ишкерлер Америкага виза алыш үчүн 15 миң долларга чейинки акчаны күрөөгө коюшу керек болот. Күрөөнүн суммасын элчиликтеги аңгемелешүү учурунда консул аныктайт. Мунун баары Американын виза саясатын ондоп-түзөө, реформалоо аракетинин алкагында жасалып жатат. Саякаттап келген туристтер же башка иш боюнча келгендер убагында Америкадан чыгып кетиши керек. Иммиграциялык же туруктуу жашоого укук берген виза АКШга узак мөөнөттүү пайда алып келиши керек", - деген Бейтсон.

Нью-Йорк сотунун судьясы Жаннет Варгас АКШ өкмөтүнүн мындай чечимин мыйзамсыз деп тапты.

Анын айтымында, Мамлекеттик департаменттин консулдук кызматтардын ишине мындай чектөө киргизүүгө ыйгарым укугу жок. Варгас АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиону ыйгарым укуктарынан ашып кеткен деп сындады. Судья өз чечиминде айрым адамдарга жөн гана жарандыгына карап виза берилбей калган учурларды мисал келтирген.

Алардын арасында АКШда өзүн камсыздоого толук мүмкүнчүлүгү барлар болгон - айрым талапкерлерди АКШда жумуш орду күтүп турган, ал эми башкалары үй-бүлө мүчөлөрү менен биригүү үчүн көчүп келүүнү көздөшкөн.

Мындай жарандыгына карап басмырлаган визалык саясат 1965-жылы кабыл алынган АКШнын Иммиграция мыйзамына каршы келерин белгилеген.

АКШ 21-январдан тарта 75 мамлекеттин жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуп, туристтик жана иш визасы үчүн 15 000 долларга чейин күрөө коюуга милдеттендирген.

Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды да кошкону маалым болгон.

Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ өкмөтү менен визага күрөө талап кылынган жаңы жобо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип келди.

Былтыр Вашингтон бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскарткан. Кыргызстандын жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, ал үч айга чейин азайтылган. Ошондой эле бул виза менен АКШнын аймагына бир гана жолу кирүүгө уруксат бериле турган болгон.

B-1/B-2 визалары АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон менен визалык чектөөлөр боюнча маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Миграцияга көзөмөл, соцтармактарды текшерүү

Быйыл июндун этегинде АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамптын Америка жергесинде төрөлгөндөргө жарандык берүүнү чектеген буйругун жокко чыгарган. Ошол эле маалда иммиграцияга байланышкан башка чечимдер өкмөттүн пайдасына чыккан. Жогорку инстанция иммиграцияга тиешелүү эки токтомун жарыялаган.

Биринчисине ылайык, Чек ара кызматы башкалка сурагандарды өлкөгө киргизүүнү чектей алмакчы. Башкача айтканда, Мексиканын аймагында жүргөн мигрант АКШга келди деп саналбайт. Анын башкалка тууралуу арызын кабыл албоого уруксат берилет.

Экинчиси, "убактылуу коргоо макамы" ыйгарылган Сирия жана Гаитинин жарандарына тиешелүү. Конгресс 1990-жылы киргизген макам гуманитардык себептерден улам куралдуу жаңжал жүргөн, жаратылыш кырсыгынан же башка чукул кырдаалдан жапа чеккен өлкөлөрдүн жарандарына берилчү.

Ошол өзгөчө абал жоюлбаса, статус узартыла берет. Учурда Кошмо Штаттарда депортациядан корголгон бир миллиондон ашуун киши жашайт. Бирок Трамптын администрациясы коопсуз деп эсептеген мамлекеттердин жарандарын ал тизмеден чыгара баштаган. Ушу тапта коопсуз деп Венесуэла, Ооганстан, Камерун, Непал, Гондурас, Сальвадор, Мьянма, Украина жана Ливан таанылган. Бир катар өлкөлөр, анын арасында Сирия жана Гаити жарандарына байланышкан чечимдерди федералдык соттор токтотуп турган. Дал ошол чечимдерди июнда Жогорку сот жокко чыгарды.

Ак үйдүн иммиграция саясатынын архитектору Стивен Миллер соттун чечимдерин кубаттап, "эми Американын эшиги башкалка сурагандар үчүн жабылганын" билдирди.

АКШ мыйзамдуу миграцияга көзөмөлдү күчөтүүдө

Мыйзамсыз миграция менен күрөштүн фонунда легалдуу миграция да кыйындады. Трамптын администрациясы ал үчүн мыйзамдарды өзгөрткөн жок. Жол-жоболор азыркылардын алкагында күчөтүлүүдө.

