
Жогорку Кеңеш 9-апрелдеги жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Медиа коомчулук менен макулдашылып иштелип чыккан долбоорго депутаттар бир катар сунуш-пикирлерин беришти.
Айрыкча социалдык тармактарда активдүү болуп, маалымат таратуучу катары иш алып барган жарандардын жоопкерчилиги боюнча маселе көп көтөрүлдү.
Жыйында жалпыга маалымдоо каражаттарын милдеттүү каттоо боюнча маселе кайра козголду. Баяндама жасаган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев медиа коомчулуктун талабы менен ЖМКларды каттоо ыктыярдуу болуп калганын түшүндүрдү. Депутат Марлен Маматалиев социалдык тармактар өнүккөн учурда маалымат тараткан блогер менен журналистти айырмалоо кыйын болуп, аларга эки башка жоопкерчилик жүктөлүп каларын айтты.
“Саясий көз караштарын билдирип, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, өзүн кадимки журналисттей эле алып жүрөт. Аттарын атабай эле коёюн, андайлар көп. Аларга кандай болуп калат? Бир тарапка иштейт, экинчи жакка иштебей калабы? Эртеңки күнү журналисттер мен блогермин деп кетип калат".
Марат Тагаев депутатты кат түрүндө сунуш берүүгө чакырып, бул маселени экинчи окууда карап чыга турганын билдирди.
"Учурда блогерлер өзүнүн берүүсүнүн башында журналисттик ишмердүүлүктү коргоо боюнча ушул мыйзамдын беренелерин келтирет. Бирок ал эч кандай каттоодон өткөн эмес. Учурдан пайдаланып журналисттик ишмердүүлүк менен алектенген блогерлерди каттоодон өтүүгө, күбөлүгүн мыйзамдаштырууга чакырам”.
Ушул эле маселени депутат Алишер Эрбаев да көтөрүп, социалдык тармактарда активдүү маалымат таратып, журналисттик ишмердикти жүргүзгөн жарандар үчүн да жоопкерчилик каралышы керектигин белгиледи. Жаңы долбоордо жалпыга маалымдоо каражаттарына каттоодон өтүү ыктыярдуу болуп, катталгандарга жеңилдиктер каралып жатат. Мисалы, катталган мекеме мамлекеттик органдарга кайрылганда аларга үч күндүн ичинде жооп бериши керек. Ал эми каттоодон өтпөгөндөргө 14 күндүк мөөнөт калууда.
"Маалымат таратуу - ар бир адамдын укугу"
Мыйзам долбоордун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топко кирген юрист Нурбек Сыдыков каттоого туруунун ыктыярдуу бойдон калышы маанилүү экенин айтууда.
“Баш мыйзамда ар бир жаран же жарандардын тобу маалымат чогултууга жана таратууга укуктуу деп жазылган. Бирок тараткандын баарын эле ЖМК деп атоо мүмкүн эмес. Ошондуктан бул топ өзүн тармактык же интернет тармак деп атап, үч-төрт адам биригип, блог даярдайбы, айтор, бул Конституциядагы укугун колдонуп, маалымат издеп, таратып жатканы. Ал эми ЖМК бул профессионалдуу ишмердүүлүк. Мында топ адамдар биз профессионалдуу журналистика менен алек болуп, “мыйзамдагы укуктарды, милдеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз” деп ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болот деп сунуш бергенбиз”.
Долбоор жумушчу топто каралып жатканда ЖМКлардын каттоодон өтүүсү милдеттүү болгондо мамлекеттик мекемелер айрым редакцияларга кысым көрсөтүп, аларды каттоодон өткөрбөй коюу коркунучу бар экенин белгилешкен.
"Соцтармактагы комментарийге ким жоопкер?"
Мындан тышкары “жалпыга маалымдоо каражаттарынын социалдык тармактардагы баракчаларына чыгарган материалдарына жазылган комментарийге ким жоопкерчилик алат” деген суроо коюлду. Депутат Балбак Түлөбаев редакция социалдык тармактардагы баракчаларына жазылган комментарий үчүн да жооп бериши керектигин айтууда.
“Эй, Балбак, сен туура эмес иштеп жатасың. Такыр эле болбогон неме экенсиң десе, мейли. Ооба, конструктивдүү пикирлерин, сындарын айта берсин. Бирок оор кылмышта каралган сөздөрдү айтууга болбойт деген ойдомун”.
Марат Тагаев өзүн сыйлаган редакциялар ансыз деле мыйзамга каршы келген пикирлерди тазалап турарын белгилеп, муну ички маселе катары мүнөздөдү.
"Блогерлер үчүн да мыйзам жазылат"
Депутаттар блогерлердин ишмердиги боюнча да суроолорду берип, бул багыт да өнүгүп, миңдеген катталуучулары бар адамдардын ишмердигин көзөмөлдөө маселеси коюлду.
"Бизде телефон көтөргөн ар бир үчүнчү киши блогерлик менен алектенип калды. Учурда блогерлердин коомдогу таасири артып жатат. Ошол себептүү бул мыйзамга аларды да камтуу зарыл эле. Бизге мындай мыйзам керек", - деди депутат Аида Исатбек кызы.
Министрдин орун басары бул жаатта өзүнчө мыйзам долбоору катары бир канча вариант каралып жатканын маалымдады.
Депутат Дастан Бекешев сөз эркиндиги боюнча маселе учурда өлкөдө кыйын кырдаалда турганына токтолуп, бул мыйзам журналисттердин ишин колдоп же аларга пайда алып келбей турганын айтты.
“Канышай Мамыркулова жана башкалар түрмөдө отурат. Бир эле эксперт корутунду мыйзам бузуу болду деп жазып коюп, анын негизинде сот камакка отургузат же айып салат. Бул мыйзам кереги деле жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам жокко чыгарсак да бул журналисттерге пайда дагы, зыян дагы бербейт. Жаңы редакциясын кабыл алганда да жардам бербейт”.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорунун биринчи редакциясына медиа коомчулук караманча каршы чыгып, анда редакциялардын ишмердигин чектей турган кооптуу беренелер бар экенин айтып чыккан. 2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаров журналисттер менен жолуккандан кийин мыйзам долбоорун артка чакыртып, документти жеткире иштеп чыгуу үчүн медиа коомчулуктун өкүлдөрү менен чогуу жумушчу топ түзүүнү тапшырган. Ошентип долбоордун азыркы редакциясы компромисстик чечим деп мүнөздөлүп жатат.
Буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталууда. Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн.