Коомдогу курч талкуудан кийин, шейшембиде калаа башчысы жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен кайрадан жолукту. Ош шаарында төрт университет жана бир нече кесиптик окуу жай бар. Аларда жалпы 110 миңден ашык студент билим алат.
Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев кызматка дайындалган күндөн тарта эле шаардын ар кайсы бөлүгүн жөө кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды алуу, жолдорду кеңейтүү боюнча тапшырма берип жүргөнү тартылган видеолор социалдык тармактарга жайнап чыгууда.
Шаардыктар "Студенттер шаарчасы" деп атаган аймактагы мэрдин кезектеги ушундай иш-чарасы бул жолу коомчулукту козгогондой болду. Ал шаардагы Исанов көчөсү кеңейтилиши керектигин, учурда жолдун эки тарабын студенттердин жана окутуучулардын автоунаалары ээлеп алганын мисал келтирип, ректорлорду "ыңгайлуу шарт түзбөй жатасыңар" деп айыптады.
“Кайсы жерде таштанды болсо - ОшМУ, кайсы жерде жол тыгыны болсо - ОшМУ. Чыгып кеткиле шаардан сыртка, мына, силерге жер берейин. Капа болбоңуз, муну мен өкмөттүн деңгээлинде көтөрөм. Кайсы жерде ОшМУ - баары бардак. Мен муну президентибизге айтам, ОшМУ иштебей жатат, саботаж деп айтам”, - деди шаар башчы Токторбаев 17-февралда.
Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров “Азаттыкка” пикирин билдирип, ошол окуядан кийин "окуу жайдын башкы корпусуна белгисиз зат коюлду" деген негиз менен күч органдарынын кызматкерлери келгенин айтып берди.
“Эми ал нерселерди мындай деле чакырып, чогулуш кылып түшүндүрсө болот эле. Ал окуя чуулуу болуп кетти. Анан эки сааттан кийин эле укук коргоо органдары келип, "бир нерсе бар экен" деп, баарыбыздын ачкычтарыбызды алып, текшерип кетти. Мэр менен жолугушкандан кийин эле бул иш болду. Студенттер ушундай бар окшойт деп кийим-кечесин таштап качып чыгышты, кооптуу болду. Текшерүүдөн кийин кандай болуп калды, ар бөлмөгө бир нерселер коюлдубу, аны биз билбейбиз”.
Мэрдин таштанды жана унаа токтотуучу жайлар боюнча айткандары, ректорлорду кескин сындаганы кечээтен бери соцтармактарда кызуу талкууга айланды.
Жолду кеңейтүү, ар бир студент үчүн 1000 сом
18-февралда Исанов көчөсүндө жайгашкан окуу жайлардын имараттарындагы тосмолорду жылдырып, жолду кеңейтүү боюнча кайрадан жыйын өттү. Окуу жайлардын тосмолору жолдон сегиз метр ичкери жылдырылып, Исанов көчөсү кеңейтиле турганы айтылды. Ош Технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев кечээки айтылган сындан кийин унаа токтотуучу жай маселеси чечиле турган болгонун айтты.
“Мэр айткандан кийин биз унаа токтотуучу жайларды даярдайбыз. Бизге көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу боюнча жакшы сунуш берилди. Ал жайлар жердин астына жана жердин үстүнө көп кабаттуу болот. Биздин каражатыбыз жетпесе да демөөрчү таап, алар менен иштегенге аракет кылабыз”, - деди Турсунбаев.
17-февралда шаар мэри окуу жайлар ар бир студент үчүн тазалык кызматынын акысына окууга төккөн келишимдик акчасынан 1000 сомдон төлөсүн деп айткан эле.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев шейшембидеги жыйында бул маселе да чечилгенин айтты:
“Биз азыр мэр менен сүйлөштүк. Мыйзам алкагында, мэриянын юристтери менен сүйлөшүп чече турган болдук. Бул убакка чейин деле таштандыга каражат төлөп келгенбиз. Эми “бул жерде иштеп жаткандан кийин төлөш керек” деген жерине келгенде эмне үчүн бир адам таштандыга эки жолу төлөшү керек деген суроо жаралып жатат да. Эми биз мэрияга барып, юристтер менен сүйлөшүп чечебиз”.
Калаа башчы Токторбаев шейшембиде ректорлордун дарегине айткан курч сөздөрүн өзү мындай деп чечмеледи:
“Жашоо ушундай, бирде өйдө, бирде ылдый боло берет. Эч маселе жок. Менин агайларга таарынычым жок".
Ошко өткөн айдын этегинде мэр болуп дайындалган Жеңишбек Токторбаев шаарды тынбай кыдырып, калаадагы кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды алып салуу тапшырмасын берүүдө.
Ал кызматка дайындалгандан кийин “Азаттыкка” сүйлөгөндө Ош шаарын үч айда иретке келтирүүгө убада берген эле.
Шерине