Эң олуттуу өзгөрүүлөргө бир иммиграциялык макамдан экинчисине өтүү жол-жобосу туш болду. Мурда визанын кайсы түрү болбосун өлкөгө мыйзамдуу кирген чет өлкөлүк жаран туруктуу жашоо уруксатын же жашыл картаны (грин-карта) алуу арызы менен АКШдан туруп кайрыла алчу. Эми болсо дээрлик бардык учурда Американын өз мамлекетиндеги консулдугуна барып, ошол жактан тапшырышы керек.

Мындай эреже быйылкы жылдын 21-майында АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынын (USCIS) меморандуму менен күчүнө кирди. Документке ылайык, макамды өзгөртүү мурда автоматтык укук болуп каралса, эми "өзгөчө укуктук коргоо чарасы" деген категорияга киргизилди. Бул тиешелүү мыйзамга каршы келбейт.

Жарандык жана иммиграция боюнча кызматынын расмий өкүлү Зак Калердин айтымында, “иммиграциялык системанын чегинде чет өлкөлүктөрдүн бардык зарыл процедуралардан өтүүсүн камсыздаган мыйзамдын түпкүлүктүү маанисине кайтып” жатышат.

“Өз өлкөсүнөн кайрылуу менен "жашыл карта" берүү арызы четке кагылгандан кийин АКШда мыйзамсыз калууну көздөгөндөрдү табуу жана депортация кылуу зарылдыгы азаят”, - деп бегиледи Калер.

Мындан тышкары арыз тапшырганда алынчу төлөм эки эсеге кымбаттады.

Мурда жеке маектешүү айрым учурларда өткөрүлбөсө, эми миграция кызматынын өкүлү ар бири менен маектешүүгө тийиш. Анын жүрүшүндө ар кандай калп айтууну, мисалы АКШнын жараны менен жасалма никени аныктоо максаты коюлат.

Беш жыл туруктуу жашагандан кийин жарандык алуу тартиби да татаалдашкан. Маектешүү эки бөлүктөн турат: тил жана жарандын укук-милдеттери боюнча тест тапшыруу зарыл.

USCIS директору Жозеф Эдлоу өткөн сентябрда жаңы сынак менен тааныштырганда: “Биз талапкерлер АКШнын жараны болуу жана бул макамды алуу эмнени билдирерин жакшы түшүнөрүнө ынанышыбыз керек”, - деп айткан.

Укук коргоочу уюмдар кызматты жаңы тестти киргизүүнү токтотууга чакырып, анча сабаттуу эмес жана улгайган талапкерлерге кыйын болорун, адилеттүүлүк принцибине көлөкө түшөрүн эскертишкен.

Эдлоу суроолор адамды ойлондурууга тийиш, "эки федералдык майрамды атагыла", "штатыңардын губернатору ким?" өңдүү суроолорго жооп берүү жетишсиз деп каршылыгын билдирген.

Социалдык тармактардагы баракчалар текшерилет

2008-жылы түзүлгөн тест 100 суроодон турчу, сынак кабыл алган кызматкер өзү тандаган 10 суроо берчү. Талапкер жок дегенде алтооно туура жооп берсе, ийгиликтүү өттү деп саналчу. Жаңысында 128 суроо бар, 20 суроонун 12сине туура жооп кайтарыш керек.

2019-жылдан бери виза алууга арыз тапшыргандардын көбү популярдуу социалдык тармактардагы ысымын көрсөтүүгө тийиш. Быйылкы февралдан тарта USCIS талапкердин гана эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жадагалса достошкон, бирок тааныбаган кишилердин да баракчаларын текшере алат. Чогултулган маалымат депортацияга негиз же көп жылдан кийин да сотто күнөөнү оорлотуучу жагдай катары колдонолушу ажеп эмес.

Кыргызстан-АКШ: Виза маселеси, банкка салынган санкция, инвестиция тартуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:37 0:00

Социалдык медиага байкоо салган Бреннан борборунун талдоочулары алгоритмдин жардамы менен жүргүзүлгөн мониторингдин эффективдүүлүгү төмөн, себеби маданий реалдуулуктар эске алынбайт жана тамашаны чындыктан айырмалоо кыйын деп айтышат.

Соцтармактардагы кайсы саясий жана диний билдирүүлөр терс фактор деп каралганы миграция кызматынын расмий документтеринде көргөзүлгөн. Биринчиден, “антисемиттик активдүүлүк”, экинчиден, “Америкага каршы” ойлор.

Адвокаттар соцтармактардагы баракчаларды өчүрүү “олуттуу бир нерсени жашыруу аракети” деп каралышы мүмкүн экенин эскертишет. Бирок “аккаунттарды карап чыгуу" кеңешин беришкен.

Аксы: Айчүрөк менен Гүлзаттын табышмактуу өлүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:30 0:00

Аксы районунда 25 жаштагы Айчүрөктүн асынып каза болгону айтылганына бүгүн кырк күн болду. Жакындары экспертизанын жыйынтыгы ушул күнгө чейин чыкпаганын айтып, иштин калыс жана адилет тергелишин талап кылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG