Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:33

Өкмөт айрым мөмө-жемиш көчөттөрүн ташып келүүгө тыюу салууну көздөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну көздөп жатат. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыкты. Документке ылайык, тыюунун мөөнөтү алты ай деп белгиленип, ага реэкспорт, Кыргызстан аркылуу транзит жана ЕАЭБдин өлкөлөрүнө ташуу кирбейт.

Өкмөт мындай долбоор өлкөнүн аймагына айыл чарба өсүмдүктөрүн алып келүү жана пайдалануу маселелерин ыкчам чечүү максатында, ошондой эле өлкөнүн селекциялык коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү сапаты начар мөмө-жемиш сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө жол бербөө максатында иштелип чыкканын билдирүүдө.

Муну менен катар Экономика жана коммерция жана Тышкы иштер министрликтерине убактылуу тыюу салууну жөнүндө Дүйнөлүк соода уюму менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине(КМШ) кабарлоо тапшырылды.

Мамлекеттик бажы кызматы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте токтомдо көрсөтүлгөн өсүмдүктөрдү мыйзамсыз ташып келүүгө (импорттоого) бөгөт коюушу керек.

Өлкөдө сапаттуу көчөттөр жетишсиз болгондуктан, дыйкандар көбүнчө импортко көз каранды болуп келген. Буга чейин Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги акыркы жылдары чек арадагы көзөмөл күчөтүлүп, сапаты төмөн көчөттөрдүн агымы азайганын жана кыргыз питомниктери өнүгүп жатканын белгилеген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG