Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун соңку билдирүүсүнө, тактап айтканда энергетика тармагы тууралуу айткандарына комментарий берди. Ал Фейсбук баракчасына өз бийлигинин тушунда бул тармакта жасалган иштерге токтолуп, бул жаатта туура эмес маалымат берилип жатканын белгиледи.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев билдирүүсүн өзү президент болуп келген учурдагы энергетика тармагындагы абалды эскерүү менен баштаган. Анын бийлигинин тушунда өлкө бул тармакта көз карандысыз абалга жеткенин жазган.
"Президенттин билдирүүсүндө мен президент болуп турган учур тууралуу тилекке каршы адаттагыдай эле көп калп айтылды. Ошондуктан мен жагдай тууралуу түшүндүрмө берүүнү чечтим. Мен 2011-жылы президент болуп келгендеги өлкө кандай абалда болгонун эске салып коеюн. Өлкөнүн энергетикасы чөгүп калган. Ушундай энергетиканын кыйроосу 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынына себеп болгон. Жарыкты маал-маалы менен күндө өчүрүшкөн, кышында бүтүндөй аймак, шаар жарыксыз калган учурлар болгон. Эсимде, түнү Москвадан учуп келатканда жаркыраган орусиялык жана казакстандык шаарлардын кийин кунарсыз Бишкек жүрөгүмдү ооруткан. Мен 2017-жылы кызматтан кетип жатканда биздин энергетиктердин командасы өлкөдөгү энергетики маселелерин биротоло чечкенибизге ишенип турушкан. Мен 2017-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнөн көз каранды болбой калганыбызга сыймыктангам. 2017-2018-жылы биз толук көз карандысыз болуп, электр энергиясын импорттоону толугу менен токтотконбуз. Мен аны сыймыктануу менен Кыргызстандын энергетика жаатындагы эгемендиги деп атагам. Энергетика тармагындагы азыркы абал мени азыр таң калтырып жатат. Ал анан кантип 2010-жылдын жазындагы абалга кептелип калган".
Атамбаев "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрүн куруу, "Датка" подстанциясын салуу анын бийлигинин тушунда ишке ашканына токтолгон. Чуулуу окуялар, кылмыш иштерин козгоо, камоо менен менен коштолсо дагы Бишкек жылуулук борбору жаңыланганын белгилеген. Токтогул ГЭСИ оңдолуп-түзөлгөнүн айткан.
"Биз такай энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукка жетишип келгенбиз. Биз Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн эч качан жашырган эмеспиз. Улуттук статистика комитети электр энергиясы кайсы өлкөлөргө импорт жана эспорт болгонун жашырган эмес. Бишкек ЖЭБине жабдуу сатып алуу депутаттар жана журналисттер үчүн дагы ачык болчу, ага эч ким "жашыруун" деген белги койгон эмес. "Эч нерсе жасалган эмес" деген сүйлөм бул Алмазбек Атамбаевди эле кемсинтүү эмес, бул 90-жылдардагы кыйроодон сууруп чыккан миңдеген адамдын эмгегин кемсинтүү. Бул энергетикалык каатчылыктан өлкөнү сууруп чыккан, ийгиликтүү иштеген топту кемсинтүү. Азыр энергокаатчылык болуп жатканда өлкөдө майнингди өнүктүрүүнүн, криптовалюта тууралуу жыйын өткөрүүнүн, Казакстанга күлкүлүү баада электр энергиясын үч эсе көп көлөмдө экспорттоонун маңызы эмнеде? Менин убагымда баары кынтыксыз болгон деп эч качан айткан эмесмин. Азыр дагы айтпайм. Бирок мен 2011-2017-жылдарды "кара тешик" деп атоого каршымын", - деп жазган Атамбаев.
Садыр Жапаров жана анын администрациясы бул билдирүү тууралуу азырынча үн ката элек.
Мунун алдында Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, электр энергиясындагы каатчылык утурумдук экенин дагы белгилеген. Анда 2027-жылдан тартып бул тармак "пайда алып келе баштайт" деп жазган. Ошондой эле энергетика тармагында жасалып жаткан иштерди, долбоорлорду кеңири тизмектеди.
"2027-жылдан баштап энергетика системабыз тарыхыбызда биринчи жолу пайдага чыга баштайт. Бул мамлекеттүүлүк үчүн, көз карандысыздыгыбыз үчүн чоң жетишкендик. Эгер мен деле “башымды оорутпайын, менин президенттик мөөнөтүм эптеп өтүп кетсе болду” деп ГЭСтерди салбай, реформаларды жасабай, энергияны 5 сомдон импорттоп келип, 1 сомдон элге берип коюп олтура берсем боло берет эле. Муну 5-класттын баласы деле жасай алат. Мен бул жолду тандабадым. Эгер мен да ушул жорукту улантсам, анда энергетика системабызда накта катастрофа болмок",-деп жазды Жапаров.
Президент ошол эле маалда электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбай жаткандар бар экенине да токтолгон.
Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктү алуудагы өзгөрүүлөргө токтолуп, 14 айлык окуу негизи жогорку класстардын окуучуларына тиешелүү болорун тактаган. Мектепти аяктагандар үчүн курстун мөөнөтү кыска болорун маалымдаган.
Президент тышкы карыз маселеси тууралуу түшүндүрмө берип, 2035-жылга чейин өлкө өз күчү менен карыздан толук кутулат деп ишендиргенге аракет кылган. Учурда сырттан алынып жаткан каражаттар эн ириде чоң экономикалык долбоорго жумшалып жатканын белгилеген.
