Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, коомдук бирикмелердин жетекчилери жана жарандык активисттер менен онлайн-жолугушуу өткөрүп, алдыда боло турган шайлоо тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы 17-ноябрда кабарлады.
Талкууга Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Красноярск, Новосибирск баш болгон 20дан ашуун шаарынан өкүлдөр катышты. Шайназаров 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, жаңы киргизилген аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, шайлоого катышуу үчүн кыргызстандыктардын консулдук каттоого туруусу зарыл эмес. Tizme.gov.kg сайтынан өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, паспорт же “Түндүк” тиркемеси менен шайлоого келсе жетиштүү.
Талкууда чет өлкөдөгү шайлоо комиссиялардын иши, аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү, талапкерлер жана алардын программалары, Москвада жана Орусиянын башка аймактарында жаңы шайлоо участокторун ачуу мүмкүнчүлүгү, добуш берүү тартиби жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын алдын алуу боюнча суроолор берилди.
30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылган. Анын 40ы Орусияда.
Быйыл 9-июнда кабыл алынган мыйзамга ылайык “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын бири – аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны киргизүү болгон.
Онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар. (КЕ)
Орусияда эмгектенген кыргызстандыктарга шайлоо тууралуу маалымат берилди
Шерине