Бишкек шаардык соту Аскат Жетигендин апелляциялык арызын карады. Ленин райсотунда 11 журналисттин иши уланды. Израил Газадан тышкары Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги масштабдуу операциясын улантып, ондогон адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Парижде Жайкы Паралимпиада оюндары расмий ачылды.
27-августта коңшу Казакстандын өкмөтү атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өткөрүү боюнча токтомду бир добуштан кабыл алды.
Президенттин Таластагы өкүлү болуп үч жума мурда дайындалган Эрмат Жумаев “Азаттыкка” маек куруп, алдыдагы иши, аймактагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору, бийликке айтылган сын-пикирлер тууралуу суроолорго жооп берди.
Ага-ини Исламбек жана Русланбек Матраимов 50 миң сомдон айып төлөп, эркиндикке чыкты. Украина кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылды. Орусиялык ырчылардын Бишкек сапары социалдык тармакта бир топ нааразылык жаратты. Орусияда мигранттардын балдарын “Юнармияга” жиберүү сунушталды.
Согд облусу Тажикстандын түндүгүндө жайгашып, Сырдарыя агып өткөндөн улам айыл чарбасы жакшы өнүккөн. Күрүч жана пахта көп эгилет. Тажикстандын аймагындагы Сырдарыянын узундугу 144 чакырымды түзөт. Дарыяга курулган Кайраккум жана Фархад ГЭСтеринде электр энергиясы өндүрүлөт.
26-августтун таңында Украинанын аймагы орус армиясынын жапырт аба соккусуна дуушар болду. Кыргызстандын Берлиндеги элчилиги Золингендеги кол салуу боюнча кармалган 15 жаштагы өспүрүмдүн тек-жайы такталып жатканын маалымдады. Кыргызстандын мектептеринде 17 миллиондон ашык окуу китеби жетишпейт.
Таластагы “Манас Ордо” комплексиндеги археология - этнографиялык музейде ушул тапта 7 миңден ашуун экспонат бар. Жергиликтүү эл талаа-түздөн тапкан түрдүү буюмдарды музейге өткөрүп, экспонаттардын санын көбөйтүп жатышат. Бирок аларды сактоого азырынча тийиштүү шарттар карала элек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Кыргызстандагы сел, суу ташкындын көбөйүшүн климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштырууда. Алардын баамында, абанын ысышы менен жаан-чачындын көбөйүшү жана мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатышы жаратылыш кырсыктарына себеп болуп жатат.
Кара-Көл шаарында үй-жайы күйүп кеткен 16 үй-бүлө боз үйдө баш калкалоого аргасыз. 13-августта алар жашаган барак тибиндеги эки кабат үйдө өрт чыгып, жашоого такыр жараксыз болуп калды. Эми тургундар үй-жайын кантип калыбына келтирүүнү билбей турушат.
Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум 30-августка калды. Камала Харрис демократтардын атынан АКШ президенттигине расмий талапкер болуп көрсөтүлдү. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандаты “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды.
Пайдасы аз ГЭСтер, суунун сугатка ашыкча сарпталышы жана коррупция. Сырдарыяга коркунуч жараткан жагдайлар жана ага каршы көрүлгөн чаралар. “Чек арасыз суулар” деп аталган эл аралык коомдук фонддун жетектөөчү эксперти Евгений Симонов Сырдарыянын экологиялык көйгөйү жана анын чечүү жолдору тууралуу маек курду.
Дагы жүктөңүз