Табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн Кыргызстанда бюджеттен жыл сайын бөлүнгөн 100 млн сом жетпей жатканы да айтылды.
Сел кесепетинин чыгашасы 2 млрд сомдон ашты
Кыргызстанда быйыл апрель-август айларында жалпы 370тен ашуун сел жана суу ташкындары катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) чукул кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыевдин "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, буга быйылкы жаан-чачындын көп болгону таасир этти:
"Быйылкы жылы өтө көп жааган жаан-чачындын кесепетинен сел көп болду. Жалпы 370тен ашык сел жана суу ташкыны жүрдү. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарындагы, жакында эле Ысык-Көл облусунда болгон сел, Тоң районундагы Зындан көлүнүн жырылуусунан улам жүргөн суу ташкыны, ошолордун баары катталып, талдоо иштери жүрүп жатат".
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл Кыргызстанда жүргөн сел отуз жылдан бери болуп көрбөгөндөй көп катталып, рекорддук чекке жеткенин билдирүүдө.
Селден 25 адам набыт болуп, анын кесепети 2 млрд сомдон ашуун чыгашага алып келген.
Даурбек Сакыевдин журналисттерге билдиргенине караганда, жыл сайын мамлекет табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн 100 млн сом бөлөт. Бирок бул каражат аз.
"Жылына биздин министрликке алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн 100 миллион сом берилет. Бул албетте аз. Муну биз дайыма эле айтып келебиз. Бул каражат 5-6 дамбаны курууга гана жетет. Быйылкы жылдан тартып Министрлер кабинети бюджетти көбөйтүп берүү маселесин чечип берип жатышат. Анткени, селден башка да көптөгөн табигый кырсыктар болушу мүмкүн. Жер көчкү, таш кулоо жана башка кырсыктар".
Сел жана суу ташкындары, анын алдын алуу боюнча ӨКМ жергиликтүү бийликтерге, жарандардын өздөрүнө, ишкана-мекемелерге да эскертүүлөр жыл сайын берилерин билдирүүдө. Ага ылайык, быйыл 300дөн ашуун эскертмелер тапшырылып, андан тышкары маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу кабарланган.
Алдын ала эскертилгени менен кырсыктардын алдын алуу чаралары жетиштүү жүргүзүлбөдү деген сын-пикир көп. ӨКМ буга жергиликтүү бийлик, мекеме-ишканалар жана тургундардын мындай эскертмелерге көңүл бурбай, кайдыгер мамиле кылганы себеп экенин айтат. Министрлик сел суулары үчүн курулган сайлар, селдин нугундагы жерлерге эс алуучу жайлар тургузулуп, көпүрөлөр курулуп, бактар отургузулганын белгилеп, мунун баары селдин кесепеттери жана чыгымы көп болушуна негиз берип жатканын түшүндүргөн.
Аксы районунун тургуну, журналист Жаналы Нурманбетов кооптуу аймактардан көчпөй жаткандар тууралуу айтты:
"Биздин Аксы районунда эле быйыл 100дөй сел жүргөн учур катталды. Жакынкы эле жылдары Жолборсту деген жерде сел жүрүп, сай боюндагы үйдү тургундары менен чогуу агызып кеткен. Сайдын өзүндө суу аз эле, бирок нөшөрлөгөн жаандан улам суу тез эле көбөйүп, селге айланган. Сел агызып кеткен үйгө алдын ала эскертүү берилген экен. Адамдардын кайдыгерлигине ал окуя деле сабак болгон жок. Чалк-Өйдө деген жерде жашаган элге да "сел жүрөт" деп эскертүү берилсе да, туугандарым былк этпей эле кайдыгерлик менен "кудай сактасын" деп отурушат. Кудай дагы "сактансаң сактайт" деген сөз бар. Адамдар өздөрүнө өздөрү сак болушу керек. ӨКМ эскерттиби, угуш керек, аткарыш керек. "Коркунучтуу жайдасыңар, сел жүрөт, жер көчөт" деп, кенемтесин төлөп берген күндө да, акчасын алып, бирок кетпей, көчпөй жүргөн жарандарыбыз да бар".
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев ушул тапта Ысык-Көл облусундагы сел каптаган Темир айылында жүрөт. Депутат селдин кесепети айылдын эли үчүн да, жер кыртышы үчүн да көп жылдык зыянын алып келгенин айтууда. Ал табигый кырсыктардын кесепетин азайтуу үчүн ӨКМдин ишин бекемдөө зарылдыгын айтты:
"100 миллион сом жетпейт. Биз биринчи орунда табигый кырсыктардын алдын алууга акчаны көп бөлүшүбүз керек. Техника, унааларын алып, дамбаларды курушубуз керек. Арык-каналдарды тазалап, оңдошубуз керек. Миллиард сом бөлүп, беш-он миллиарддаган чыгашаны болтурбай коюуга болот. Мисалы, Темир айылында короо-жайды 40 сантиметрге чейин кум аралаш баткак каптап калган. Жергиликтүү аксакалдар "булактардын көзү ачылып калды, эми мындан ары суу келе берет" деп атышат. ӨКМди бекемдешибиз керек. Парламенттен да айтабыз, талап кылабыз", - деди Балбак Түлөбаев.
"Зындан мөңгүнүн тез эрүүсүнөн улам жырылган"
Кыргызстандагы эки миңдей тоо көлүнүн 368и ташып же жырылып кетүү коркунучунда. Анын ичинен эң кооптуулары деп саналган 65 көл Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көңүл борборунда турат. ӨКМдин Чукул кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаменти тоо көлдөрүн үч түрдүү жол менен иликтеп, байкоо саларын аталган департаменттин башчысы Даурбек Сакыев журналисттерге билдирди.
"Тоо көлдөрүнө үч түрдүү байкоо жүргүзүлүп турат. Биринчиси - космостон алынган маалыматтар боюнча. Спутник аркылуу күн сайын тартылган сүрөттөрдөгү өзгөрүүлөр аркылуу байкоо салынат. Экинчиси - өзүбүздүн адистер тик учак менен үстүнөн байкоо жүргүзүшөт. Үчүнчүсү - атайын жумушчу топтор көлдөрдүн өзүнө барып, изилдейт. Акыркы мезгилдерде температуранын жогорулашынан, глобалдык жылуулуктан улам бизде мөңгүлөрдүн тез эрип, аянты азайып жатканы байкалууда. Мисалы биздеги Голубин, Петров жана башка мөңгүлөрдүн аянттары кескин түрдө азайып кеткени кабарланган. Мөңгүнүн тез эриши - тоо көлдөрүнүн толуп-ташуусуна алып келет".
Адистин маалыматына караганда, 21-августта Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан тоо көлүнүн жырылышына мөңгүнүн көп эрип, көлдүн жер алдындагы агымдары көбөйүшү себеп болгон.
Натыйжада Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган.
Зындан көлү 2008-жылы да жырылып, сел пайда кылган. Аймакта инфраструктура жабыркаган.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда тоо көлү жырылып, суу ташкыны каптаган учурлар акыркы жыйырма жылда үч жолу катталган. 2017-жылы Ысык-Ата районундагы Челек-Төр тоо көлү жырылган. 2021-жылы Сокулуктагы Акбай тоо көлү жырылып, суу ташкыны пайда болгон.
2024-жылы Ала-Арча капчыгайындагы Адыгене көлүнө экинчи ирет байкоо жүргүзүлгөн соң, суу деңгээли жылдык нормага ылайык жана дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экендигин билдирген.