Ал ошондой эле ушундай жагдайларды пайдалануунун колдонуп кетүүнү көздөгөн топтор бар экенин айткан, бирок кимдир бирөөлөрдүн атын ачык атаган эмес. Президент азыркы бийлик төңкөрүшкө жол бербесин эскертти.
"Ушул көйгөйлөрдү тоодой кылып көрсөтүп, элди козутуп, “шайлоодо бир нерсе болуп кетсе экен” деген жаман ойлуу топтор бар. Ал эмне болгон топтор. Арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же обьектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер, биз бийликке келгенден кийин көмүскө схемаларын талкалап, алардын чөнтөгүнө кетип жаткан каражаттарды мамлекеттик казынага буруп, өздөрү кызматтарынан кол жуугандар. Айтор, жеке кызыкчылыгы үчүн таарынгандар, ызасын ичине каткандар десек болот. Төңкөрүшкө жол берилбейт. Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр", - деп жазган Жапаров.
Талдоочу, журналист Адил Турдукулов президент Жапаровдун кайсы бир маселе тууралуу пикирин билдирип жатканын баалап, ошол эле учурда башка форматтарды дагы колдонуу зарыл деген оюн айтты.
"Садыр Жапаров саясий талаадан суурулуп чыккан саясатчы да. Көп нерсени башынан өткөргөн. Кандай гана көйгөйлүү маселе болбосун аны ачык айтып, түшүндүрүп, өзүнүн позициясын билдиргени туура. Анткени буга чейинки президентибиз кандай гана көйгөйлүү маселе жаралса деле унчукпай койчу эмес беле. Ошонун баары революцияга себеп болгон. Ошонун баарын көрүп-билип, алдын алганы абдан туура нерсе. Бирок мунун форматтарын өзгөртсө деле болмок. Бир эле "Кабарга" интервью бербей, Фейсбукка эле жарыялап койбой, бейтарап журналисттерге дагы ушунун баарын айтып берсе жакшы болмок. Бир эле монолог болбой, баарлашуу түрүндө, керек болсо талкуу болсо жакшы болмок. Ошондой форматта маселени мүлжүп айтып берсе жакшы болмок. Экинчиден, анын айтып жаткан нерселеринин баары актуалдуу. Күбөлүк боюнча баштапкы талаптан кайра чегинип, бир гана окуучуларга окуу 14 ай болот деп жатканы элдин нааразылыгы ого бетер курчуп кетпесин деген ниетте айтылса керек деп ойлойм. Энергетика жаатында дагы бир топ маселелер түптөлүп калган. Кыш адаттан тын суук болсо каатчылык кандайдыр бир толкундоолорго себеп болуп кетиши да мүмкүндүгүн сезип ошондой түшүндүрмо берип жаткан болушу мүмкүн. Анын саясий күчтөр деп айтканы дагы жүйөлүү. Азыркы бийликке каршы күчтөр тымызын болсо дагы иштеп жатса керек деген ойдомун. Шайлоодогу наарзылык дагы толкундоолорго себеп болуп келген", - деди Турдукулов.
Садыр Жапаров өткөн аптада энергетика министри Таалайбек Ибраевди электр энергиясын колдонуудагы "чексиз тарифине" байланыштуу сынга алган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлко башчысы бул тарифти колдонууну токтоосуз токтотууну жана кыш мезгилинде жарандарга электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырганын билдирген.
Талдоочу Алмаз Тажыбай президент кандайдыр бир өзгөрүүлөр, чечимдер тууралуу өзү түшүндүрмө берип жаткан жагдайга токтолду. Ал муну өкмөттөгү ырааттуулук маселеси менен байланыштырды.
"Президент энергетика министрин оңдоп, анын артынан түшүндүрмө берип жатат. Ушинтип артынан тууралап жатат. Бирок элдин кыжыры келип калып жатат. Министрлер кабинетинде кандайдыр бир ырааттуулук болушу керек. Бирөө бирди айтса, экинчиси башканы айтып жатат, ушунусу туура эмес болуп жатат. Өкмөт, Садыр Жапаровдун бийлиги баары бир сөздү сүйлөшү керек эле".
Айдоочулук күбөлүк берүүдөгү өзгөртүүлөр тууралуу "Азаттык" 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар автоинструктор Райымбек Султановдун пикирин сурады. Ал алдын ала даярдык көрүлүп, толук шарт түзүлүшү керектигин белгиледи. Ошондой эле бардык жагдай талданышы зарыл экенин айтты.
"Инструкторлорду азыртадан даярдаш керек. Экзамен тапшыра турган автодромдордун шартын жакшыртуу керек. Ошондой эле экзамен алгандардын дагы даярдыгын жакшыртуу зарыл. Азыр болсо өздөрү билгендей кылып жатат. Азыр экзамендин практикалык бөлүгүн тапшыра тургандардын саны көбөйүп, алар айлап күтүп калып жатат. Бул негизи жакшы эмес. Ушулардын баарын эске алып бул тармакты оңдош керек. Ушунун баарын көзөмөлгө алган орган болушу керек. Мейли, автомектептердин баары мамлекеттин карамыгына өтсүн, бирок көзөмөл болуп, текшерип туруу керек. Азыр автомектептерде окуган курсанттар толук практикалык көндүм ала албай жатышат. "
Өткөн аптада президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев келерки жылдан тартып айдоочулук күбөлүк берүүнүн талабы, эреже-шарты кескин өзгөрөрүн билдирген. Анда автомектептердин баары мамлекетке өтөрүн айтып, окуу 14 ай болорун маалымдаган. Бул ар кандай талкууларга жол ачкан.